Версия для печати
Среда, 19 Июнь 2019 04:36

МААЛЫМАТТЫК СОГУШ ЖАНА ЧАГЫМЧЫЛ МАТЕРИАЛДАР

Кыргыз саясатында акыркы убактарда маалыматтык согуш аракеттери абдан күчөп кеткенин жашырууга мүмкүн болбой турат. Расмий бийлик менен анын оппоненттеринин ортосунда каршылашуу ар дайым болуп келген жана мындан кийин да боло берээри мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тек гана ар кандай каршылашуунун карманар чеги, көздөгөн максаты жана ага жетүүнүн каражаты болууга тийиш. Максат каражатты канчалык даражада актайт, бул да олуттуу суроо. Негизгиси маалыматтык согуштун кызуусуна алдырып, каршылашкан тараптардын биринин этегин кармоо маниакалдык мүнөзгө жакындап кетпөөсүнөн сак болуу керек

МАТРАИМОВДОРДУН МИЛЛИОНДОРУ КИМДИ КЫЗЫКТЫРАТ?

Азыр  «Азаттык» үналгысынын 2011-2017-жылдар аралыгында Кыргызстандан 700 миллион доллар акча каражаты мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги туурасында жарыялаган иликтөөсү коомдо резонанс жараткан материалдардын бири болууда. Бул жаатта коомчулуктун салыштырмалуу бир беткей пикири калыптанып калды дегенге да, дегеле бир беткей мындай пикир калыптанат дегенге да мүмкүн эмес. Баарына мезгил калыс да, тарых- сот. Анан калса мамлекеттик маанилүү бир саясаттын өйдө-ылдый, оош-кыйыш тараптарын, анын арасын калпыс жактарын салыштырмалуу калыстык менен аӊдап-багуу үчүн белгилүү бир даражага өсүп-жеткен коомдук-саясий маданият талап кылынаары, биз азыр дал ошондой жолдо болбосо да, ошондой мүнөз күткөн жолго багыт алып баратканыбыз айтпаса да түшүнүктүү.

Коомдук пикир дегенди биз бүткүл кыргыз коомчулугунун ар бир мүчөсүнүн пикиринин жалпы суммасы эмес, коомдун активдүү бөлүгүнүн ары тарт-бери тарт менен салыштырмалуу калысташтырылган орток пикири катары түшүнүп турганыбыз оӊ. Аны камчыга ченеп же капчыкка калчап ортоктоштуруунун ар бир аракети орунсуз эле эмес, улут, улуттук психология үчүн олуттуу зыян алып алып келээрин эстен чыгарбоо зарылдыгы  бар.

Экс-президенттин демилгеси жана ошол эле мезгилде эбегейсиз зор салымы  менен «Раим миллион» аттыкан Матраимовдун миӊдеген-миллиондогон долларларынын тегерегиндеги ызы-чуулардын ыр-күүсү ыймандан да, а балким мыйзамдан да чыга жаздап бараткандай, башкысы – башкаларга кылымдарды карыткан кыргыз кызылдай мынча акчаны жаӊы эле көрүп жаткандай таасир калтырып жатканын да танууга болбойт.

Биз албетте,  «Өмүрү сатылбаган «Азаттыкты» Атамбаев сатып алыптыр…» кыязында  кыйкырып чыккандарга кошулуп, аталган үналгыны айыпка жыгуудан алыспыз. Ал америкачыл-батышчыл сасаттын рупору катары өз милдетин аткарды. Коомчулукта аздыр-көптүр резонанс жаратылды. Кеп эми жарыяланган материалдын  канчалык даражада обьективдүү жана калыс экендигинде жатат. Калыс дегенге ооз барбайт, анткени мындай мазмундагы материал мурда Эдил Байсаловдун ушул эле үналгы аркылуу, болгондо да Атамбаев али  бийликтен кете элек кезде жарыяланганганын эскек алуу керек. Андай жагдайга жок эле дегенде учкай болсо да шилтеме жасап коюу жагын «Азаттык атайылап унут калтыргандай таасир калат. Коомчулукту  үналгынын кабарчысы А. Токткунов мынчалык өлчөмдөгү акча которуулар жөнүндөгү маалыматты кимден алды деген собол анын атасындай кишиге «мен сиздин кеӊешиӊизе муктаж эмесмин!» деп көкүрөк кага жооп кайтарганынан көбүрөөк кызыктырат.Анткени, бүт дүйнө жүзүндө акча которуулар алуучу менен жөнөтүүчү гана билген банктык жашыруун сыр катары эсептелет. Бир да банк аны соттун чечими болмоюнча ачыкка чыгарбайт. Банктардагы которуулардын түпкү документтеринин көчүрмөсүн каржылык мекемелерге, атайын кызматтарга түздөн-түз көрсөтмө бере ала турган бийлиги бар адам гана ала алмак. Жогоруда көрсөтүлгөн убактарда андай адам ким болгондугу баарына белгилүү. 

«ОРОКТОГУ» ОРУНСУЗ ОКУЯ

Айт күнүндө Сокулуктун Орок айылындагы түрктөр менен кыргыздардын этностор аралык жаӊжалга айланып кетүүгө аз калган жаӊжалы деле чагымчылдык аракеттердин бири катары бааланууга тийиш. Сыягы, ал инцидентти оболу экс-президент жана анын тарапкелери 8-июнда өткөрүүнү белгилеген митингге мүмкүн болушунча элди көбүрөөк чогултуу үчүн пайдаланып калуу максаты коюлса керек. Азыркы бийликке нааразы болгон же нааразы боло турган ар бир адамдын баасы алтынга өлчөнүп жаткан маалда Атамбаевчилер ага маани бербей кое албайт. Ага өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн бир журналист айымга карата жасаган орунсуз мамилеси кошул-ташыл болду да калды. Дароо эле баса белгилей кете турган нерсе, мында коомчулуктун «ары тарт-бери тарт» кыязындагы психологиясынан кынтыксыз кабардар «пиарщиктер» аракеттенгенин жазбай байкоого болот.

Алар Туйгуналы Абдраимов журналистке мынчалык оройдой сезилген мамиле жасабаган күндө деле, баары бир губернаторду чагымчылдык аракеттерге аргасыз түртүүгө тийиш деп эсептешкен кадамдарды жасашмак деп болжоого болот. Бир журналистке жасаган орой (аны орой эмес деп эч ким айтпайт)  мамилеси үчүн эле бүтүндөй бир облустун бийлик башчысын кызматтан кетирүү талабы эмнеден кабар берет? Ата-бабаныкын мындай кой, азыркы эле журналистиканын нарк-насилине деле сыябы бул? Ар кандай чагымчылдык аракеттердин арамзаада арааны ашкере эле  ачылып, уусу жүрүшүп жаткан ушул тапта облустун губернаторунун кызматтык бөлмөсүн карсылдата каккылаган журналисттер  чагымчылардын жайган торуна тобу менен түшүп берген жокпу деп сурагыӊ келет.

БАШКЫ СОККУНУН БАГЫТЫ

Кыргыз саясатынын азыркы кыйыры көп жагынан эртеӊкиси бүдөмүк эле эмес, туӊгуюкка кептелип калган экс-президент менен азыркы президенттин ортосунда жүрүп жаткан келишпес каршылашууга барып такалып жатканын аӊдап-бакпаган адамды табуу кыйын. Билгенге бул эски менен жаӊы президенттердин ортосундагы эле эмес, бүтүндөй бир тарыхый этаптардын өз ара айыгышкыс күрөшү катары каралууга тийиш. Акаевдик заманда алгачкы капитал топтоо формасында калыптана баштап, Бакиев доорунда материалдык ресурстарды кайра бөлүштүрүүнүн стихиялуу алкагында андан ары өнүгүп,  Атамбаевдин тушунда мамлекеттик  байлыкты жапайычылык менен карактап-тоноо  чегинен чыгып баштаганын байкоо кыйын деле эмес. Арийне, бул процесстин да ченем-чени өлчөнүү. Муну ошол каршылашкан эки тарап теӊ эӊ сонун түшүнүп турушат. Баарын билип, түшүнүп турушкандыктары үчүн бул күрөштүн жаасы катуу болууда. Ошол себептен ортого баары ташталып, ак менен кара, асман менен жер биригип кете жаздагансыгандай абал түзүлдү. Кыргызстандын саясий күрөш аянтында чагымчылдык материалдарды колдонуу аркылуу атаандаштарды майдандан сүрүп чыгаруунун айрыкча кыргыздарда сыноодон ийгиликтүү өткөн аракеттери күчөтүлүүдө. Мындайда мамлекеттик бийлик башчыларынын  чагымчылдыкка алдырып жибербөөлөрү өтө олуттуу роль ойнойт. Акыркы маалдарда өлкөнүн премьер-министрине асылуу, аны отставкага кетирүү аракети токтобой, улам күч алып баратканын байкоого болот. Мындай максаттын артында кимдер турганын болжоо кыйын эмес. Өкмөттүн иши улам илгерилеп, ийгилиги артып баратканы ага карата ушундай мамиле жасоого аргасыз кылып жаткан саясий күчтөрдүн аз эмес экендигинен кабар берет. Схема жөнөкөй: премьер-министрдин ишин жаман деп айтуу үчүн анын министрлерин жарактан чыгаруу керек. Орок айылындагы ызы-чууда түрк элчисин жаманатты кылуу аракети Тышкы иштер министрлигине да сөз тийгизүүгө жол ачат. Ал эми Чүй губернаторунун жогоруда айтылган  олдоксон окуясы өкмөттүн ошол эле кадр саясатын ойлонбой жүргүзүп жаткандыгынын дагы бир көрсөткүчү катары эртеби-кечпи  чагымчылар тарабынан сынга алынаары турган кеп. Бирок, кептин баары айланып келип эле президентке такалып, башкы сокку ага багытталып жатканын байкабай- бакпай коюуга такыр мүмкүн эмес.

Эски көчтү улантуу, тагыраак айтканда, дагы уланта түшүүнүн Атамбаевдик болжолу ишке ашпай калгандан кийин анын болгон күч-аракети өзүнүн атын жана  азбы-көппү абийирин тарых үчүн мүмкүн болушунча сактап калуу далбасасына сарпталууда.

 Тарыхта ким, айрыкча кайсыл саясатчы  жаман аталгысы келсин? Аттиӊ, айтылып жүргөндөй, тарых шарттуу ыӊгайды сүйбөйт. Андай болгондо ким жаӊылмак да, ким адашмак. Экс-президенттин  Сооронбай Жээнбековго карата «мен сенден Курманбек Бакивди көрүп турам» деп айткамын»  дегенинен баштап, 8-июндагы атамбаевчилердин нааразылык митиндеги каралап-шыбоо дооматтарына чейинки эч бир суу кечпеген  сөздөрү мактанууга караганда актанууга көбүрөөк окшошуп кетет. Андай учурда айласыздан бир орустун бир  белгилүү публицистинин «бүкүрдүн күлгөнү ыйлаганынан да аянычтуу» деген учкул кебин эске түшүрбой кое албайсыӊ.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 205 жолу