Версия для печати
Среда, 08 Май 2019 04:04

ОшМЮИ: Түштүктөгү юристтерди даярдоочу жалгыз окуу жай

Жогорку окуу жайлар – орто билимдин жана атайын орто билимдин негизинде тереӊ пайдубалдуу билимге ээ жогорку квалификациялуу атайын адистерди даярдоочу окуу-тарбия мекемелери. Кырызстандагы жогорку окуу жайлардын саны 60дан ашык. Ал эми түштүктөгү жалгыз атайын адистештирилген юридикалык окуу жай бар. Ал Ош мамлекеттик юридикалык институт. Жылына 500гө жакын юристтерди тарбиялап чыгарган институттун түзүлгөнүнө аз эле убакыт болгон. Өзүн-өзү каржылаган институт контракттык негизде гана билим берет.

ОшМЮИ жөнүндө маалымат

ОшМЮИ өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз   адистешкен юридикалык жогорку окуу жайы. Ал юриспруденция, соттук экспертиза жана укук таануу адистиктери боюнча күндүзгү, сырттан жана дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формаларынын негизинде адистерди даярдайт. Бүтүрүүчүлөргө юриспруденция багыты боюнча мамлекеттик үлгүдөгү бакалавр  даражасындагы диплом   берилет. Бул диплом   менен бүтүрүүчүлөр сот, укук коргоо органдарында (ички иштер министрлигинде, мамлекеттик улуттук  коопсуздук комитетинде, прокуратура, финансылык полиция кызматында, нотариат, адвокатура) ж.б. мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик эмес уюмдарда иштей алышат. Юридикалык колледждин бүтүрүүчүлөрүнө укук таануу адистиги боюнча диплом берилет. Алар андан ары адистештирилген факультеттердин биринде окууну 2-курстан улантууга же юридикалык мекемелерде иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Абитуриенттер ОшМЮИге жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен конкурстук негизде 1-курска кабыл алынат. Юридикалык колледжге институтта уюштурулган  экзамендердин жыйынтыгы менен кабыл алынат.

ОшМЮИнин факультеттери

• Сот-прокуратура;

• Адвокатура жана юстиция;

• Тергөө-криминалистика;

• Башкаруу жана укук;

• Укук жана ишкердүүлүк;

• Сырттан юридикалык окуу;

• Юридикалык колледж;

• Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу.

Профессордук-окутуучулук жамааты

Окуу жайда 200гө жакын профессордук - окутуучулук жамаат эмгектенет. Алардын ичинде 44 илимдин кандидаттары, үч илимдин докторлору бар. Мындан сырткары эл агартуунун мыктылары, сот жана укук коргоо органдарында иштеген бай тажрыйбага ээ болгон адистер билим берет.

Материалдык-техникалык  базасы

ОшМЮИнин мезгил талабына жооп берген үч окуу имараты бар. Заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган окуу аудиториялары, лабораториялары, компьютердик класстар, криминалистика полигону жана спорттук залы институттун өзгөчөлүгүнө дал келет.

ОшМЮИде жети компьютердик класс-лабораторияда студенттер токтом маалымат-укуктук системасы менен интернет жана Wi-Fi байланышын акысыз колдонушат.

ОшМЮИ алыскы райондордон келген  студенттерди бардык  шарттарга жооп берген  жатакана менен камсыз кылат.    Заманбап үлгүдөгү сот отурумдар залында сот процесстери өткөрүлүп  турат. ОшМЮИнин жетиштүү китеп фонду түзүлүп, үч китепкана окуу залдары менен электрондук китепкана өз ишин жүргүзүүдө.

Студенттик жашоо

ОшМЮИде ар түрдүү маданий коомдук жана тарбиялык иш-чаралар тынымсыз өткөрүлөт. Ошондой эле ден соолукту чыӊдоо максатында спорттун бир топ түрлөрү боюнча машыгуу  залдары,  студенттердин ар  тараптуу калыптануусу үчүн атайын түзүлгөн борборлор, дискуссиялык клубдар иш алып барат. Азыркы учурда институтта дүйнөнүн чемпиондору, спорттун чеберлери, шаардык, облустук жана  республикалык деӊгээлде өткөрүлгөн конкурстардын жеӊүүчүлөрү жана  таланттуу улан-кыздар билим алышууда.

Окуу мөөнөтү:

Күндүзгү окуу формасы боюнча:

- жогорку бакалавр (Юриспруденция) —  4 жыл;

- соттук экспертиза — 5 жыл;

- 9-класстын билими менен (юр. колледж) – 2 жыл 10 ай;

- 11-класстын билими менен (юр. колледж) – 1 жыл 10 ай.

СЫРТТАН окуу формасы боюнча:

- жогорку билим базасында — 2,5 жыл;

- дистанттык окуу —  орто билими менен – 5 жыл;

- 11-класстын билими менен (юр. колледж) – 2 жыл 4 ай.

- магистратура — 2,5 жыл.

Байболот Абытов, илимий иштер жана эл аралык байланыштары боюнча проректор:

«Максатыбыз - сапаттуу билим берүү»

- Бизде жалаӊ гана юристтер бир нече багытта даярдалат. Институттун түзүлгөнүнө аз болгонуна карабастан эл аралык деӊгээлде да өз аброю бар. Орусиянын бир катар салмактуу университеттери, Кытай, Казакстан өлкөрлөрүндөгү университеттер менен келишимдер түзүлгөн. Биздин окутуучулар, студенттер тынымсыз тажрыйба алмашып турушат. Айрыкча илимий практикалык байланыштарыбыз бекем. Негизги максатыбыз билим алууга умтулган студенттерге сапаттуу билим берүү. Бүгүнкү күндө бардык шарттар түзүлүп, заман талабына ылайык билим берүү системи негизделген. Сөзүм куру болбошу үчүн айтып өтөйүн. Студенттердин экзамен тапшыруусу, контракт төлөөсү бүт электрондоштурулган. Мисалы, студенттен АВН системинде компьютер аркылуу экзамен алынат. АВНге түшкөн натыйжаны студент эмес мугалим да оӊдоп-түзөө киргизе албайт. Себеби, база борбордо түзүлүп, ошол жактан гана оӊдоого мүмкүнчүлүк каралган. Бул система мугалим менен студенттин ортосундагы коррупцияны жоюуга чоӊ өбөлгө. Мындан сырткары атайын компьютердик борборубуз бар. Студенттер каалаган убагында кирип интернет тармагын колдоно алышат. Окуу усулдук базабыз, окуу тарбия иштери тиешелүү нукта жүргүзүлөт.

«Ар бир окуу корпуста адабият фонду түзүлгөн»

- Студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анткени, сабаттуу юристтер бүгүнкү күндүн талабы. Китеп фондубуз бар. Ар бир окуу корпусунда жана жатаканада студенттерге керектүү тиешелүү предметтер боюнча камсыз болгон адабият фонду түзүлгөн. Мындан сырткары спорт тармагында ийгилик жаратууну каалаган студенттер үчүн да мыкты шарттар түзүлгөн. Бир эле биздин окуу жайдын атынан эмес, өлкөнүн атынан чет жактарга чыгып ийгилик жараткан студенттерибиз көп. Алардын бири Төрөхан Багынбай уулу. Өзүӊүздөр билесиздер Азия оюндарында алтын медаль тагынып келди. Учурда магистратурада биринчи курста окуп жатат. Бүгүнкү замандын талабына ылайык, юриспруденция багытындагы жогорку квалификациядагы адистерди даярдоо биздин негизги миссиябыз, милдетибиз. Окутуучулук жамаат бул милдетти толугу менен аткарып жатат.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Окулду 887 жолу