Версия для печати
Вторник, 21 Май 2019 06:59

Кылым карыткан Бабур театры

Бабур атындагы өзбек музыкалуу драма театры түзүлгөндөн тартып канчалаган актер, актрисаларды тарбиялап-өстүрдү. Аталган театрда тарбиялык мааниси чоӊ спектаклдер, концерттер коюлуп келет. Быйыл театрдын түзүлгөнүнө 100 жыл болгонуна байланыштуу күз мезгилинде  чоӊ салтанатуу майрамдык кече өткөрүлөт.

Театрдын тарыхы

1919-жылы Рахмонберди Мадазимов жана Уринбай Рахмоновдун  жетекчилиги астында Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн, өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Театрды Рахманберди Мадазимов жетектеген. Көп өтпөй Сергей  Миронович Киров атындагы Ош театры деп аталган. Спектаклден сырткары көптөгөн концерттик программалар да коюла баштаган.  Рахманберди Мадазимов тарабынан коюлган «Түркстандык табып» пьесасына болгон диний ишмерлердин кескин нааразычылыгы театрдын атынан чыгуусуна себеп болгон. Актриса айымдар жок болгондуктан аялдардын ролун Журахон Зайнобиддинов мыкты чагылдырып берип турган.

Кылым ичинде таетр оор окуяларды башынан көп өткөргөн. 1929-1931-жылдары Рахманберди Мадазимовдун режиссерлугунда «Лолохон», «Ажи-ажи» пьесалары коюлган. Бул чыгармалар идеялдык душмандардын кара ойлорун ачып бергендиктен театрдын кызматкерлерине карата кол салуулар болгон. Артисттердин коопсуздугун көзөмөлгө алуу үчүн аларга куралдуу сакчылар коюлган. 1939-жылдары алгачкы сахна үстүндө пайда болгон актриса аялдар Н.Юлдашова менен Р.Парпиевалар ислам жактоочулары тарабынан ырайымсыз өлтүрүлгөн.

Театр өнүгүү жолунда…

Убакыттын өтүшү менен театрдын курамы 70 адамга жеткен. Алар уюшкандык менен Ленинград, Москва, Ташкент шаарларына барып «Фарход менен Ширин», «Лейли менен Мажнун» жана башка өзбек пьесаларын, Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу»,  Уильям Шекспирдин «Отелло», Насирдин Байтемировдун «Уркуя» чыгармаларын чоӊ премьерада элге тартуулашкан.

1992-жылы Сергей  Миронович Киров атындагы Ош театры Бабур атындагы  өзбек музыкалуу драма театры болуп өзгөргөн. Ал эми 2004-жылы Академиялык деген статус берилсе, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын  маданият жана маалымат  министрлигинин чечими менен  «Мамлекеттик театр» деген макам ыйгарылган.  Бул театр Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы  өзбек улуттук академиялык  драма театрынан кийинки экинчи байыркы профессионалдык театр болуп эсептелинет. 

Набижон Мамажанов, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын жетекчиси: 

«Учурда театрда 160 кызматкер эмгектенет»

- Мен театрга 2015-жылы жетекчи болуп дайындалдым. Ага чейин бул жерде актер болуп иштеп жүргөм. Театрдын чөйрөсүн чындыгында жакшы билгендиктен  режиссердун, актер, актрисалардын ар бир спектакль үчүн кылган мээнетин жакшы түшүнөм. Биздин театрдын негизги максаты кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине которуп сахнага алып чыгуу болуп эсептелет. Андан сырткары эки улуттун ортосуна көпүрө болуп келүүдөбүз. Учурда театрда 160 кызматкер иштейт, алардын жетимиши чыгармачыл топ.  

«700дөй чыгарманы иштеп чыккан театр»

- Жыл сайын театрдын жамааты менен биргеликте 4 же 5 чыгарманы тандап алабыз. Ага даярданып, элге тартуулаганга чейин 3-4 ай өтөт. Ар бир спектаклдерге кеткен чыгашаларга театрдын эсебинен каражат бөлүнөт.  Актер, актрисалардын жараткан ролуна гонорар төлөнбөйт, ал канча роль, кимди чагылдырган болсо да туруктуу маянасын гана алат. Театрдын репертуарында «Барсбек каган», «Айкөл Манас», «Ричард III», «Зымрат жана Кымбат» сыяктуу бир топ чыгармалар коюлууда. Театр түзүлгөндөн тартып 700дөй чыгарма иштелип чыгып,  спектаклдер элге тартууланып келүүдө. Ар бир коюлуучу спектаклге кирүү акысы антимонополия бекитип берген сумма боюнча улууларга 100 сомдон, балдарга 40 сомдон.

«Бишкекте өткөн фестивалда 2 -орунду алдык»

 - 2016-жылы февраль айында «Айкөл Манас» чыгармасын Өзбекстанга барып  6 күн коюп келдик. Ал жактын президенти бизге колдоо көрсөтүп «Бабур» спектаклине карата 70 даана кийим тиктирип берди. 2017-жылы англиялык режиссер Юлдаш Журабаев бизге келип кастинг өткөргөн. Кастингден өткөн актер, актрисаларды  «Ричард III" спектаклине даярдаган. Ал спектакль Лондондо кыргыз, өзбек, орус, англис тилдеринде коюлду. 2018-жылы  Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Деӊиз бойлой жорткон ала дөбөт» спектаклин Ташкент жана Наманган шаарына барып өзбек тилинде коюп келдик. Ал жердин тургундары бизди кубануу менен жакшы кабыл алышты. Бул да болсо эки элдин бири-бирине болгон сый-урматы десем болот. Быйыл 2019-жылы апрель айларында Бишкек шаарында  СССРдин  эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына карата уюштурулган  фестивалга катыштык. Анда  Уильям Шекспирдин калемине таандык «Король Лир» спектаклин  өзбек тилинде коюп  2-орунду багындырдык. Алдыда Өзбекстанга барып  «Король Лир», «Айкөл Манас», «Ричард III» спектаклдерин коюп келебиз деген планыбыз бар.

«Театрдын 100 жылдыгы 12-октябрда белгиленет»

- Быйыл 2019-жыл биздин театрдын түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Ага карата 12-октябрда Кыргыз Республикасынын  маданият, маалымат жана туризм министрлигинин макулдугу менен 100 жылдык мааракени масштабдуу өткөрөбүз деп даярданып жаткан чагыбыз. Ал кечеге биздин театрга кызмат кылган жетекчилер, ардагерлер айтор, чет жактан да меймандар  чакырылат. Ага чейин театрды бир ирет оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп алсак деген ниетибиз бар. Анткени, театрдын сахнасынын столдорунун эскилиги жетип сынып, жылытуучу  системалары  иштен чыккан.

Махмуджан Рахматов, актер:

«Театрда 50 жыл кызмат өтөп, 105 спектаклде роль жараттым»

- 1966-жылы Андижан шаарында орто мектепти бүтүрүп, 3 жылдык театралдык студияда окудум. Ал жерде жүрүп кыска метраждуу ролдорду жараткам. Окууну бүткөн соӊ куурчак театрына ишке чакырышкан. Бирок аны кабыл албай Ош шаарына келгем. Анда бул театр  Ош театры деп аталчу. Yч күндөн кийин «Мехроптон чаен» деген спектаклде ойнодум. Көбүнчө карыялардын образын жаратам. Ар бир ролду чын жүрөк менен ойнош керек, ошондо гана көрүүчүгө аткарып жаткан чыгарманын маани- маӊызын жеткире аласыӊ. Көп ойногон ролум Султан Раевдин «Ханышанын көз жашы » чыгармасындагы шайтандын образы болду. 50 жылдык эмгек жолумда 105 спектаклде роль жаратыпмын. Азыр пенсияда болсом да чыгармачылыктан чыга албай жүрөм.  Театрдын  100 жылдык мааракесине  «Король Лир»,  «Деӊиз бойлоп жорткон ала дөбөт» жана башка ушул сыяктуу чыгармаларга карата даярдыктар жүрүп жатат.

Рано Махмудова, актриса:

«Маянанын аздыгына карабай иштейбиз»

-Мен театрга келгениме 10 жыл болду. Алгач  оператор-программист болуп ишке орношком. Чыгармачылыкка кызыкканым үчүн концерттерди алып барып жүрдүм. Далай убакыт өткөндөн кийин  режиссерлордон роль ойногонго сунуш  түштү. Ошондон тартып актрисалыкка кызыгуум артты. Алгач жаш балдарга арналган спектаклдерде ойноп жүрдүм. Убакыттын өтүшү менен чоӊ чыгармалардагы башкы ролдорду аткара баштадым. Негизи ар бир актриса, актер эки жашоодо жашайт, бири өзүнүн жашоосу, экинчиси каарманынын жашоосу. 1,2 сааттык спектакль үчүн 3 ай даярданабыз. Айтор бул жерде иштеген  ар бир чыгармачыл инсандар маянанын аздыгына карабастан чын жүрөгү менен иштешет. 

Батма Суранова

 

Окулду 166 жолу