Версия для печати
Среда, 08 Май 2019 04:03

Орозоӊуз кабыл болсун!

Орозо кармоо менен тамактанууну гана тыям деген жаӊылышат. Орозо бул - тилди, көздү, оозду тыюу менен напсини тарбиялоого үйрөтөт. Ыйык рамазан айынын эрежелери туурасында Ош облустук мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев айтып берет.

Рамазан айынын сообу көп

- Элибизди кирип келген рамазан айы менен куттуктаймын. Бул ай Куран түшкөн ыйык ай, бул айда ыктыярдуу нафил ибаадат кылган адам бир фарз ибадатты аткарды деп аталат. Рамазан айында бир фарз ибадатты аткарган адам жөн күндө 70 жолу аткарды деп жазылат. Намаз менен эсептей турган болсок рамазанда окулган багымдат намазынын эки рекет фарзына айлап нафил намаз окуса да эсеби жетпейт. Бирок сообун таба берет.

"Тилдин, кулактын, көздүн жана жүрөктүн да орозосун кармоо керек"

- Рамазан айы биздин азыркы тилде айтканда адеп-ахлакка, Кудайга жакындыкка, кайраттуу-эрктүүлүккө, чыдамкайлыкка, напсини тыюуга, такыбачылыкка тарбиялай турган бир айлык курс. Орозодо анын шарттарын туура кармап, маӊдайында адал турган тамакты жебей койгон адам арамдан баш тартууга кудурети жөн эле жетет деп айтылат. Аны менен катар ичкенден, жегенден тыйылып эле башка нерседен тыйылбаса ал орозо кабыл болбойт. Мисалы, тилдин орозосу (ушак айтпоо, бирөөнү жамандабоо, жалган айтпоо), көздүн орозосу (жаман нерселерди карабоо), кулактын орозосу (жаман сөздөрдү, ушакты угуудан качуу), жүрөктүн орозосу (кечиримдүү болуу, бирөөгө акаарат жасабоо, жаман ойлордон арылуу, көӊүлдү тазартуу ж.б), дененин орозосу (таза жүрүү ж.б). Буларды бирден чечмелеп отуруштун кереги жок, баары түшүнүктүү. Эгер сизге бирөө асылса, жакаласа жөн гана «Мен орозо элем» деп жооп берип коюу керек. Адамда напсини, эмоцияны, тамакты, каалоону тыюу өтө татаал нерсе. Орозодо ар бир пенде күчүн топтоп, булардын баарына тыюу салат. Ошол себептен таза, ыйык ай болуп эсептелет.

Садака-битирдин акчалай өлчөмү

- Бул ай адамды берешендикке үйрөтөт. Орозо кармап бир күн кечке ачка жүрүп ачкачылыктын кадырын билебиз. «Мен бир күн ачка жүрөм, а тиги үй-бүлө балдары менен дайым ачка отурат» деп жетим-жесирге, колунда жок бей-бечараларга садака берүүгө үйрөнөбүз. Ар бир адам колунан келишинче колубузду ачык кылышыбыз керек. Орозодо тапкан байлыгынан(зекет), дыйканчылыгынан(үшүр), жанынан (битир) чыгарат. Садака-битирди берүү ар бир колунда бар адамга важиб.Анткени пайгамбарыбыз алейхис салам «Садака-битирди чоӊу-кичинесине, аял-эркегинекарабайарбиржангаберүү керек»-деп бекиткенин азирети умарайткан. Садака-битир жан башына 1 кг. 600 грамм буудай, ун, мейиз жана 3 кг. 200 грамм арпа, куурма же алардын акчалай наркы берилет. Кыргыз Муфтияты бардык аймактагы базар бааларын аныктап, орточо эсеп менен орозо битирдин баасын эсептеп чыгышты. 

Сооп көп алам деген адам баасы жогоркусун тандап алат. Мен мурда мейиздин баасын тандап алчумун, быйыл курманын баасында садака-фитир берүүнү туура көрүп жатам.

Куран кадыр түн күнү түшкөн. Ал түндөгү таӊ аткыча Кудайга болгон сыйынуу миӊ айлык ибадатка тете. Быйылкы кадыр түн 31-майдан 1-июнга караган түнү болот.

Бейтаптар бир күндүк тамактын акысын беришет

- Айыгып кетүүгө үмүтү жок бейтаптар, бат-баттан суусата берген кант диабети менен ооругандар, бат-баттан тамактанбайынча тура албаган карылар, кош бойлуу, этек кири келип жаткан кечирүүгө боло турган аялдар орозодон четтетилет. Бирок алар фидия (адамдын бир күндүк курсагын тойгозо турган акчанын суммасы) беришет. Эгер орозо тутууга кудурети жеткен бейтаптар болсо анда милдетин аткаруусу керек. Орозо кармап ачкалыктан ден соолугунун начарлап жатканын сезген адам болсо ошол замат ачып алууга болот. Кандайдыр бир себеп менен оозу ачык жүргөн адам орозону урматтап орозо туткан адамдын астында тамак жебеши керек.

Ооз ачуу (ифтар) дуасы

“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва аьла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту”. (Аллахым, өзүӊ  үчүн орозо кармадым, өзүӊө чындап ишендим, өзүӊө таяндым, өзүӊ берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир)

Ооз жапканда айтылуучу дуалар:

“Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”. (Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таӊ аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллоху акбар)

Орозо календары – 2019

Ош шаарынын убактысы боюнча

Рамазан күндөрү

Май-июнь айлары

Күнү

Ооз бекитүү убактысы

Ооз ачуу убактысы

1

6-май

Дүйшөмбү

4:13

20:14

2

7-май

Шейшемби

4:11

20:15

3

8-май

Шаршемби

4:10

20:16

4

9-май

Бейшемби

4:08

20:17

5

10-май

Жума

4:06

20:18

6

11-май

Ишемби

4:05

20:19

7

12-май

Жекшемби

4:03

20:20

8

13-май

Дүйшөмбү

4:02

20:21

9

14-май

Шейшемби

4:00

20:22

10

15-май

Шаршемби

3:59

20:23

11

16-май

Бейшемби

3:57

20:24

12

17-май

Жума

3:56

20:25

13

18-май

Ишемби

3:54

20:26

14

19-май

Жекшемби

3:53

20:27

15

20-май

Дүйшөмбү

3:52

20:28

16

21-май

Шейшемби

3:50

20:29

17

22-май

Шаршемби

3:49

20:30

18

23-май

Бейшемби

3:48

20:31

19

24-май

Жума

3:47

20:31

20

25-май

Ишемби

3:46

20:32

21

26-май

Жекшемби

3:44

20:33

22

27-май

Дүйшөмбү

3:43

20:34

23

28-май

Шейшемби

3:42

20:35

24

29-май

Шаршемби

3:41

20:36

25

30-май

Бейшемби

3:40

20:36

26

31-май

Жума

3:40

20:37

27

1-июнь

Ишемби

3:39

20:38

28

2-июнь

Жекшемби

3:38

20:38

29

3-июнь

Дүйшөмбү

3:37

20:39

30

4-июнь

Шейшемби

3:36

20:40

 

5-июнь

Шаршемби

3:36

20:41

 

 

 Уулбү Каныбекова

 

Окулду 242 жолу