Версия для печати
Среда, 19 Июнь 2019 04:54

Арек айылында жаӊы ФАП ачылды

Жапалак айылдык башкармалыгына караган Арек айылына заманбап фельдшердик-акушердик пункт курулду. ФАПтын ачылышына шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышышты.

ФАПтын айланасы да тосулуп, көрктөндүрүлгөн.

“Шаарга караган айылдарда мектеп, бала бакча, ФАП сөзсүз түрдө болуш керек. Арек айылы жаӊы ФАП менен камсыздалды. Курулуш иштери жүрүп жатканда келип, ФАПтын айланасын көрктөндүрүүнү, дарак эгүүнү айткан элем. Айткан иштердин баары аткарылыптыр. Алдыда жасай турган иштерибиз көп”,-деди мэр Т. Сарыбашов.

ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 5 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары жергиликтүү ишкерлер да колдоо көрсөткөн.

 

Окулду 170 жолу