• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Среда, 19 Июнь 2019 04:38

Баястан Максатбек уулу, жеӊил атлетика боюнча спорт чебери: «Максатым - мекенимди дүйнөгө таанытуу»

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Баястан Максатбек уулу, жеӊил атлетика боюнча спорт чебери: «Максатым - мекенимди дүйнөгө таанытуу»

Жаш спортчу Баястан Максатбек уулу спорттун жеӊил атлетика түрү менен машыгып келет. Спорт дүйнөсүнө келгенден тартып жакшы ийгиликтерди жаратып, Кыргызстандын үч жолку чемпиону болгон.  Жакында эле Ысык-Көл облусунда өткөн эл аралык  турнирге катышып, 800 метр аралыкка  чуркап 1- орунду багындырган. 

«Бала кезимен эле жеӊил атлетикага кызыкчумун»

-Мен 1996-жылы 15-январда Алай районуна караштуу Мурдаш айылында туулгам. Yй-бүлөдө 5 бир тууганмын, ата -энемдин экинчи уулу болом. Бир туугандарымын ичинен бир гана мен спорт жаатына кызыгам. Ата-энем дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет. Бала кезимен эле чуркаганды жакшы көрчүмүн, үй-бүлөбүз менен жайлоого чыкчубуз. Ээн-эркин жерде өзүм каалашымча чуркап көп машыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө дене тарбия  сабагынан окуткан агайларым мени макташчу. Ошондон улам менде спортко болгон кызыгуу күчөп, мектепти аяктап Ош шаарына келип, Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетине окууга тапшырганмын.

«Чуркоо ден соолукту жакшыртат»

-2014-жылы 1-курсста окуп жүргөнүмдө дене тарбиядан сабак берген  агайым Алмаз Казыбеков Ош шаарындагы университеттер арасында уюштурулган  жеӊил атлетика боюнча биринчиликке даярдады. Ал мелдешке катышып атаандаштарымдын арасында биринчи чуркап келгеним үчүн баалуу белектер менен сыйланганмын.  Алгачкы жеӊишим эле, албетте, абдан кубанганмын. Ошондон тартып Алмаз агайым мени жеӊил атлетика боюнча машыктырып баштады. Негизи жеӊил атлетика спорттун оор түрүнө кирет. Ошого карабастан ден соолугум чыӊ болушу үчүн өзүмдүн  кызыгуум менен спорттун ушул түрүн гана тандадым. Жеӊил атлетика менен машыгуу булчуӊдарды өстүрөт, жүрөк-кан тамыр жана дем алуу, нерв системаларын бекемдейт, зат алмашууну жогорулатат жана организмди чыӊдайт.

«Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болдум»

-Ош шаарына келип, жеӊил атлетика боюнча машыгып жүргөндө чындыгында кыйынчылык болгон. 2015-жылы Бишкекте өткөн республикалык мелдештерге катышып, жеӊилип калып ыза тартып жүргөн кездерим да болду. Бирок бара-бара жакшы даярданып машыгып жүрүп,  Бишкек шаарында өткөн мелдештерге   катышып, 800 метр аралыкка чуркап Кыргызстандын 3 жолку чемпиону болдум. Бишкектеги мелдештерде жеӊишке жетишкенимден кийин башка өлкөлөргө чыга баштадым. Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүндө жеӊил атлетика боюнча уюштурулган эл аралык мелдештерге катышып келдим. Ал жакта да ийгиликтерди жараттым. Быйыл эле  17-23-апрель аралыгында өткөрүлгөн  Азия чемпионатына катышуу үчүн Катарга бардым. 45 мамлекеттин ичинен 800 метр аралыкка чуркап, 10-орунга жетиштим. Андан кийин  Европа өлкөсүнүн эл аралык турнирине катышуу үчүн  Румыния шаарына бардым. Ал жакта да 800 метр аралыкка чуркап 8-орунга жетиштим. Андан кийин эле 11-майда Ысык-Көл облусунда Сатымкул Жуманазаровдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирге катышып 10 километр аралыкка чуркап  1-орунду алдым.

«Ийгиликтеримдин артында машыктыруучум турат»

- 5 жылдан бери Алмаз Казыбеков агайым машыктырып келет. Күндө эрте менен  кечинде 2 сааттан чуркап машыгабыз, 15 километр аралыкка чуркайбыз. Биздин машыгуучу жайыбыз Ош шаарындагы Акматбек  Сүйүнбаев атындагы  стадион, Токтогул Сатылганов атындагы эс алуучу жайы  жана Навои атындагы паркта чуркайбыз. Ошондой эле жылына 2 жолудан бийик тоолорго чыгып, таза абада машыгабыз. Бийиктикке чыгып машыгуу чындыгында аябай кыйын. Баарына чыдаганга туура келет.  Машыктыруучумду өзүмдүн бир тууган агамдай эле жакшы көрөм. Анткени, менин ийгиликтеримдин артында агайым турат, Алмаз аганын салымы чоӊ. «Ар убак өзүӊдү эркин карма, жеӊил салмак менен чурка, майлуу тамактарды көп жебе» деп  эскертип,көзөмөлдөп турат.

«Спорт жашоомдун бир бөлүгү»

-Башка жактарга мелдештерге барганымда Ош шаардык спорт комитети жардам берет. Жетпей калган учурда ата-энемден жардам сурайм. Спорттон сырткары эч кандай жумуш менен алектенбейм. Бардык күчүмдү, убактымды  ушул жеӊил атлетика менен машыгууга жумшайм. Жеӊил атлетика менин жашоомдун бир бөлүгү десем болот. Буюрса, келечекте чет эл аралык, дүйнөлүк  мелдештерге катышып, өз мекенимди  жеӊил атлетика боюнча  дүйнөгө таанытсам деген жакшы ой-максаттарым бар. Ар убак кыргыз элиме кызмат кылууга даярмын.

Батма Суранова

 

Окулду 773 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Спорт
Ушул категориядагы башка материалдар: « Өспүрүм чемпиондор «Эл берген ишеним менен эл күткөн жыйынтыкка жетиштик» »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved