Версия для печати
Среда, 08 Май 2019 03:59

Эшенкул Боромбаев, Тамара Абдыкадырова: "Yй-бүлөнүн туруктуулугу-ишеним менен сабырдуулук"

Адатта мырзалар жубайлары менен чогуу иштегенди эп көрүшпөйт. Биздин бүгүнкү каармандарыбыз чогуу түтүн булатууга чейин жогорку окуу жайында да чогуу окушкан. Бүгүнкү «Жубайлар» рубрикасынын каармандары Ош облустук Н.Шамырзаев атындагы куурчак театрынын актерлору Эшенкул Боромбаев менен жубайы Тамара Абдыкадырова болмокчу. Турмуш деген мектеп бириктирген жубайлар жашоо тууралуу кызыктуу маек куруп беришти.

Эшенкул Боромбаев Надырбек Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын көркөм жетекчиси, КРнын эмгек сиӊирген артисти:

«Кыргызстанда жашап, бирок тагдыр бизди Өзбекстанда табыштырды»

- 1970-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Рахманжан айылында карапайым үй- бүлөдө жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем колхоздо иштечү. Он бир туугандын улуусумун. Мектепте кандай иш-чара болбосун мен сөзсүз катышчумун. Мектепти аяктаган соӊ борбордогу филармониянын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып, өтпөй калдым. Анан кайра Ошко кайттым, ошол 1987-жылдары азыркы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония жаӊыдан түптөлүп аткан кез болчу. Азыр чиркөө болуп калган жер илгери филармония эле. Ошол жерге жөнөкөй жумушчу болуп ишке орноштум. 6 ай иштеген соӊ Ташкенттеги Островский атындагы театр жана көркөм окуу институтуна тапшырдым. Жубайым Тамара экөөбүз ошол жерден таанышып, табышып баш кошконбуз. Кыргызстанда жашап, бирок тагдыр бизди Өзбекстанда табыштырды.

«Тамара экөөбүз бир группада чогуу окудук»

- Тамара экөөбүз театр жана куурчак группасында чогуу окуп, студенттик кездерди бирге өткөрдүк. Алгач эле сүйүү сезими ойгонду дебейм. Биринчи барган кезде экөөбүз теӊ жашоо-турмуш эмне экенин билбеген бала элек. Эки жыл окуган соӊ бир аз улуттар аралык коогалаӊ чыгып, борбордогу Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайдын драма жана кино актеру факультетине которулганбыз. Бообек Ибраев деген режиссер агайыбыз бар эле, Гүлсүн Мамашева эжебиздин жолдошу. Ошол агай «Өзүӊөрдүн чөйрөӊөрдөн турмуш күтсөӊөр бири-бириӊерди жакшы түшүнүп, жөлөп-таяп жакшы иштеп кетесиӊер» деп көп акыл-насаатын айтчу.  Ошол агайыбыздын сөздөрү да бизге таасир берди окшойт. Окуу жылы бүтөр алдында бирге окуган группалаштарыбыз Бакыт Назарбаев менен Назира Ишенбаева баш кошту. Алардан кийин Тамара экөөбүз баш коштук. Окууну бүтөрдө алар уулдуу болушту. Алардан кийин биз кыздуу болдук. Төртөөбүз азыр да бир жерде иштеп, чыгармачылыктын, турмуштун кемесинде чогуу сүзүп келе жатабыз.

Кесибибиз тууралуу…

- Бизде куурчак театрында тилге, анан үнгө көбүрөөк басым коюлат. Ар бир актер өзүнүн кесибин сүйгөн инсан. Сахна кеби деп коет. Өзүм да студенттерге бул багытта сабак берем. Сөздү туура, так сүйлөө боюнча тил көнүгүүлөрүн жасап турабыз. Өзүбүз куурчак театрында иштеген үчүн котормо студиясында киного караганда мультфильмге үн коштогон жеӊилирээк. Спектакль коюлардан мурун үндөр бөлүнөт, кимдин үнү кайсы жаныбарга жакшы түшөт. Мисалы, Тамара 2-3 үндү өзгөртүп ойной алат. А мен өзүм деле 3-4 үндү коштой алам, чеги жок үн коштоо кыйын. Котормо студиясында өзүм 4 үн коштоп жүрдүм. Тамара «Күлчү кыз» (Золушка) мультфильминде 7 үн коштоду. Кийин сырттан көрдүк, байкалбайт экен. Тамара улактын, козу, чөндөлөйлөрдү сүйлөтчү. Көбүрөөк кичине балдарга ылайык ролдорду ойнойт. А мен биринчи куурчак кармаганда жараткан ролум короз, кочкордун, кашкулактын образдарын аткарып жүрдүм. Акыркы учурда улгайган кишинин, карышкырдын ролун аткарып жүрөм. Балким жаш өткөн сайын убакыт ушул нерсени талап кылып калат окшойт.

«Бирибиздин ачуубуз келип жатса, экинчибиз өзүбүздү басып турабыз»

- Сүйлөшүп жүрүү, той кылуу эми бул боло турган нерсе. Андан ары узак, бирге жашап кетүү бул башка нерсе. Сабырдуулук деген жакшы сапат бар. Жумушта тартышуу башка, ал эми үйдөгү тартышуу дагы башка. Yйдө болгон учурда Тамара айткандай кимдин ачуусу келип жатса экинчибиз өзүбүздү басып турабыз. Сабыр кылып турсак, бир аз убакыт өткөн соӊ баары ордуна түшөт. Жаштарга да түшүнүү, сабырдуулук каалайм. Ушул сапаттар болсо жашоо да жакшы уланат деп эсептейм.

Тамара Абдыкадырова, облустук куурчак театрынын артисти, маданияттын мыкты кызматкери:

Турмуш, тагдыр, насип…

- 1971-жылы Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында жарык дүйнөгө келгем. Yй- бүлөдө алты бир туугандын кенжесимин. Турмуш, тагдыр, насип деп коет го. Жолдошум экөөбүз чогуу түтүн булатып келе жатканыбызга 28 жылдын жүзү болду, улуу кызыбыз 27 жашка чыкты. Эки кыз, бир уулдун ата-энеси, эки небереге таята, таене болдук. Yй-бүлөдө бизди тартып искусство тармагын экинчи кызыбыз Айтурган тандады. Кесиби боюнча сүрөтчү. Учурда билимин өркүндөтүп, борбордо окуп жүрөт.

«Эртеден кечке бири-бирибизди издеп эле күнүбүз өтөт»

- Эшенкул агаӊар экөөбүз Ташкентте, Бишкекте чогуу окудук, андан кийин баш коштук. Ош облустук куурчак театры азыр Надырбек Шамырзаев атындагы куурчак театры деп аталат. Ал жерде чогуу иштеп келе жатабыз. Андан сырткары, ЭлТР коомдук телеканалынын котормо студиясында да чогуу үн коштойбуз. Адам бир нерсеге бат көнөт эмеспи. Биз деле ошол бири-бирибизге көнүп бүткөнбүз. Эртеден кечке бири-бирибизди издеп эле күнүбүз өтөт экен (күлүп). Каяктасыӊ, түштөндүӊбү, эмне кылып атасыӊ, айтор ушул сыяктуу сөздөр.

«Арканды деле тарта берсе чоюлуп, сапатын жоготуп, бир күнү үзүлөт»

- Yйгө келгенде деле жумушту талкуу кылабыз. Куурчак театрында бул киши көркөм жетекчи. Мен негизи шайыр адаммын. Бирок бул көркөм жетекчи болгону өзүмдү тартып калдым десем болот. Анан бул кишинин ачуусу да чукул. Yйгө келгенде бая бул жерде кыйкырып койдуӊ, тиги нерсени туура эмес кылып койдуӊ деп мүмкүн болушунча кеӊеш бергенге эле аракет кылам. «Кресло» убактылуу, көп катуу айтып, бирөөнүн көӊүлүн оорутпа деп турам. Анан жумушта мен туура жасасам да сен мынтип атасыӊ деп иште тартыша берсем  Эшендин аброю түшөт, бул киши мага керек, менден сырткары элге керек. Мындай нерсени үйгө келгенде жай отуруп, тар чөйрөдө талкуулайбыз.  Анан экөөбүз теӊ бакырып, кыйкыра берсек турмуш болбой калат. Арканды деле тарта берсе чоюлуп, сапатын жоготуп, бир күнү үзүлөт.

«Ишеним бар жерде талаш-тартыш да аз жаралат»

- Казан-аяк ар бир үй-бүлөдө кагышат, ансыз турмуш болбойт. Адам болгон соӊ карама-каршы пикирлер жаралат. Жашоодо негизги нерсе түшүнүү. Бири-бирин түшүнүү деген болбосо карама-каршылык көп орун алат. Биз да талашып-тартышып калсак бирибиздин ачуубуз келип жатса, экинчибиз унчукпайбыз. Менин ачуум келсе агаӊар деле унчукпай басып кетет. Тилдин сөөгү жок. Экөөбүз теӊ сүйлөй берсек балким жашообуз ушул кезге чейин уланбаса керек деп ойлойм. Эӊ жаман нерсе үй- бүлөдө бири-бирине болгон ишенимдин жоктугу. Ишеним бар жерде талаш-тартыш да аз жаралат. Ал нерсе балдарга терс таасирин тийгизет, үйдөгү аураны бузат.

-  Сахна, театр бул адамды тартып турган желим сыяктуу. Бул тармакка бир бутуӊ менен батып алдыӊбы чыгышыӊ кыйын. Инфляция кездерде биз да көп нерсени баштан кечирдик. Гастролдоп жүрүп, айран менен кара нанды жеп да күн өткөрдүк. Биз театрга байланганыбызды түшүнгөнбүз.

Элира Чынтемир кызы

Сүрөттөр каармандардын өздүк архивинен алынды.

Окулду 410 жолу