Версия для печати
Среда, 19 Июнь 2019 04:34

Айтурган Эрмекова: “Музыка тил тандабайт”

Айтурган Эрмекова “Кыз-Бурак” тобунда 5 жыл тарбияланган ырчы. Учурда кыргыз ырларынан сырткары башка тилдерде ырдап, калыӊ элге тааныла алды. Ырчылар айтмакчы, Айтурган азыр “тойлорду “алып” жаткан” учуру. Ош шаарында алгачкы тушоо кесүү концертин берип, жеке жашоосунда болсо үлпөт тоюн да өткөргөнгө үлгүрдү.

Каарман тууралуу

Туулган жери: Ош шаары

Туулган жылы:1991-жыл, 17-август

Хоббиси: Ырдоо, бийлөө

Жактырган мезгили: Жай

Урааны:“Алга!”

Эӊ көп колдонгон сөзү:“Албетте”

Билими: Орто

Өзүнө жаккан чыгармасы: А. Бедияров “Бозойдун ыры”

Алгачкы ыры: “Айтчы сүйүүӊдү”

Идеал туткан адамы: Апасы жана МунисаРызаева

“Бала кездеги кыялыма жеттим”

-Сахна мен үчүн экинчи үйүмдөй. Чыгармачылык көп жылдан бери сүйүп, топтоп жүргөн байлыгым. Бала кезден эле аябай ачык-айрым, позитивдүү болчумун. 5-6 жашымдан тартып коӊшу кыздар менен магнитофонду коюп алып ырдап, бийлеп, концерт коюп ойночубуз. Көрсө, ошондон эле чыгармачылык ышкым ойгонгон экен. Апам эжем экөөбүзгө кичинекейибизде чыгыш бийине костюмдарды тигип берчү. Анда туугандардын арасында жакшылыктарда ырдаган да, бийлеген да мен болчумун. Атам дайыма кубанып кол чаап турчу. Көбүнчө агам менен, агамдын достору менен машина ойноп, эрке өстүм. Чыгармачылыкка  “Кыз бурак” тобу аркылуу белсенип кириштим. Ырдайм деп Гүлшайыр Садыбакасова эжекебизге барып, “Кыз бурак” тобунда 5 жыл эмгектенип, эженин тарбиясын алып чыктым. Ошондон бери ырдап келатам. Азыркы учурда жеке ырчымын. 27-30дай автордук чыгармаларым бар. Бала кездеги кыялыма жеттим. Анткени, ырчы болом дедимби, болом деп жүргөнмүн. Жеке концертимди да жакындарымдын колдоосу менен мыкты деӊгээлде өткөрүп алдык. Кудайга шүгүр!

“Эмнеге бирөөлөрдүн ырын ырдай бересиӊ?”- деп көп сурашат”

-Сын сөздөр башында ар бир эле ырчынын башынан өтөт болуш керек. “Эмнеге бирөөлөрдүн ырларын ырдай бересиӊ, эмнеге башка тилде ырдайсыӊ”деп сын айткандар көп болот. Башында аябай капа болуп жүрдүм. Мындай нерсе бардык эле ырчыларда болсо керек. Азыр бул комментарийлер мага аябай жагып эле жатат. Анткени, чыныгы чыгармачылык тил тандабайт. Жаман улут болбойт, жаман адамдар болушу мүмкүн дейт го. Ошондуктан мага башка тилдерде ырдаган жагат. Кыргызча деле ырларым көп. Адам эмне издесе ошону таба берет экен да. Анан бир белгилүү инсан “Айтурган, сен башкаларга көӊүл бурба. Адамдар сен жөнүндө сөз кылып жатса, демек, сен элге жеткирип жатасыӊ. Ошол үчүн пикир айтып жатышат. Ал нерсеге чөкпө”,-дегенден кийин чыйрала түштүм. Дагы да башка улуттун ырларын кызыгуу, берилүү менен ырдап калдым. Бул жаатта элге жеткирип атам деп ойлойм. Бийлегениме көп баа беришет. Сахнада өзүӊүздү эркин алып жүрөсүз, ошонуӊуз жагат деген сөздөрдү көп угам. 

“Башка концертке кирип кетишип...”

-“Кыз бурак” тобунда ырдап жүргөндө көп кызыктар болгон.  Бир жылы 3 күн катары менен концерт берип калдык. Апамдарга аяш энемдер менен келиӊиздер 5-6 орун алып койгонмун деп айтып, каерде болорун айтпаптырмын. Дайымкыдай эле драма театрда болсо керек деп барышса, концерт башталып жатыптыр. Аяш энемдер аяш кызыбыз үчүн деп 500 сомдон билет сатып алышыптыр. Кирип алып менин сахнага чыгышымды күтүп отурушуп, жарымына келгенде  Урмат Усеновдун концерти экенин билишкен экен. Анан кайра филармонияга барып биздин концертти көрүшкөн. Азырга чейин эстеп күлүп калабыз.

“Кыз бурак” тобу аркылуу чоӊ сахнага сапар алдым”

-Ырдын сөзүнө маани берип, тандап ырдаганга жетиштим. Анткени, азыр эл тандап угуп калган мезгил. Көбүнчө элдин табитиндеги ырларды ырдаганга аракет кылып жүрөм. Акыркы кездерде кыргыз шоу-бизнеси ар тараптуу өнүгүп келет.  Кийингенинен тарта ырга болгон маани берүүсү өзгөрүлдү. Жеӊил-желпи ырлар ырдалбай, кайра эски ырларды жаӊылап элге жеткирип жатышат. Муну да шоу-бизнестин өнүккөнү катары бааласа болот. Ата-энем да, жолдошум дагы мени колдойт. Ырчы болушума ушуга чейин эч ким, эч качан каршы болбоптур эстесем. Чыгармачылыкта Гүлшайыр Садыбакасова эжени устатым деп айта алам. Анткени, “Кыз бурак” тобу аркылуу чоӊ сахнага сапар алдым. Ошол топто ырдап жүргөндө сахнада жүргөндөн тарта көп нерселерди үйрөндүм, мыкты деӊгээлде даярдашты. Мен да буюрса, татыктуу болгондо шакирт күтсөм деген ойлорум бар.Чыгармачылыкта ар дайым элдин жакшылыгында кызмат кылсам, жүрөктөргө жеткен мыкты ырларды тартууласам деп максат кылып келем.

Бүкалча Маматали кызы

 

Окулду 290 жолу