Версия для печати
Среда, 08 Май 2019 03:51

КЫРГЫЗСТАН «БИР АЛКАК-БИР ЖОЛДО»

Өлкөдө азыр көшөгө артындагы көнүмүш саясий оюндар айрымдар үчүн арышын абдан  керип жаткандай аӊдалганына карабастан, социалдык-экономикалык маселелер да күн тартибинде биринчи талдап-талкууланууга тийиш болуп жаткан категориялардын катарына көшөрө кирип баратканын жашырууга мүмкүн эмес. Ал эми  ааламдашуунун азыркы абалына жараша алганда,  боорун саз менен  сыздан жаӊы эле көтөрүп келаткан Кыргызстан сыяктуу мамлекет  социалдык-экономикалык  жактан өнүгүп-өсүү дегендин өзү, анын ар бир ариби эӊ алды менен инвестициялык климатка түздөн-түз көз каранды экендиги маалым. Бул климатты мүмкүн болушунча жакшыртуу аракетинде жүргөн кыргыз президенти үчүн акыркы эки ай жемиштүү болуп бергенин баса белгилөөгө мүмкүн.

БААРЫНА БАШЧЫ-НАН!

Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеӊештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда акыркы мезгилде түзүлүп калган жалпы абалга так кесе мүнөздөмөнү мынтип бергенин эске салууга туура келет: «Дүйнө экономикасынын жүзүн аныктаган технологиялар мезгил-мезгили менен өзгөрүп жатат. 1980-жылдын башына чейин булардын катарына атомдук энергетика, квант электроникасы, лазердик технологиялар, электрондук эсептөө машиналары, спутник байланышы кирди. 80-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү базалык технологиялар микроэлектроника, персоналдык компьютер жана оптика-волокондук байланыш болду. Бул технологияларды иштеп чыккан гана эмес, жакшы, тереӊ өздөштүргөн өлкөлөр да абдан байыды. Тилекке каршы, бул технологияларды иштеп чыгууга катыша алган жокпуз. Мындай технологиялык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз… саясат менен алек болдук. Бул жетишкендиктер бизди жандап өтүп кетти . Эми ошол пайдаланылбай калган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруу- кийинки муундардын алдындагы милдетибиз.

 Дүйнөнү мындан ары өзгөртө турган глобалдуу технологиялардын активдүү ишке кириши 2020-жылдан кийинки мезгилге туш келээри болжолдонууда. Алардын катарына маалымат технологиясы, жаӊы экология, био жана нанотехнологиялар, композитүү материалдар кирет. Биз бул технологияларды өзүбүз иштеп чыкпасак да. болушунча тереӊ өздөштүрүүбүз зарыл».

Сооронбай Жээнбековдун жогорудагы:  «Мындай технологиялык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз саясат менен алек болдук» деген сөзүн « технологиялык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз …мамлекеттик төӊкөрүштөрдү жасоо менен алек болдук» маанисинде эле окуу адилеттүүрөөк болсо керек. Андай алаӊгазарлык адаттан алигиче арыла албай келе жатканыбыз эки эсе өкүнүчтүү экендиги да талашсыз. Башканы билбедим, бирок революциядан курсагы тойгондордун арасында кыргыздын аты-жыты жоктугунан күкүмдөй да  күмөн саноого болбой турганын жалпы коомчулук сезип турат. «Эки төӊкөрүш жасадык!» деп элөөрүгөндүк азыркы тапта энөөлүк жана түркөйлүктөн башка эч нерсени түшүндүрбөй турган абалга жеткени жалганбы? А дейбиз, бу дейбиз барып-келип эле орустун «Хлеб всему голова» (Баарына башчы-нан)) деген макалына тереӊирээк маани бергенден өтөөрү жок.

ГЛОБАЛДЫК ЭКОНОМИКАНЫН ЭКИ ЗОНАСЫ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН

Ааламдашуунун  акыркы кездердеги акыбети азыр дүйнөлүк экономикалык активдүүлүктүн борборунун орун которуусуна алып келүүдө. Андай активдүүлүк Азия континентинде күчтүүрөөк жүрүп, биринчи кезекте бул Кытай жана Индиянын экономикалык өнүгүүсү менен шартталып жатканы маалым.Президент С.Жээнбеков туура баамдап жаткандай,  азыр  ааламдашуу акыбетинин дал ушундай кырдаалынан пайдаланып калуунун кечиктирилгис милдеттери алдыбызда турат.

 "Өнүгүү үчүн бизге уникалдуу шарт жаралды"-дейт  президент.  Бир жагынан Кытай менен коӊшу мамлекетпиз, экинчи жагынан ЕврАзЭСке мүчсө өлкөбүз. Ушул эки глобалдуу экономикалык зоналардын ортосуна көпүрө болуу шансы көпчүлүк өлкөлөрдө жок. Биз бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербей, ийкемдүү колдонуп калууга милдеттүүбүз».

 Кудай өзү кош колдоп сунуп турган мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланбай калуу келечек муундардын алдында чоӊ айыпка жыгаарында шек жок. Бул процессте «кытай кызыкчылыгы, кыргыз кызыкчылыгы», улут кызыкчылыгы» деген сыяктуу «чылыктар» обьективдүү өӊүттөн каралып-багылууга тийиш.

Өткөн жылдагыдай антикытайлык акцияларды уюштуруу  эӊ биринчи кезекте Кытайга эмес, Кыргызстанга чоӊ зыян алып келээрин эстен чыгарбоо эп. Албетте, антикытайлык бул акциялардын өтүшүнө өлкөнүн экс-президенти баш болгон бир катар саясий лидерлер белгилүү бир салым кошкону маалым. Бирок, ошондой саясатчылардын  маӊызсыз урааны алдында  чогулгандар да биртке ой жүгүртүшсө болмок.Кыргыздын санын көбөйтүү үчүн кытайлыктардын, мейли Кыргызстанда болсо да, санын азайтуу керек деген пикир түркөйлүктүн түбүнө жете түшүп кеткен адамдын гана акылына келбесе, башкасына келбейт болуш керек. Ал эми кызыкчылыктар ар бир улутка мыйзам ченемдүү түрдө таандык категория. Кызыкчылыктардын алды-кийинки акыбеттери азыркынын реалдуулуктарынын алкагынан каралууга тийиш. Кээде  бир акындын «Алайын десем, акча жок, албайын десем, башка жок!» деген куйкум саптарындагыдай абалга түшүп калууга да мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо зарыл.

Апрелдин акыркы аптасында президент Сооронбай Жээнбеков  Кытайга иш сапары менен барып келди. Иш сапардын жүрүшүндө президент Кытайда «Бир алкак - бир жол» деген аталышта өткөн  эл аралык кызматташтыктын экинчи форумуна катышты. «Бир алкак-бир жол» планы эски Жибек  жолун калыбына келтирүүгө багытталган  кытайлык долбоор болуп саналат. Дээрлик 1 триллион долларга бааланган бул долбоор Кытайды Европа, Африка жана Азиянын башка өлкөлөрү менен туташтырган темир жол, автоунаа деӊиз жолдлорун курууну, энергетикалык инфраструктура түзүүнү максат кылат. Форумга Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Беларус, Азербайжан жана башка ондогон мамлекеттердин президенттери, Пакистан, Италиянын премьер-министрлери барышты. Германия менен Франция да министрлерин жиберишти. АКШ өз өкүлдөрүн жөнөткөн жок.Себеби, АКШ жана Евробиримдиктин курамындагы бир катар мамлекеттер жогорудагы долбоор аркылуу «өнүгүп келаткан мамлекеттерди карызга батырууда» деп Кытайды сындап келишүүдө.Бул маселеде кайсыл тараптын жүйөөлөрү орундуураак экендигин бир жактуу айтууга мүмкүн эмес. Бирок, Кытайга ушул тапта тышкы рынок аба менен суудай зарыл болуп жатканы жалпы коомчкулукка жакшы эле түшүнүктүү. Ал эми баалуу кагаздар жана башка рыноктордун алкагында Кытайга карата карызга АКШ өзү деле белчесинен батып баратканы маалым.

Долбоорго карата айтылып жаткан андай сынга Кытай президенти карыз тобокелчилигинин алдын алуучу чараларды көрөбүз деген убада менен жооп кайтарды. Эске сала кетсек, 2013-жылдан бери Кытай чет өлкөлүк долбоорлорго 90 миллиард доллар инвестиция салган. Кытайлык банктар берген насыя 200 миллиард долларга жетти.

РОССИЯДАН 6 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР, ГЕРМАНИЯДАН 1 МИЛЛИАРД ЕВРО, КЫТАЙДАН КАНЧА?

Кытайдын карызынан кыргыздын жүрөгү түшүп, үшү сууп, аргасы кетип турган ушул тапта кандайдыр бир жаӊы долбоорлор жагдайында жакшыраак кеп-сөз жүгүртүү орунсуздай көрүнгөнү менен, баары бир инвестицияга карата  зарылдыктан эч кайда качып кутула албайсыӊ. Инвестицияга такыр эле муктаж эмес өлкөнү табуу кыйын. Ошол эле учурда  башка өлкөлөрдүн экономикасына инвестиция салганга зарылдыгы бар  мамлекеттер да  бар экендиги талашсыз. Мисалы, Кытай Кыргызстанга эле эмес,  каалаган өлкөлөрдүн ар бирине ири өлчөмдө инвестиция салганга даяр турат. Мындай зарылдыкты анын экономикалык өнүгүү ыргагы шарттап турганы белгилүү. Маселенин баары айланып келип эле алганга же бергенге эмес, ал инвестицияны натыйжалуу, кайтарымдуу пайдалана билүүгө барып такала берээри айтпаса да түшүнүктүү. Алганга алтоо аз, бергенге бешөө көп деген накыл кеп ушундай учурлар үчүн айтылат болуш керек.

Кандай айткан күндө да, Кытайдан буга чейинки алынган карызды төлөө процесси баары бир Кытайдан жаӊы насыя алуулар менен кошо жүргүзүлөөрү белгилүү болуп турат. Кыргыз-Кытай кызматташтыгында мындан ары кандай жаӊы долбоорлор иштелип чыгышы мүмкүн жана андай долбоорлор канча өлчөмдөгү инвестицияны талап кылат, Жээнбековдун Кытайга жасаган иш сапарынын алкагындагы ар кандай жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде ушул маселе башкы деп саналганын баса белгилеп кетүүгө тийишпиз . Кыргыз-кытай кызматташтыгынынын сөз жок жаӊы тилкесиндеги долбоорлордун болжолдуу суммасы Кытайдын президенти Си  Цзинпиндин Кыргызстанга жасай турган иш сапарынан кийин толугу менен белгилүү болот.

Абдираим МАМЫТОВ

 

Окулду 170 жолу