Версия для печати
Вторник, 21 Май 2019 07:03

Курак-кыргыз аялынын сүрөт өнөрү

Көчмөн элдер дүйнөнүн сулуулугун кол эмгеги аркылуу чагылдырышкан. Улуттук баалуулуктар да кол эмгек аркылуу сакталып, муундан-муунга таберик болуп келет.  Анын ичинен курак куроо өзгөчө тереӊ мааниге ээ. Көп мээнетти талап кылган өнөрдү аркалагандар бар үчүн улуттун наркы сакталып тургандыр. Кыргыз-Өзбек университетинде Эл аралык байланыштар жана инвестициялар департаментин жетектеп, кыргыз аялына тийиштүү өнөрдү аркалап келаткан  Балтабаева Аида эжеке  менен курак өнөрү тууралуу баарлаштык.

Философия илимдеринин доктору, профессор, куракчы Аида Балтабаева:

“Таенемден калган белек”

-Бул өнөр таенемдин мага калтырган белеги. Ал киши чоӊ куракчы, саймачы болгон. 5-классымда Аксыда таенемдин колунда жүрүп, курак кураганды үйрөндүм. Мурда үй тиричилигине керек нерселерди гана тиге койчумун. Анан убактысы келди окшойт, бош боло калганда көбүрөөк алектене баштадым. Чынында мен билбеген жактары көп экен. Форма, өӊ-түс тандай билүү да чоӊ мааниге ээ тура.  Ошондуктан курак боюнча сабатымды жоём деп ОшМУнун искусство факультетинде иштеген сүрөтчү-дизайнер Кимия Төрөгелдиева эжекеден бир топ сырларын үйрөндүм. Илгери үйгө сайма, курактан туштук илишчү. Кийин килем мода болду, анан эч нерсе илбей да коюшпадыбы. Тенденция деген ушундай экен да. Азыр мурдагыдай чоӊ туштук эмес, этномотивди берген үйдүн композициясына туура келе турган  кичинекей сүрөт сыяктуу курактарга талап жогору. Бирок, бул да элдин шартына тегиз туура келбегендиктен, кооз, көтөрүп жүргөнгө ыӊгайлуу курак сумкаларды жасаганга өттүм. Себеби, этнос кийимдерге аябай кызыгып жатпайбызбы.

“Курак - өлбөстүктүн символу”

Мурда колдо жасалган нерсени кедейликтин белгиси катары кабылдашкан учурлар да болгон экен. Бүгүнкү күндө кол эмгектин баркы аябай чоӊ болууда. Анткени, кооздукту баары эле колунан жасай албайт да. Бүтүн материалды майдалап кыркып, кайра курап тигип, же кийим-кечеден ашкан кездемени, тукабаны бириктирип отуруп буюм жасап алуу кыргыз аялынын гана колунан келген. Энелерибиз сулуулукту курак аркылуу берип, үнөмдүүлүгүн да далилдешкен. Ар бир кыркындынын өӊ-түсүнөн бери маани берилген куракты кайсы бир деӊгээлде кыргыз аялынын сүрөт өнөрү десек да болот. Анан элде “жыртыш бермей” деген түшүнүк бар. Көзү өткөн кишинин жакындары батага келгендерге кичинекей кыркылган кездеме берген. Жыртышты ошол кишиден калган таберик катары көрүп, кураштырып бир нерсе тигип коюшкан. Бул өлбөстүктүн символу болгон. Ошондуктан курактын философиясы тереӊ, дагы окуп изилдеп, кеӊейтүүгө болот. Сулуулуктан сырткары курак курап нан тапкандар аябай көп жана эмгеги баалуу.

“Бизнеске багыт койгондо нерсенин жандуулугу жоголот”

-Адам өзү сүйгөн жумушун акча үчүн эмес, эргүү үчүн иштесе, ал нерсе жандуу болот. Куракты каражат табуу үчүн жасабайм. Үйдүн баарын толтуруп тигип алууга да болбойт эмеспи. Товарды жок кылып, ордуна башкасын жаратуу үчүн гана кээде сатып, же таркатып салам. Жумуштан чыккандан кийин мен үчүн иш толук жабылат. Иш жөнүндө такыр ойлонбойм. Бала-чакама карап коюп, сөзсүз 2 саат тигүү менен алек болом. Ошол үчүн менде өтө негативдүү эмоциялар болбойт.  Себеби, дайыма көӊүлүӊ сүйгөн ишти жасасаӊ, ашыкча нерселерди ойлобойсуӊ.  Кээ бирөө сүрөт тартып, китеп окуп, же ырдап эс алат эмеспи. Курак тигип отурганда ырдаганды  жакшы көрөм. Аябай чарчап кыйналганда кол машинага отурсам кадимкидей баары унутулат.  Курак тигүүдөн ырахат алам.

“Экинчи иштетүү бааланат”

-Англияда товарды: “бул биринчи материалбы же экинчи материалбы?” деп сурап алышып, көбүнчө экинчисин баалашат экен. Анткени, ал жакта иштетилгенден ашканын колдонуу экологияга салым кошуу менен барабар. А менин курак тигүү үчүн атайын материал сатып албаганым өзгөчөлүк болсо керек. Көбүнчө Бишкекке барганда досторумдун тигүү цехтеринен өзүмө керектүү сапаттагы кездемеден чыккан кыркындыларды чогултуп алып келем. Буга алар да көнүп калышкан. Муну менен экологиянын чоӊ проблемасын чечпейм. Эгер кездеменин баарын сатып ала турган болсом, менин эмгектерим азыркы наркынан да кымбат болуп калат.

“3 литрлик банка толо топчу түгөнбөй...”

-Түрк эли менен окшош жактарыбызды карап отуруп, “назарлик” дегенге көзүм түштү. Түрктөрдө бала төрөлгөндө жаткан жерине топчу, шуруларды назардан, көӊүл буруудан сактайт деген ишеним менен тигип коюшчу экен. Ислам дининин күч алышы менен бул нерсе үйдөгү декоративдүү элемент катары илинип калыптыр. Ал эми орустарда эскирген топчу сактоо касиетине ээ деген түшүнүк бар. Ата-бабаларыбыз да эски топчу, мончокторду чогултуп, тебетейдин үстүнө тигип, бешикке байлап, чөнтөгүнө салып, же моюнга таккандыгы да бекер эмес. Көрсө, булардын баары сактоо иретинде болгон экен. Эскирген кийимдерден чыккан топчу, мончокторду азыр да ар үйдөн табууга болот. Бир күнү тааныш сиӊдим көп жылдан бери чогултуп жүрдүм эле, иштетип жок кылып коюӊуз деп 3 литрлик банкага толтура топчу алып келиптир. Сумкаларга кошуп тигип жүрдүм. Жакында ТҮРКСОЙдун иш чарасындагы көргөзмөгө атайын үйдүн кооздугу үчүн илүүчү буюмдарды кийиз, жип, топчулар менен жасап отуруп, эми гана жарымдады. Туугандарга да ыргытпай чогултуп бергиле дечү болдум.

“Кызыккандарды чогултсам дейм”

-Биринчи жолу К. Төрөгелдиева менен биргеликте Бишкекте Г. Айтиев атындагы көркөм-сүрөт искусство музейинде  көргөзмөгө катышып, мен билгенден эмгектерди көбүнчө америкалыктар, кореялыктар алып кетишти. Кийин “Курак күүсү” көргөзмөсүн кайрадан толуктап Ошто да өткөрдүк. Жакында ТҮРКСОЙдун иш чарасындагы көргөзмөгө да катыштым. Улам катышкан сайын шыктанып, жаӊы идеялар пайда болуп атат.  Быйыл Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеӊеши менен келишим түздүк. Жалгыз өзүмдүн катышуум аздык кылгандыктан, Кыргыз-Өзбек университетинин  инженердик технология факультетиндеги кол өнөрчүлүккө кызыккан окутуучуларды, студенттерди чогултуп, топ түзүп, окуу жайдын атынан республикалык, эл аралык кароо-сынактарга, фестивалдарга катышсак деген ойлорум бар.

“Жашоом – курак”

-Бул өнөрдү жолдошум, ата-энем, кайын журтум аябай колдойт. Күйөөм өӊ-түсүн тандоого жардам берет. Жакшы нерселерди көрүп калса, кызыгуу менен көӊүл бурат. Жада калса 5 жашар балам да “апа, кооз сумка тиксеӊ, сумка тиктиӊби?” дей берчү болду.  Туугандардан таежем экөөбүз гана курак тигебиз. Кызым да кызыкпады окшойт. Үйдө баарын өзүм жасайм. Кеминдин кызымын. Ата-энем партиянын адамдары болгондуктан, Аксы менен Кара-Кулжада чоӊойдум. Кара-Сууда окудум, Ноокатка турмушка чыкканмын, Ошто жашайм.

Бүкалча Маматали кызы

 

 

Окулду 551 жолу