Версия для печати
Среда, 08 Май 2019 04:10

Ош - ар күнү майрамдагыдай тартипте туруусу керек

Шаардын адам жыш жайгашкан аймактары жана борбордук базар мэр Таалайбек Сарыбашовдун көзөмөлүндө иретке келтирилип, ашыкча соода сатык жайлар, жол боюнда туура эмес токтогон унаалар тазаланып, шаар бир топ иретке келди. Бул көрүнүштү айрым тургундар «Ош түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталганы үчүн гана дешүүдө. Бирок иретке келтирилген жайларды текшерүү, рейд жүргүзүү иштери тургундар бул тартипке көнмөйүнчө уланат. Буга далил катары борбордук базарга болгон рейдден репортаж сунуштайбыз.

Рейдди Ош шаардык өрт коопсуздугу башкармалыгынын, борбордук базардын жетекчиси, Ош шаардык ветеринардык кызматынын, базар милициясы жана башка тийиштүү ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда Ош шаардык мэриясынын коргонуу, укук тартипти сактоо жана өзгөчө кырдаалдар секторунун башчысы Турсунай Айтматова жүргүздү.

Генерал Т.Айтматова:

 «Ошто майрам, майрамдын эртеси деген болбойт»

- Жакында эле «Ош - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталышындагы эл аралык фестивалды өткөрүп алдык. Ага даярданууда шаар башчысы Таалайбек Насирбековичтин буйругу менен шаардын ар бир булуӊ-бурчу оӊдолуп, тартипке келди. Майрам, майрамдын эртеси карабай коюу деген болбойт. «Майрамга көрүлгөн даярдык, тартип сакталып турабы же жокпу?» деген суроонун негизинде рейд жүргүзүп жатабыз. Айрыкча эл жыш жайгашкан базарларды катуу кароого алабыз. Тартип бузуулар болсо эскертүү берилет, айтылган убакытта кайра өзүм келип текшерүү жүргүзөм.

Борбордук базар бир топ иретке келип калган. Ар квартал сайын бул базарда өрт коопсуздугу кызматынын кызматкерлери даярдык жүргүзүшүп, өрт өчүрүүчү унааларды базардын башынан акырына чейин айдап чыгышат. Бул учурда сатуучулар тарабынан тоскоолдуктар көп болот.

ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыктын башчысынын милдетин аткаруучу Нурдин Шаматов:

«Мурдагыга караганда бир топ жакшырды»

- Биз ай сайын борбордук базарга даярдык иштерин жүргүзүп, өрт өчүрүүчү унааны базардын ортосунан алып өтөбүз. Ошол учурда сатуучулар арабага окшогон ашыкча нерселерин алып коюшат да, биз кеткен соӊ кайра эле жайып алышат. Түшүндүрүү иштерин бат-баттан өткөрүп тургандыктан мурдагыга караганда бир топ жакшырды. Унаабыз базар ортосуна кенен батып, акырына чейин тоскоолдуксуз чыгып кете алат.

Базарды тартипке келтирүү түйшүктүү иш. Түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да бар. Базар четине мыйзамсыз токтогон унаалар, аларда документи жок сатылып жаткан жашылчаларды да иретке келтиришти.

Борбордук базардын жетекчиси Мухаммед Курбанов:

«Жеке менчик базарлар өрт коопсуздугуна жооп бербейт»

- Базар үчүн эӊ биринчи өрт коопсуздугу биринчи орунда турат. Тартип, тазалык боюнча да байма-бай рейддерди жүргүзүп турабыз. Менчик базарлар өрт коопсуздугуна жооп бербейт. Кырсык болуп кеткен учурда аларга унаа кирип-чыга албайт. Түшүндүрүп, дайындасак да алар тапшырманы аткарбай жатышат.

Рейд учурунда генерал Турсунай Бабажановна унаа токтоочу жайлар, эт, мөмө- жемиш сатылуучу бөлүктөр катуу текшерүүгө алды. Ичеги-карын саткан соодагерлерге аз убакыттын ичинде муздаткыч алып, сатуучу жайын иретке келтирүү тапшырмасы берилди. Жаӊы көпүрөнүн астындагы убактылуу бекер иштеп турууга уруксат берилген автотоктоочу жайдагы башаламандыктарды жөнгө салып, тазалыгына дыкаттык менен көӊүл бурууну тапшырды.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 248 жолу