Версия для печати
Вторник, 04 Июнь 2019 04:30

Өспүрүм чемпиондор

Түркиянын Анталия шаарында Эл аралык уруш өнөрү федерациясы тарабынан 20-23-май күндөрү каратэ боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи баскычы өткөн. Алты мамлекеттен барган 500 катышуучунун арасында 6-10 жаштагы кыргызстандык спорчтулар күч сынашып, натыйжада 6 алтын, 2 күмүш жана 1 коло байгеге ээ болушкан. Ал эми 24-26-май күндөрү Румыниянын Бухарест шаарында каратэ боюнча Х эл аралык чемпионат болуп, 33 өлкөдөн 1 513 спортчу катышкан. Ага өлкө атынан төрт спортчу катышып, 11 медалга ээ болгон. Натыйжада Кыргызстан командалык эсеп боюнча алтынчы орунга илинген. Кумитэ боюнча тайпалык кармашта Ош шаарынын 8-9 жаштагы үч спортчусу Имран Абдугуламов, Искендербек Ташбалтаев жана Нурислам Пусуров 3-орунга ээ болушкан. Ушул эле спортчулар ката боюнча командалык мелдеште экинчи орунга татыган. Жаш чемпиондордун ийгилигин кубануу менен куттуктап, сезимдери менен бөлүшөбүз.

Ош шаардык спорт комитетинин кызматкери, машыктыруучу, Нусуп  Жолдошбаев:

“Yчөө алтын алышты”

-20-23-май күндөрү Анталия шаарында командалык дүйнөлүк чемпионат болуп, Ош шаарынан 4 спортчуну алып бардым. Yчөө алтын медаль тагынышты. 23-май күнү кечинде Румыня мамлекетине бардык. 33 мамлекеттен 1513 спортчу катышып, 5 жаштагы Абдугуламов Имран деген спортчубуз 3 алтынды алып, командалык эсепте Кыргызстан 6-орунду ээледи. 

Бул окуя тарыхта алтын тамгалар менен калды деп айта алам. Себеби, буга чейин дүйнөлүк чемпионатта мындай жыйынтык боло элек болчу.  Колдоо көрсөткөн шаар башчысына, спорт комитетине ыраазычылык билдирем. Балдардын алды 4 жылдан бери машыгышат. Алгачкы жолу финалда утканда демиӊ-демиӊе батпай, көзүӊө жаш айланып, укмуштуудай сүйүнүч, кубанычтуу учур болот. Башкысы дүйнөлүк чемпионатта даярдаган спортчуӊ биринчи орунду алып, медаль тагынып жатса, өтө башкача сезимдер болот экен.  Буюрса, балдарымды бир гана дүйнөлүк чемпион эмес, олимпиадалык чемпион кылам деген ниеттер, чоӊ ишенич пайда болду.

Ломоносов атындагы мектептин окуучусу, Абдилазизов Дастан:

“Биринчи атамды эстедим”

-Каратэ менен 8 жашымдан машыгып баштаганмын. Быйыл 3 жыл болду. Анталияга барып, 5 мамлекет катышкан мелдеште 1-орунду алдым. Атаандашымды жеӊгенде биринчи атамды, апам экөөнүн сүйүнүп атканын эстедим.  Өзүм да аябай кубандым.

Киров атындагы  мектептин окуучусу, Пусуров Нурислам:

“Бөбөгүмө белек кылам”

-Төрт жарым жашымдан бери каратэ менен машыгып, көп нерселерди үйрөнүп келем. Машыкканыма 4 жыл болду. Мелдешке жөнөп атканда сөзсүз 1-орунду алып келип, биринчи кичинекей бөбөгүмө коляска алып беремин деп кеткенмин. Апам аябай сүйүнүп калган. Анталиядан 1-орунду алып, Румынияга бардык. Ал жактан 2-3-орунду алып келдим. Чоӊойгондо каратист болом.

Ломоносов атындагы мектептин окуучусу, Ташбалтаев Искендер:

“Чоӊойгондо бухгалтер болом”

-Биз Анталияга анан Румынияга бардык. Мелдештен жалпы 2-3-орундарды алдым. Аэропорттон бизди ата-энелерибиз тосуп алышты. Анталияда 5 мамлекет катышып, алар менен мелдешке чыкканда кыйналган жокмун. Чоӊойгондо бухгалтер болом. Машыктырган агайыма рахмат!

5 жаштагы Имран Абдугуламов:

“Спортчу болом”

-Мен бул мелдеште үч 1-орунду алдым. 3 алтын медаль беришти. Мага Анталия жакты. Чоӊойгондо спортчу болом.

3 алтын медалдын ээси,6 жаштагы чемпион Абдугуламов Алимрандын апасы Самара Пусурова:

“Биз Кыргызстанды жеӊиши менен куттуктайбыз!”

-Алимран тун уулубуз. Кыялдары көп. Чемпион болом деп кыялданчу. Жаратканга миӊ мертебе шүгүр. Кыялдары орундалып келет. Буга чейин жеӊилип калган учурлары деле болгон. Бирди алышым керек эле деп аябай ыйлайт болчу. Себеби, ар дайым өзүнүн жеӊишине өзү ишенип барат. Кайсыл жерге барбасын атасы каржылап, атасы колдойт. Дайыма үйдө “сен биздин жөнөкөй балабызсыӊ, каратэде чемпионсуӊ, мектепте жөнөкөй окуучусуӊ” деп айтабыз.  Кичинекейинен ыр-бийге шыгы жок болчу. Айылга, чоӊ ата, чоӊ энесине жакын өстү. Эркин өстү,  эркин жүргөндү жакшы көрөт. Кичинекей бала болгону менен көп нерсени ойлонуп аткарат. Албетте, кичинекейинде шок болчу. Бала бакчада балдарды уруп коюп, эжекелеринен сөз укчубуз. Ошол активдүүлүгү, чыйрактыгы үчүн каратэге бергенбиз. Башында машыгууларда кыйналды. Машыктыруучусу жардам берип тез эле кызыгып үйрөнүп кетти. Келечекте кайсыл кесипти тандаса да, атасы экөөбүз колдойбуз. Албетте, Алимрандын ийгилиги биз үчүн чоӊ бакыт. Балабыз менен сыймыктанабыз.  Ийгиликке жетүүсүнө тилектеш болгон бардык жакындарыбызга, машыктыруучусуна, каратэдеги балдарга рахматыбыз чоӊ.  Атасынын айтуусунда, мелдеште өтө күчтүү мамлекеттерден 70-80ден спортчулар катышып, 3-4 эле медаль алып кайткандар болуптур. Кыргызстан 4-5 спортчу менен 20 медаль алып келишти.  Биз Кыргызстанды жеӊиши менен куттуктайбыз!

  Бүкалча Маматали кызы

 

Окулду 309 жолу