Версия для печати
Среда, 19 Июнь 2019 04:42

Билим берүүнүн чечилбеген көйгөйлөрү

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жасап жаткан иштери эл өкүлдөрүнүн жана шаар башчыларынын кызуу талкуусунда болуп жатат. Бул татаал тармактуу башкармалык болгондуктан анда чечилбеген маселе, көйгөйлөр көп. Башкармалыктын жетекчиси Авазбек Асановдун айтуусунда бул маселелердин келип чыгуусу да, аны чечүү жолдору да акча каражатына келип такалат.

- Агай, билим берүү өлкөдөгү негизги социалдык жагдай болуп эсептелет. Ош шаарында да бул жаатта бир топ маселелер бар. Алар тууралуу ачык-айкын маек курсак жакшы болмок…

- Ооба, сессияда, координациялык жыйындарда «чү» дегенде эле Ош шаардык билим берүү башкармалыгы сынга алынып жатат. Бул тармакта кандай көйгөйлөр, маселелер бар экенин, алардын чечилбей жатканын себептерин бизге «оӊдосоӊор болот» деп сунуш кылып отурган адамдардан жакшы билебиз. Биздеги көйгөйлөр экиге бөлүнөт. Жергиликтүү башкармалыкка, тактап айтканда, мэрия менен билим берүү башкармалыгына тийиштүү, экинчиси мамлекетке байланыштуу көйгөйлөр. Кээ бир адамдар буларды чаташтырып, мамлекеттик деӊгээлдеги көйгөйдү да менден талап кылып, «эмне үчүн карабайсыӊ?» дей беришет. Андай учурда «бул маселелер меники эмес, мамлекет чечиши керек» деп жетекчи катары айта албайсыӊ.

    Билим берүүнүн сапатсыздыгынын биринчи көйгөйү - мектептерге бөлүнгөн акча каражатынын аздыгы. Эмгек акы аз болгондуктан жакшы мугалимдер башка жумуштарга кетип калып жатат. Чыдап иштеп жаткандарынын жакшы билим берүүгө көӊүлү жок. Мугалимдер алган айлыкка мен кол коюп отурган адаммын. Директорлор орточо эсеп менен 13-14 миӊ сом айлык алат. Директорго караганда көбүрөөк айлык алган 3-4 гана мугалим болот. Калганы баары 8-9 миӊ сомдон алышат. Турмуш шарты түптөлүп калгандар эптеп көз жумуп иштеп жатышат. Ал эми бала-чака багыш керек болгон жакшы кадрлар жеке менчик мектептерге же Орусияга кетип калып жатат.

Экинчи көйгөй – мектептердин материалдык-техникалык базасы. Биздин министрлик республикалык бюджеттен 700 миллиондон ашык акча алабыз. Мунун негизги бөлүгү эмгек акы менен соцфондго кетет. Калганы мектепке компьютер, китеп, буюм сатып алуу деген статьяларыбызга каражат жетпейт. Мектептерибиздин баарын компьютер менен камсыздай албай келебиз. Окуучулар отурган стол, парталар да союз мезгилиндеги боюнча. Жаӊы стандарттагы китептерге жетпей жатабыз. Китептин жетишсиздигинен китептер электрондук багытка өткөн. Себеби сабак толугу менен компьютер, интернет аркылуу болгондуктан китепти ошол жерден окуй беришет деген максат болгон. Бирок ал колдогу китептин ордун баса албайт экен. Колдо китептин жоктугу бир топ көйгөй жаратканда бир группа мугалимдер секциялык иште бул маселени айтышып, жыйынтыгында сабактын программаларын китепче кылып чыгарып, 3-4 мектепке таркатышат. Андан менин кабарым жок эле, бул окуя депутаттарга  жетип, «эмне үчүн мыйзамсыз китеп сатышат» дешип иш бир топ татаалдашты. Ошол иш «коррупция, пайда көрүү жолу» деп аталды. Мектепте чоӊ жыйында ата-энелердин, мугалимдердин сунушу менен «Камкорчулар кеӊеши» түзүлгөн. Алардын курамы ата-энелерден турат. Мектепке керек болгон нерсени камкорчулар кеӊеши көтөрүп чыгып, ата-энелерден акча топтоп мектепке жардам берет. Атайын кабинети, эсепчиси, фонду болот. Мектепке керектүү нерсе камкорчулардын чечими менен гана алынат. Каражат жетпесе ата-энелерге кайрылып, колдорунан келген суммада жардам берүүлөрүн суранышат. Мектептин мугалими же директору өз алдынча окуучулардан акча жыйната албайт. Алар керектүү нерсесин алып бергиле деп камкорчу кеӊешке гана сунуш бере алат.

- Мыйзам түзүлгөнү менен мектепте, бала бакчада тарбиячылар, мугалимдер акча жыйнаган учур көп эле кездешет. Бирок ата-энелер да сыздаганы менен ачык айтышпайт. Ата-энелерге ишеничтүү болуусу үчүн каражат жыйноо иштерин компьютерлештирип, башкармалыкка атайын “Элсом” же “balance.kg” сыяктуу электрондук капчык программа түзсөӊөр болбойбу?

- Жакшы нерсе бул. Биз буга чейин элсомду иштеткенбиз, бирок терминалдар бузула берип тажаткан. Анын үсүтүнө маянанын аздыгынан бизге күчтүү программист да иштегени келбейт экен. Бирок бул иштерди ойлоп жүргөм, сентябрь айына чейин ишке киргизүүгө аракет кылам. Азыр деле ата-энелер акча бергенде эсеп-дүмүрчөктү талап кылуулары керек. Ата-эне балдарына жардам берүүсү кажет. Анча-мынча 300-500 сомдон топтошсо көп көрүп ызылдап чыгышат. Бир жолу телевидение аркылуу катуу айткан сөзүм үчүн да бир топ кагуу жедим. Америкада, Германияда деги эле бардык өлкөдө ата-энелер балдарына жардам берет. А бизде эмнеге болбосун? Кээ бир ата-энелер колунда каражаты болуп турса да  “мен эмнеге берет экенмин, мектеп өзү кылсын” дейт. Бул нерселер туура эмес да.

- Депутаттар рейд кылганда көп мектептердин абалын көрүп, аябай кейиген учурлар болот. Сиз айткан эмгек акыны көп бергенде эле бул маселелер чечилип, билим берүүнүн деӊгээли жогорулайбы? Ошол мектептин директорлорун алмаштыруу чарасын көрбөйсүздөрбү?

- Эмгек акысы жогоруласа мугалимдердин эмгеги бааланып, алган акчасына жараша мугалим да тытынып иштеп калат. Директорлорду алмаштыруу боюнча мен көп иштерди кылдым. Бирок андан да начар директор келип калуусу толук мүмкүн экен. Биз жалпы эле мугалимдерге аттестация өткөрдүк. Жыйынтыгында  алдыӊкы балл алгандарды сыйладык, начар балл алгандардын баасын өзүнөн башка эч ким билген жок. Бул иштерибиз мугалимдердин 95 пайызына таасир берди.

- Учурда кандидаттыгын жактаган адамдар көп болууда. Ошолорго доцент, профессор деген наамдарды жөн эле ыйгарып койбой илимин жактаганына кошо билим берүүсү төмөн болуп жаткан мектептерге 2-3 жыл директор кылып, ошол жерде көрсөткөн ишинин жыйынтыгын көргөндөн кийин даражасын берсе жакшы болмок. Ушул идеяны министрликтин жыйындарында сунуштасаӊыз болобу?

 - Мен да илим жактаган адаммын. Бул анча- мынча адамдар ойлогондой оӊой иш эмес. Анын үстүнө мектептерде айлык аз болсо ким ал жерге барып директор болмок эле. Бул идеяны ишке ашыруу менен илим жактаган адамдардын санын гана азайткан болбосок билим берүүгө эч кандай таасири тийбейт деп ойлойм. Маселе айланып келип эле мугалимдин эмгек акысына барып такалат. 

- Ар бир адам өзүнүн үстүнөн иштеп, билимдүү, тажрыйбалуу, издеген мыкты кызматкер болсо аны жумуш менен акча ээрчийт. Айлык аз деп эптеп-септеп иштеген адам айлык көтөрүлгөндө жакшы иштеп кетет деп ойлойсузбу?

- Ушул парадокс мени кыйнаган маселенин бири. “Бул жерде жеке менчик мектеп ачылып жатат экен” деген кепти угарым менен жакшы мугалимдеримди эстеп “ушуну алып кетип калышпаса экен” дейм. Айткандай алып кетип калышат.  Мен жыл сайын жакшы мугалимдердин санын көбөйтүүгө аракет кылам, а аларды башка жакка тартып кетишет. Жылына 10 жакшы мугалим башка жакка кетсе алардын ордуна жаш мугалимдер келет. Анын төртөө эки-үч айда эле чыдабай кетип калышат. Эмгек акыны канчалык жакшы төлөп берсек, ошого жараша талап кылып, алардын деӊгээлин жакшыртабыз.

- Мектептердеги көйгөйлөрдү долбоорлор, гранттар, инвесторлор менен иштеп жакшыртса болбойбу? Мисалы, ОшМУну Каныбек Исаков өзүнүн иш билгилиги менен университеттин абалын шаардын өнүгүүсүнө теӊдеп койбодубу?

- Мен өзүм ОшМУдан келгем. Университетте түрдүү тармакта бөлүм башчы, декан, проректор болуп иштеп, ар түрдүү эл аралык долбоорлорду жазууга катышып, Европа, Түркия менен болгон долбоорлорду жетектеп, грант алуу, анын пайдасын жакшы билген адаммын. Бул кызматка келгениме эки жылдан ашкан болсо ушул аралыкта бир топ долбоорлор менен иштеп, жакшы иштерди аткардык жана аткарып жатабыз. Орто билим берүү менен жогорку окуу жайды такыр салыштырып болбойт.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 135 жолу