Версия для печати
Вторник, 21 Май 2019 06:57

УРАНДЫН УУСУ ЖАНА ЧУУСУ

Келерки жылы өтө турган парламенттик шайлоого карата айрым күчтөрдүн саясий жактан активдеше баштоосунун бир мисалын Ысык-Көлдүн Кызыл-Омполундагы уранды казууга каршы элди көтөрүү аракетинен байкоого болот. Албетте, парламенттик шайлоолор да, андан өтүп кыргыздын кыздын баласындай суйкайган сулуу жерин булгабай, ууландырбай аздектеп алуу да маанилүү жана олуттуу маселе экени талашсыз. Бирок, мындан кандайдыр бир мурда болуп көрбөгөндөй маанидеги чоӊ көйгөй чыгарууга эч бир негиз жок экенин да белгилей кетүү керек. Уран Кыргызстан үчүн жаӊылык деле эмес.

ЭЛЕМЕНТ ЖАГДАЙЫНДА ЭМНЕЛЕР БЕЛГИЛYY?

Уран Менделеевдин мезгилдик системасында 92-катардан орун алган, ак-күмүш түспөлдөнгөн,  радиактивдүү, өтө оор салмактагы металл болуп саналат. Таза түрүндө ал болоттон бир аз жумшактык кылат. Ийилчээк келет.

 Уран байыркы замандарда эле белгилүү болгонун Неаполдун жанынан жасалганы биздин эранын 79-жылы менен белгиленген сары түстүү айнектин сыныктары күбөлөндүрөт. Айнектин кошулмаларында 1% уран кычкылы бар экендиги далилденген. Көрсө, табигый уран кычкылы сары түстүү идиштерди жасоодо  кеӊири колдонулган экен.

 Уран элементи үчүн эӊ алгачкы манилүү дата катары 1789-жыл эсептелет. Дал ошол жылы немис химиги Мартин Генрих Клапрот саксон рудасы настурандан алынган алтын-сары түспөл «топуракты»  кара түстөгү металлдын кейпине келтирген жана аны уран деп атаган.

Клапроттун ураны элүү жыл чамалуу металл катары саналып келди. 1841-жылы гана француз химиги Эжен Пелиго уранды анын металл сыяктуу жалтыраган касиетине карабастан, элемент эмей эле оксид деп далилдеген. А 1840-жылы Пелиго бозгумтул-болот түстөгү металл затын уранды алууга жана анын атомдук салмагын алууга жетишкен эле.

Радиактивдүүлүгү күчтүү болгондуктан, уран жер жүзүндөгү эӊ эле зыяндуу металл катары саналат. Урандын бир граммдык өлчөмү өзүнүн терс таасирдүү кудуретин толук жоготуусу үчүн дээрлик 4,5 миллиард жыл өтүшү керек. Уранды өндүрүү да оӊой эмес. Бир тонна рудадан болгону 2-3 килограмм таза, башкача айтканда, байытууга даяр уранды алууга мүмкүн. Дүйнөлүк рынокто ушул тапта бир килограмм урандын баасы 60-65 АКШ долларына барабар деп эсептелет.

БЕЧЕЛГЕ ЖӨТӨЛДYН КЕРЕГИ ЖОКПУ?

Уран кендери дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө бар жана тиешелүү айлана-чөйрөгө эч кандай кооптуулук жаратпаган  тейде эле өнүмүн өндүрүп келатышканын калыстык үчүн деле белгилеп кетүү абзел. Башында учкай белгиленгендей, кыргызга уран таптакыр эле жаӊылык дегидей деӊгээлдеги өндүрүш эмес. Уран кылымын көптөрдөн мурда эле басып өткөнүбүз бар. Кыргызстандын аймагында тээ Совет мезгилинде, тактап айтканда 1945-1967-жылдарда уран кендери казылып, андан улуу державанын эӊ алгачкы атомдук бомбалары жасалып, СССРдин ядролук ири державага айланышына опол тоодой салым кошконубузду эч ким тана албайт. Бирок, бул ишти Советтер Союзу Кыргызстанда 1967-жылы токтоткону белгилүү. Андан жаман мурас катары биздин өлкөдө урандын зыяндуу  калдыктары («куйруктары» десе да болот) сакталган өтө кооптуу деп саналган 92 жай («хвостохранилище» калыптыр.Алардын  эӊ ирилери Майлуу-Суу, Миӊ-Куш жана Шакафтарда көмүлгөн. Майлуу-Суу шаарындагы эки гидрометаллургиялык завод тынымсыз иштеп , СССРдин атомдук бомбалары үчүн уран гана өндүрүп турган. Ал жайларды коопсуздандыруу үчүн кыргыз биййлиги СССР кулаган ошол 1991-жылдан бери эле, башкача айтканда 28 жыл бою дүйнөлүк коомчулуктун ар кандай уюмдарынан жардам сурап келе жатканын баса белгилеп коюуга аргасызбыз. Ал эми өзүбүздүн мамлекетибиздин тиешелүү ведомствосу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жылына бар болгону үч-төрт миллион сом гана каражат бөлгөндөн башкага жарабай келүүдө. Урандын «куйруктары» көмүлгөн бул жайлар азыркы тапта авариялык абалда экени жашыруун эмес. Бул жагдайда көптөн бери эле коӊгуроо кооптуу кагылып келүүдө.

Ошол эле учурда уран канчалык зыяндуу элемент экенине карабастан, нарк-баа насилинен алганда ал пайдалуу кен байлыктарыбыздын катарына кирет.

 КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бул жаатта Россия менен коӊшулаш Казакстан бир топ алдыга жылып кеткендигин белгилеп кеткибиз келет. Казакстанда уран кендеринин башын  «Казатомпром» компаниясы бириктирип турат. Компания 1997-жылдын 14-июлунда Казакстандын президентинин жарлыгы менен түзүлгөн. "Казатомпром" учурда табигый уранды Европа, Азия өлкөлөрүнө жана АКШга сатып турат. Компаниянын шарапаты менен Казакстан Россиянын байытуу тармагынын жогорку технологиялык чөйрөсүнө киргендигин баса белгилөөгө болот.

«Казатомпромдун» башкармасынын төрагасы Владимир Школьниктин айтымында, азыр дүйнөдө жылына 55 миӊ тонна уран өндүрүлөт. Бирок, дүйнөлүк базарда уран дефицити улам өсүп бараткандыгын жана ага жараша урандын баасы да кымбаттай бере тургандыгын эске алуу керек. Арийне, биз уран өндүрүүнүн ыргагын ылдамдатпайбыз, антүүгө деле өндүрүштүк кубаттуулугубуз мүмкүндүк берет дечи, бирок биз мурдагы эле позицияны – дүйнөлүк уран өндрүшүнүн 33,9 пайзын кармап турууга умтулабыз. Биз азыр урандын 70-80 жылдык запасы менен эч кандай геологиялык чалгындоо иштерисиз эле алдын ала камсыз болгон абалдабыз.

Урандын пайдалануу ареалы атомдук согуш куралдары менен эле чектелип калбоосу өзүнөн өзү эле түшүнүктүү. Кеп аны кандай максатта жана кантип иштетүүдө турат. «Битке өчөшүп, көйнөктү отко салба!» деп кыргыз ушундай учурларды кыйыткандыр.

  Атомдук кеме, атомдук электр станциялары сыяктуу маанилүү жана стратегиялык обьектилерди урансыз элестетүүгө мүмкүн эместиги айдан ачык. Дүйнөлүк энергетика  балансында атомдук энергетика(15%) бүгүнкү күндө  көмүр (39%) жана суу (19%) энергетикасынан кийинки үчүнчү орунду ээлеп турат. Мындай пайыздык катыштар көпкө дейре сакталат деп эч ким кепилдик бере албайт. Азыр ааламдашуу процессинин арышы жүрүп, таскагы чыгып турган учур. Технологиялар ылдам өзгөрүп, тез жаӊыланып, «кечээги көргөнүӊ бүгүн жок!» болуп жаткан доор.

 ЭМИ ЭМНЕ КЫЛМАК ЭП?

Кыргыздын тарыхы бай, географиялык аймагы кудайга шүгүр, кеӊ эле болгону менен саясий өӊүтү салыштырмалуу абдан  тар  мейкиндиктен орун алып келе жатканы жатканы гана өкүндүрөт да, өксүтөт. Уран маселеси азыр топтук кызыкчылыктардын  өз ара кагылышууларынын кырдаалына жараша гана «Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын!» кыязында чечилгенсип турганын байкоо кыйын эмес. Уран кендерин бүгүн чоӊ көйгөй кылып көрсөтүү аркылуу бийлик талашууга ашыккандардын кулагын кызытып, демин ысытуунун зарылдыгы бар беле?

Кандай болгондо да, бул маселеге бийлик тарабынан так кесе жооп айтылды. "Кыргызстанда уран казылбайт!" деп билдирди Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алып жатканда. Ал президенттик кызматка киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коюлуп жаткандыгын айтып, тармактагы талылуу маселелер Коопсуздук кеӊешинде да катуу каралгандыгын эске салды. «Бул тармак, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасы жемкорлукка белчесинен батып, абалдын жетээр жерине жетип калгандыгынан улам, тоо-кен тармагындагы маселени быйылкы жылдын башында Коопсуздук кеӊешинде да алып чыккам. Кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө көп учурда мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары таптакыр эске алынган эмес! Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктары гана жогору турган. Лицензия берүү тармагында кадимки эле базардагыдай алып-сатарлыкка жол берилип келген. Ошондуктан, 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат изилдеп, инвентаризация кылууну сунуштагам. Жалпак тил менен айтканда, жаӊы лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган. Дагы кайталап айтам, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, кыргыз өкмөтүнүн бул маселеге кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөӊгө түштү. Баса белгилеп айтам, жөн жерден дүрбөлөӊгө түштүк. Керемет Ысык-Көлүбүз кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан чакта мындай дүрбөлөӊ туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар,- деди президент.

Сооронбай Жээнбековдун «жөн жерден дүрбөлөӊгө түштүк» деген сөзүндө көп маани жатканын албетте, сезбей коюуга мүмкүн эмес. Эптеп эле бир илинчек таап, президенттин аракетинен бир кыйкым табуу аракетинде жүргөндөргө мындан сыпайы,  мындан жөнөкөй жоопту табуу да кыйын.

Абдираим МАМЫТОВ

 

Окулду 159 жолу