Версия для печати
Среда, 19 Июнь 2019 04:50

XXI сессия: «Ардактуу атуулдар» аныкталды

11-июнда Ош шаардык Кеӊешинин кезектеги XXI сессиясы болуп өттү. Салт болуп калгандай төрага Жапарбек Туратович сессиянын башталышын жакшы азем менен ачты. Тактап айтсак, Ош шаардык Кеӊешинин жаштар саясаты, социалдык тармак боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Ашым Осмоновго «Финансы кызматынын мыктысы» төш белгисин ыйгарса, Ош шаардык Кеӊешинин башкы эсепчиси Чолпон Мамаевага Финансы министрлигинин ардак грамотасын тапшырды. Сессияга Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов катышып, сыйлык ээлерине куттуктоо сөздөрүн айтып, сессиянын жүрүшүнө ийгилик каалады.  Жалпы 39 депутат катышты.

Күн тартибине 12 маселе киргизилип, алардын баарына тиешелүү токтомдор кабыл алынды.

1. Ош райондук тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жана «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө.

2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктүн реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча аткарылып жаткан иштери жөнүндө.

3. Ош шаарындагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан № 8а,-14,8а-15, 8а-7а, 8а-10а, номуру жок даректердеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө.

4. Ош шаарындагы кээ бир аймактардын функционалдык багыты жөнүндө.

5. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

6. Ош шаарынын аймагындагы кээ бир аты жок көчөлөргө аталыштарды ыйгаруу жөнүндө.

7. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө.

8. Ош шаарынын Аксакалдар сотторунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө.

9. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу жобону бекитүү боюнча токтомунун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

10. Ош шаардык Кеӊешинин аппараты жөнүндө жобону бекитүү.

11. Ош шаарынын мэриясынын 2019-2020-жылдарга карата мамлекеттик социалдык заказ боюнча программанын долбоорун бекитүү жөнүндө.

12. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселелер каралды.

Жарыктандыруу, электр энергиясы боюнча депутаттар тийиштүү мекемелердин жетекчилеринен кызыктырган бир топ суроолоруна жооп алышып, керектүү сунуш-пикирлерин да айтышты. Эл өкүлдөрү бул тармакта аткарылган ар бир ишке маани беришип, кемчиликтерди айтканча жасаган иштерин баалап, мактоо сөздөрүн да айтып өтүштү.

Сессияга чейин туруктуу депуттатык комиссиялар өз ара жыйын өткөрүп, сессияда каралчу маселелердин бир тобун учурунда чечип койгондуктан көп маселелерди бир колдон колдоп, туруктуу комиссиянын чыгарган жыйынтыгы менен токтом кабыл алышты. Көптөн күткөн, көпчүлүктү кызыктырган, күн тартибиндеги акыркы «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү маселе бул ирет да кызуу талкууга алынды. Себеби «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына 16 инсан талапкерлигин койгон эле. Алардын ичинен Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков өз каалоосу менен талапкерлигин алып койгон. Бул инсандын наамга татыктуу экенин айтып, талапкерлигин өз алдыбызча кошуп коё берели деген депутаттар да болду. Өз каалоосу менен алып койсо, анын укугуна кол салбайлы деген да тараптар чыкты. Ошентип 15 талапкерге ачык шайлоо болду.

Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов:

«Каныбек Абдуваситович «Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу эле»

- Өзүӊүздөргө маалым болгондой Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу көп убакыттан бери жыйынтыкталбай келүүдө. Акыркы жолу шаардык Кеӊештин 2019-жылдын 14-майындагы сессиясында 16 жарандын талапкерлиги каралып, сессиянын жүрүшүндө айрым талапкерлердин сиӊирген эмгектерине карата депутаттар арасында сындар айтылып, талапкерлерди кайрадан карап чыгууну мэриянын комиссиясына кайтарганбыз. Комиссия кайрадан карап чыгып, 16 жаран теӊ наам алууга татыктуу экенин билдиришкен. Айрым талапкерлер жөнүндө такталбаган маалыматтар айтылганы менен ал документ түрүндө далилденбеди. Биз такталбаган маалыматтарга таянып ал талапкерлерди тизмеден алып салсак, мыйзам чегинде иш кылган болбой калабыз. Ал эми Каныбек Абдуваситович «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына татыктуу киши. Анын талапкерлигин мен өзүм сунуштагам. Бирок арызын жазып келип, «мен элге дагы бир аз кызмат кылайын, анан эл, мугалимдер, студенттер баа берсин» деп талапкерлигин алып койду. Айрым депутаттар агайдын талапкерлигин колдоп чыгышты. Бирок агайды сыйлап, өз каалоосун канааттандырууга макул болдук.

«Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди шайлоодо депутаттардан атайын комиссия түзүлүп, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн көзөмөлүндө шайлоо болду. Шайлоого 38 депутат катышты. Жыйынтыгында 16 талапкердин ичинен 12си «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамына татыктуу болушту.

Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын алгандар

1.Балтагул Нурунбетов- тарыхчы, Кыргызстан элдеринин улуттар ассамблеясынын Оштогу жетекчиси

2.Дарика Асилбекова-психолог, «Ак-жүрөк» кризистик борборунун жетекчиси

3.Худайберди Азимов-Ош шаарынын тургуну

4. Алмазбек Алиев-жеке ишкер, МПА май куючу ишканасынын жетекчиси

5.Абдыманап Алдаяров- Ош шаарынын тургуну

6.Байыш Төлөнов- журналист, ЭлТР МТРКсынын кызматкери

7.Дөөлөтбек Көкөчоров -«Ош шаар сууканал» мекемесинин жетекчиси

8.Курсан Асанов-Ички иштер министринин орун басары

9.Мукамбек Алыкулов-Ош шаарынын мурунку мэри

10.Байболот Абытов-тарыхчы, Ош МЮИнин проректору

11.Гульсана Эсенбаева-Ош шаардык Кеӊешинин депутаты

12.Болот Абилдаев-«Газпром Кыргызстан» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси

Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын албай калгандар

1.Маматибраим Бостонкулов-акын жана обончу

2.Салима Шарипова-акын жана журналист

3.Нурбүбү Жаманакова-юрист, Ош шаарынын тургуну

Ардактуу атуул боюнча маалымат

Жарандарга Ош шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы Ош шаарынын жана Кыргыз Республикасынын гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууда сиӊирген өзгөчө эмгегин таануу, анын ишмердигин баалап сыйлоо максатында Ош шаардык Кеӊеши тарабынан, сессиянын токтомунун негизинде ыйгарылат. Жаранга «Ош шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча сунушту Ош шаардык Кеӊешинин депутаттары, Ош шаарынын мэриясы, жергиликтүү өзүн-өзү  башкаруунун аймактык органдары, ар кандай уюмдар, коомдук бирикмелер, жеке атуулдар киргизе алышат. Сунуш «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» жобону жетекчиликке алуу менен, Ош шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча комиссиянын, андан кийин шаардык Кеӊештин туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосунан өтүп, татыктуулар шаардык Кеӊештин сессиясына сунушталат.

Жобонун 9-беренесине ылайык «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечими Ош шаардык Кеӊешинин сессиясында депутаттардын көпчүлүк  жашыруун жабык добуш берүүсүнүн негизинде кабыл алынат жана Ош шаардык Кеӊешинин токтому менен бекитилет.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 323 жолу