76 жаштагы Тургунбай Ташкузиев өмүрүн искусство тармагына арнаган адам. Бала кезинен бери сүрөт тартуудан жана ыр жазуудан өзүнө дем-күч алып, чыгармачылык менен жашап келген каарманыбыздын таланты, өзгөчө жашоосу тууралуу баарлаштык.
"Биринчи жолу В.И.Лениндин сүрөтүн тарткам"
-1943-жылы Ош шаарында туулгам. Yй-бүлөдө 5 бир туугандын кенжеси элем. Атам мен бөбөк кезимде каза болуп калган. Апамдын айтуусунда атам уста болгон экен. Бир туугандарымын арасында бир гана мен сүрөт тартып, чыгармачыл инсан болдум. 7 жашка толгонумда апам мени Кызыл-Кыя шаарындагы жатак интернатка окууга киргизген. Апам кээде барып кабар алып турар эле. Менден чоӊ ага, эжелерим иштеп, нан таап апама жардамдашып калышкан. Интернатта окуп жүрүп сүрөт тартууга кызыгуу жаралды. Алгачкы жолу Лениндин сүрөтүн китептен көрүп тарткан элем. Сүрөттү эжекелер көрүп «келечекте мыкты сүрөтчү болосуӊ» деп мага өмүр бою жете турган шык беришиптир. Ошондогу толкундануу азыр да эсимде бар. Жаратылышты, классташтарымды, жаныбарларды тартып, ал менен жашап калдым. Колума калем кармаганда эле өзгөчө сүрөттөрдү жаратууга ашыга берчүмүн.
"Ушул талантым менен гана жашоодо дем-күч алам"
- 6-класста окуп жатканда мени Ош шаарындагы курулуш окуу жайына жиберишти. 2 жылдык окууну бүтүрүп ар кайсыл жерде иштедим. Жумуштан жолдуу болбодум, эптеп тамак-ашыма тыйын тапчумун. Дем алуу күнүм сүрөт тартуу менен өтөөр эле. Тапкан тыйынымдын жарымы тамак-ашка, калганын кагаз, боек алууга иштетем. Чыгармачыл адамдын жашоосу ушундай оор болобу билбейм, ошол кезде бир туугандарым, апам да мага жардам бербеди. Кыйынчылыкты, кайгымды сүрөт жана ыр менен чагылдырып келем.
"Окууга экзаменсиз өткөм"
- 1960–жылы армияга чакыруу келип, Орусияда үч жыл кызмат өтөдүм. Ал жакта жүргөндө да формачан аскерлерди тарта берчүмүн. Аларды баары баалашчу. Армиядан келген соӊ Ташкент шаарындагы сүрөт тармагы боюнча билим берүүчү колледжге тапшырдым. Алгач кабыл албай коюшту, кийин аскерде жүрүп тарткан живопис, графика түрүндө тартылган сүрөттөрүмү көрүшкөн соӊ кабыл алышты. Ал жерде 4 жыл билим алып Ош шаарына кайтып келдим.
"Эмгектерим 1500 сомдон 10 миӊ сомго чейин бааланат"
- Сүрөт тартууда изденип, фантазия менен тартам. Даяр эле сүрөттү көчүрүп тартуу мен үчүн эмгек эмес. Ар бир үрөтчүнүн өзүнүн кол тамгасы болуусу керек. Бир картинканын ичине көп образдарды чагылдыргым келе берет. Тарткан сүрөттөрүмүн баасы чоӊ-кичүүсүнө карап 1500 сомдон 10 миӊ сомго чейин бааланат. Көпчүлүк адамдар искусствону түшүнбөгөндүктөн биздин мээнетибизди анча баалашпайт. Учурда 1000ден ашуун эмгектерим бар.
"Байлыгым, эрмегим ушул сүрөттөр"
- Окуумду бүтүп Ош шаарына келгенде Ош облустук сүрөтчүлөр союзунун фондуна жумушка орноштум. Ал жерде иштеп жүрүп көптөгөн эмгектерим көргөзмөлөргө коюлду. Ардактуу эс алууга чыгып, 6 миӊ сом пенсиям менен күн кечирип келе жатам. Тарткан сүрөттөрүм сатылса да, сатылбаса да сүрөт тартуудан эч талыкпайм. Бул күндөгү байлыгым, эрмегим ушул сүрөттөр.
"Сүрөттүн артынан жүрө берип, кеч үйлөндүм"
- Сүрөт тартып, келечегимди түптөйм деп жүрүп 30 жашка чыкканда үйлөндүм. 1 балалуу болгондой кийин жубайым сарык оорусунан улам каза болуп калды. Баламды өзүм тарбиялап чоӊойттум. Экинчи жолу да үйлөнүп 1 уулду болдум. Ал аялым чыгармачылыгымды түшүнбөй «жакшы акча таппайсыӊ» деп баламды алып кетип калган. Чоӊ уулум үйлөнөм деп акча топтоп Орусияда иштеп жүргөндө кырсыкка кабылып каза болуп калды. Мен жалгыз ушул өнөрканада жашап, сүрөт тартып күн өткөрүп келем.
"Сүрөт көргөзмөмө Роза Отунбаева келген"
- 2011-жылы Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы музейде сүрөт көргөзмө өткөрөйүн деп каражат жаатында аябай кыйналдым. Абалымды түшүнгөн Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын жамааты 10 миӊ сом акча жыйнап беришти. Аны менен Бишкек шаарында 10 күндүк сүрөт көргөзмөмдү өткөрдүм. Ар тармактуу жүздөн ашуун сүрөттөрүмү алып бардым. Ошондо Роза Отунбаевада келип өзүнө жаккан 6 сүрөттү сатып алган. Роза Отунбаеванын талантымды баалап, көргөзмөмө келгени мен үчүн чоӊ сыймык болгон. Олжолуу ошол кечеде сүрөттөрүм 100, 200 доллардан сатылган. Андан бери мындай суммада эмгектерим сатыла элек..
"Сүрөттөрдү туристтер көп алышат"
- Ошто сүрөттүн баасы арзан, көпчүлүгү 10 миӊ 15 миӊ сом десеӊ алышпайт. Учурда мен ар бир сүрөткө кеткен боекторго жана картинканын өлчөмүнө жана сүрөттүн образына карап баа коем. Сатып алуучу кардарлар жокко эсе болсо да үмүтүмдү үзбөй тарта берем. Жөнөкөй элдер искусствону түшүнбөгөндүктөн баасын айтсам эле качып кетишет. Биздин чыныгы кардарлар туристтер. Сүрөттү бир карап эле сени сүйлөтпөй туруп баасын өздөрү айтышат. Кудай берген талантымды акча менен чектебейм. Сүрөтсүз жашоомду элестете да албайм.
Батма Суранова
Толугу менен...