Версия для печати
Вторник, 21 Май 2019 07:16

Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XX сессиясы өттү

Сессия депутаттардын толукталышы менен башталды. Тактап айтканда, КСДП жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынын депутаттарынын курамында өзгөрүүлөр болгонун төрага Жапарбек Ормонов кабарлап, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жаӊы келген депутаттарга мандат тапшырды. КСДП партиясынан Хамидулло Исмаиловдун ордуна Санжар Анарбек уулу, Идирис Кубатбековдун ордуна Марс Исаев келди. Ал эми “Мекеним Кыргызстан” партиясынын депутаттары Таалайбек Шаванов менен Айбек Камалов мандаттарын тапшырып, алардын ордулары Калыбек Yркүнбаев жана Эрнест Мырзаев менен толукталды.

Сессияга шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов, вице-мэрлер Саибжан Турдуев, Асылбек Топчубаев, Нурбек Кадыров, 41 депутат жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Сессия башталуу алдында шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов “Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш чарасын өткөрүүдө өзгөчө эмгектенген шаар жетекчилерин жана айрым депутаттарды Ош шаардык Кеӊешинин ардак баракчасы менен сыйлады.

Кезектеги XX сессиянын күн тартибинде 16 маселе каралды, алар:

1.     “Ош шаардык мэриясынын борбордук базар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери боюнча.

2.     Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иштеринин натыйжалуулугу жана мектеп, бала бакчалардагы окуу-тарбия иштеринин сапаттуулугу жөнүндө.

3.     Ар түрдүү маселелер

4.     Ош шаарындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү.

5.     Ош шаардык Кеӊешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

6.     Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө

7.     Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндөгү 489 түп даракты кыюуга уруксат берүү

8.     Ош шаарындагы кээ бир аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу боюнча.

9.     Коомдук ишмер, дипломат, илимпоз Сыдыков Батирали сыдыковичтин ысымын Кыргыз-Өзбек университетине ыйгаруу боюнча КРнын Билим берүү жана илим министрлигине сунуш берүү жөнүндө.

10.  Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө.

11.  Жапалак жайыт комитетине берилген техникаларды пайдалануу, механизаторлорду тандоо боюнча конкурстарды өткөрүү жөнүндөгү жобону кароо.

12.  Масалиев кеӊ көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты тууралуу.

13.  Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын аймагындагы 102 түп даракты кыюуга уруксат берүү боюнча.

14.  Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнүн №256 дарегиндеги шаар куруу түйүнү жөнүндө.

15.  Ош шаарынын Ленин-Сүйүнбаев-Курманжан Датка көчөлөрүнүн чегиндеги шаар куруу түйүнү жөнүндө.

16.  “Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча маселелери каралды.

Окуучулар үчүн жол акы көтөрүлдү

Күн тартибинде көрсөтүлгөн маселелердин ичинен 5-6-8-9-10-11-12-14-15- маселелер туруктуу депутаттык комиссиянын текшерип, иштеп чыккан маалыматынын негизинде бир добуштан  колдоого алынып, тийиштүү токтом кабыл алынды. Эл өкүлдөрү өзгөчө шаардагы жалпы билим берүү тармагынын аткарып жаткан иш-аракеттери жөнүндөгү маселеге тереӊ токтолуп, билим берүү системасынын деӊгээлинин төмөндүгү, билим берүүнүн сапатынын начардыгы жана тиешелүү жетекчилердин  иш аракеттерин талкуулашты. Өзгөчө шаардын социалдык тармагын тейлеген шаардын вице-мэри Н.Кадыровдун жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Асановдун ишмердүүлүктөрү боюнча сын-пикирлерди айтышып, шаар мэрине аталган жетекчилердин иштерин көзөмөлдөп бир айдын ичинде жандандыруу тапшырмасы берилди. Жыйынтык болбосо кызмат ордуларын кароону сунушташты. Мындан сырткары чоӊ талкууга алынган маселелер шаардагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жүргүнчүлөр үчүн жол акынын тарифин бекитүү жана  кээ бир шаардагы көчөлөрдөгү бак-дарактарды кыюу жөнүндөгү маселелер болду. Эл өкүлдөрү ар бир маселени кылдаттык менен карап, тийиштүү токтомдорду кабыл алышты. Окуучулардын жол акылары жеке менчиктеги кичи автобустарда 5 сомго, ал эми муниципалдык троллейбус, автобустарда 2020-жылдан баштап 3 сомго көтөрүлө турган болду. Жол акынын тарифинин жогорулашы боюнча шаардагы окуучулардын ата-энелери демилге көтөрүшкөн эле.

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына тез жардам унаасы кирүүчү жаӊы жол курулуусуна байланыштуу 102 түп даракты кыюу пландалган. Бирок экологиялык нормага туура келбегендиктен эл өкүлдөрүнүн колдоосуна сунушташкан. Бул маселени тийиштүү туруктуу депутаттык комиссия текшерүүгө алгандан кийин гана токтом кабыл алына турган жыйынтыкка келишти. Ал эми “Оштун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча маселе кийинки сессияда карала турган болду.

 

Окулду 176 жолу