Версия для печати
Среда, 08 Май 2019 03:54

Оштун ардактуу жети ардагери

Быйыл Улуу Ата-Мекендик согушка 74 жыл... Ошол апааттын, тарыхтын тирүү каармандары  жыл өткөн сайын азайып бара жатат. Ош шаарында согуштун 7 гана ардагери калды.

8 жылда 2 согушту башынан өткөргөн Касымбай Жолдошов

Касымбай ата 1925-жылы Ноокат районунун Шаӊкол айылында  туулган. 1943-жылы 8-августта Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып, Ырааккы Чыгышка чек арадан 12 миӊ километр алыс жерге согушка даярданууга барган. Сахалин, Куриль аралын душмандардан бошотконго катышкан. 1945-жылы  8-августта согуш аяктагандан аз өтпөй Кытайга, Японияга каршы согушка аттанган. Андан соӊ, Ырааккы Чыгышта кызмат өтөп, 8 жылдан соӊ  өз мекенине кайтып келген. Колхоздо 41 жыл мыкты кызмат көрсөтүп, ардактуу эс алууга чыккан. Байбичеси экөө 1 уул 1 кызды татыктуу тарбиялап чоӊойтушкан. Азыркы кезде 20 небере 50 чебере 2 кыбыранын сүйүктүү чоӊ ата, таятасы болуп олтурган чагы.

Украинаны душмандан коргогон Гусаков

Александр Гусаков 1927-жылы 22-октябрда Казакстан Республикасынын Усть-Каменогорск шаарында туулган. 1944-жылы Кызыл Армиянын катарында Чирчик шаарында  запастагы  артиллериялык полкто кызмат өтөгөн. 1945-жылы  апрель айында Украинадагы фронтко чакырылган. Ал жерде Украинаны жана башка шаарларды душмандардан коргоп турган. Согуштан кайтып. Воркута шаарында көп жыл  шахтада иштеген. Кийин жылдар өтүп Ош шаарына көчүп келип Папан суу сактагычында ишке орношкон.

Согуштун очогунда салгылашкан ардагер

Жапар Хакимов 1923-жылы Ош шаарында туулган. 1942-жылдын май айында 19 жашында аскердик кызматты өтөөгө чакырылып, Өзбекстан Республикасынын Термез шаарында  алты ай полк мектебинде окуган. Андан соӊ Украинанын Полтава, Харьков, Киев шаарларын душмандардан коргоого катышып, Румыния, Венгрия, Югославиядагы душмандар менен катуу уруштун очогунда болгон. 1945-жылы Болгария чек арасына фашисттер менен атышуу учурунда оӊ бутуна ок тийген. Эрдиги үчүн 1-даражадагы орден менен сыйланып, кичи мекени болгон Ош шаарына кайтып келет. Андан аркы жашоосун автобазада айдоочу болуп иштөө менен өткөргөн. 30 жылдан ашуун эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан. 96 жаштагы ардагер 3 уул, 5 кыздын, 25 небере, 51 чеберенин сыймыктуу баатыр атасы, инсульттан улам тилден калган.

Аткычтар полкунун активисти Жолдошбай Адаев

Жолдошбай ата 1924-жылы 21-майда Ош шаарына караштуу Төлөйкөн  айылында туулган. 7-классты бүткөн соӊ Лейлектеги мектептердин биринде башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. 1942-жылы  10-январда 18 жашында согушка чакырылып, Москва шаарына барган. 79-аткычтар полкунда үч ай согушка даярдоо курсунан өткөн соӊ Сталинградды, Украинаны, Калуга, Конотоп, Бахмач, Киев шаарларын душмандардан бошотууга активдүү катышкан. Эстонияда, Латвияда кармалган туткундарды Балтика деӊизинин жээгинен Ленинградга коштоп барып тапшырып турушкан. 1944-жылы согуш талаасынан кайрадан  Москва шаарына келип аскердик кызматын өтөгөн. 1945-жыл 9-майда кызыл аянтта белгиленген алгачкы жеӊиш майрамын майрамдоого катышкан. Москвада кызмат өтөп  жүрүп, 1947-жылы өз мекенине кайткан. 32 жыл мугалимдик кесибинде эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Байбичеси экөө 4 кызды татыктуу тарбиялап, өстүргөн. Азыркы кезде 25 небере, 47 чебере, 7 кыбырасы бар.

Баатыр гана эмес, бактылуу ата Самибай Артыков

1921-жылы 1-январда  Кара-Кулжа  районуна караштуу  Кызыл-Жар айылында туулган. Согуш талаасына 1942-жылы май айларында аттанган. Казакстандын Алматы шаарында 6 ай даярдоодон өтүп, Орусиянын  Калининград аймагына барышкан. Ал жакта 339-аткычтар полкунда аткыч пулеметчу болгон. Ленинграддын аймагында немистердин курчоосунда 17 күн ачка калган, Сталинград шаарын фашисттерден бошоткон эр жүрөк жоокерлердин катарын толуктаган. 1944-жылы согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйланып өз мекенине кайтып келген. Кичи мекени Кызыл-Жар айылында ферма башчысы болуп иштеп, 16 уул, кызды тарбиялап, чоӊойткон. 98 жаштагы Самибай ата азыр кыргыздын баатыры гана эмес, 80 небере, 130 чебере, 5 кыбыранын төрүнүн көркү, бактылуу чоӊ атасы.

Жарадар жоокерлерге кам көргөн Анна Тягунова

Анна Тягунова 1923-жылы 12-июлда Краснодар  крайында туулган. 1941-жылы  Польшадагы аскердик  госпиталда санитарка жана кастелянша болуп иштеген. 1945-жылы өзү туулуп өскөн жерине кайтып келип, турмушка чыгып, эки уулду болот. Анна Тягунова 27 жыл Сахалин шаарында жолдошу менен жашаган. Күйөөсү каза болгондон кийин 1977-жылы Ош шаарына көчүп келип отурукташып калган. Чоӊ уулу кайтыш болгон, ал эми кенжеси Володя үй-бүлөсү менен Краснодарда жашайт.

Согуш талаасы менен пахта талаасынын жоокери

Салахидин Тохтабаев 1925-жылы 10-июнда Ош шаарында туулган. 1942-жылы күз мезгилинде согушка чакырылып, Казань шаарынын айылдарынын биринде даярдоодон өткөн. Каспий деӊизинде душмандар менен салгылашып, 2-Белорусия фронтунда кызмат өтөгөн. 1944-жылы  Берлинге  жакын Потсдам шаарында  душмандар менен салгылашуу учурунда бутуна ок тийип, жарадар болгон. Госпиталда 5 ай дарыланып чыккан соӊ өз мекенине кайтып келген. 1950-жылдан 67-жылга чейин пахта кабыл алчу пунктунда  эмгектенген. 7 уул-кыздын кадырлуу атасы жана 25 небере, 50 чебере, 4 кыбыранын сүйүктүү чоӊ ата, таятасы.

 

Батма Суранова

 

Окулду 592 жолу