Версия для печати
Понедельник, 24 Июнь 2019 04:32

ЖАЗАЛООГО МYМКYН ЭМЕС АКТООГО же « Казнить нельзя помиловать» сөзүнүн кыргызча кырдаалы жөнүндө

А.Ш.Атамбаевди Кыргызстандын экс-президенти катары кол тийбестик макамынан ажыратуу жөнүндө Жогорку Кеӊештин депутаттары тарабынан көтөрүлгөн демилге жана аны ишке ашыруу үчүн көрүлүп жаткан аракеттердин алгачкы этабынын жыйынтыгы азыркы тапта коомчулуктун көӊүл борборунда болууда. Коомчулуктун  назарын түшүнүк менен мыйзамды, ыйман менен мыйзамды,  аягында мыйзам менен мыйзамды колдонуу процедураларынын ортосундагы түрдүү, негизинен формалдуу каршылыктар менен алаксыта туруунун далбасасын жасап жаткан айрым күчтөрдүн да коӊулдан баш көтөргөнсүгөнү байкалат.

ТАМЫРГА YӉYЛYY

«Тамырга үӊүл!» деп  эскерткен экен Козьма Прутков. Бардык окуя-көрүнүш, процесстердин түбү, тамыры бар. Кыргызстандагы азыркы бийлик ошол кыязда аракеттенип жатканын аӊдап-бакпай коюуга мүмкүн эмес. Бул анын көп жылдардан бери өсүп-өнүгүүнүн узун жолун басып өтүп, кыргыз коомчулугу, айрыкча анын саясий башкаруу элитасы үчүн кадыресе көнүмүшкө айланып бара жаткан коррупциянын оркойгон орой-олдоксон мүнөзүн олуттуу ооздуктоого карай жасап жаткан аракетинен байкалып жатканын баса белгилеп кетүүгө тийишпиз.

Коррупцияга каршы күрөшүү оӊой иш эмес. Ал эми коррупция бийликтешип, бийлик бүтүндөй коррупциялашып кете жаздагансыган кырдаалга такалган Кыргызстан үчүн бул күрөшкө дээрлик башты сайып коюу аркылуу аракет кылуунун зарылдыгы азыркы бийлик  дооруна туш келгенин Сооронбай Жээнбеков эӊ сонун түшүнүп турат деп болжоого болот. Бул күрөштү аягына чейин чыгарса, анын аты  кыргыз саясатынын соӊку тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калуу бактысына ээ болору шексиз. Тарыхтын андай шыбагасын эч кандай байлык жана бийлик менен өлчөп болбойт. Соӊку кыргыз тарыхынын өнүгүү өӊүтүнүн өзү Сооронбай Жээнбековго, жалпы эле Жээнбековдорго дал ушундай мүмкүнчүлүктү жаратып олтурганын аӊдабай коюуга мүмкүн эмес. Жээнбеков соӊку жылдарда ашкере гүлдөп кеткен коррупциянын тамыры каерге барып такалып жатканын жакшы түшүнүп турганы айтпаса да белгилүү. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүү аркеттериндеги башкы тоскоолдуктар жана ага бут тосуулар да ушул өӊүттөн каралууга тийиш.

АТАМБАЕВ МЕНЕН ЗЕЛЕНСКИЙДИ ЭМНЕ БИРИКТИРЕТ?

 Кыргызстандын экс-президенти менен Украинанын эмки президентинин ортосунда алды-артын карабай сүйлөп алып, анан артынан эмне деп айтып таштаганын ойлонуу жагынан окшоштук бардай сезилет. Албетте, мындай «балп» этме мүнөз  Зеленскийге али олуттуу зыян алып келе элек. Ал эми Атамбаев үчүн мындай мүнөз  ага эскертүү коӊгуроолорун эбактан бери эле кагып келатканына атпай кыргыз күбө.

Куудул болуп туруп президенттин ролун ойноо менен президент болуп туруп куудулдун ролун ойноонун ортосунда өтө чоӊ айырма бар экендигин орус президенти Путин да Украин президентине карата берген баасында баса белгилеп алганы бар. Арийне, Атамбаев  аӊды-дөӊдү карабай«балп» эттирип таштамай адатын өмүр бою  сактайт шекил. Анын кайсыл бир орус досу  «улам эле ойду-тоону сүйлөй бермей адатыӊды таштай тур» деп кеӊеш бергенин маалыматтын бир булагынан окуп калганыбыз да бар. Бирок. Адамдын өзү менен кошо кетчү айрым сапаттарына айла жок окшойт.

 Белгилей кете турган бир жагдай, Зеленсенский Украинанын президенттик тактысына талапкер болгонго чейин куудул-шоумен катары белгилүү болсо, Атамбаев Кыргызстандын президенттик тактысынан түшкөндөн кийин «куудулдугун» уламдан-улам арттырып , «шоулорун»  күчөтүп баратат. Зеленский балким, ошондой сапаттары менен максатына жеткендир, ал эми Атамбаев эмне максатты көздөп «шоу» көрсөтүп жатканы белгисиз. А балким, бул күлкү аралашкан ыйдай сезилген жоругу ошонун азабын чындап тарткандан баштап жолдо калаар.

Атамбаевдин 8-июнда «Форумдун» алдында өткөргөн жыйынында Жогорку Кеӊештин депутаттарын бир нече ирет чимкирик атап, ызырына опурулуп алганы бул ирет чектен аябай эле чыгып кеткенсиди. Ал Жогорку Кеӊештин депутаттарын буга чейин да ошентип атаганы эсибизде. Президентке карата ал тарабынан айтылган «колхоз» деген сөз  илгерки Союз маалында «айылдык» деген мааниден башка эч кандай деле эрөөн-терөөнү жок экени маалым. Кыргызстандын тарыхый шартында улуттун дээрлик үчтөн экисинин түбү айылдык экенин, Салижан Жигитов айткандай, интеллигенциянын мен деген өкүлдөрүн баары теӊ салыштырмалуу түрдө бир буту менен айылда, бир буту менен шаарда тургансыган абалды элестетери эч бир жаӊылык эмес. Ал эми «шаардык» Атамбаевдин  кызуулана сүрөттөп, көк-алаланта көркөм деталдаштырып берген чимкиригин айылдыктар деле ата-бабанын адебине жараша абайлап айтып, абайлап угарын экс-президент да, анын сөзүн «берилип»  угуп кол чапкандар да  байкамаксанга салып койду.

ЭЛИТА, КАЙДАСЫӉ?

 Неси болсо да Жогорку Кеӊеште ушул тапта Атамбаевден экс-президент макамын алып салуунун аракети башталды. Айрым маалыматтарга караганда, андай процедура эки жарым айга созулат. Кээ бир талдоочулардын пикиринде, Жогорку Кеӊеш бул маселени каникулга чейин эле чечүү аракетин көрүшөт. Балким, бул туура, аныгыраагы экс-президенттин ээ-жаа бербей ээн ооздонуп бараткан пейилин чектөө насилинен алганда аргасыз кадамдыр, ким билет. Кантсе да парламент депутаттары бул ирет экс-президенттин аларды орой келекелегенине мыйзамдын талаасынан туруп мыйзамдуу жооп берүүгө белсенишкени маалым болууда. Ал ортодо депутаттардын бири Жогорку Кеӊештин минбарынан туруп «биз, депутаттар чимкирик эмес, элитабыз!» деп айтканга үлгүрдү.  Арийне, депутат бул сөздү маанисине жете бербей кыйкырып коюп, азыркы депутаттарды карапайым калктын кайсыл бир бөлүгүнүн шылдыӊына кабылтканын өзү сезбей калгансыды. Балким, ал бул сөздү «Жогорку Кеӊештин депутатынын статусу цивилизациялуу өлкөлөрдө улуттун элитасы деген жазылбаган аталышка теӊ» деген кыязда  кыйытып айтса, туура болор беле. Анткени, бизде элитанын өзү тургай,  ушундай маанидеги түшүнүк эми калыптанып келе жатканы жаӊылык эмес.  Батыштык «элита» түшүнүгүнө ошол эле Батыштын өзүндө да абайлап мамиле жасалат.

Батыш тибинин демократиялык түзүлүштөрүндө изилдөөчү Т.Шарандын пикиринде, ар бир миллион тургунга болжол менен жогорку элитанын 50 өкүлү туура келет. Калкынын саны 200 миллиондон ашкан АКШнын жогорку элитасынын чөйрөсү 10 миӊди түзөт. Шаран азыркы элиталарды жогорку, орто жана административдик деп үч топко бөлгөн. Булардан тышкары, маргиналдык, башкача айтканда, ортолук элита да өзүнчө бөлүп көрсөтүүгө ылайыктуу деп эсептелет. Орто элита чоӊ курактагы  кишилердин болжол менен 5% ын түзөөрү белгиленген. Бизде азыр элита деп салыштырмалуу түрдө Шаран көрсөткөн элитанын административдик тобун гана атасак болот. Аны советтик доордогу социолог Т.Заславскаянын күүсү менен башкаруучу тап катары да кабылдоого мүмкүн.  Бирок, андай учурда айтылуу Конфуцийдин башкаруучу элитанын өкүлдөрүнө алардын социалдык сапаттары аркылуу ачып берген төмөнкүдөй мүнөздөмөсүнө көӊүл буруу керек болот.  «Асыл азамат жакшылыкка сараӊ; эмгекке мажбурлаганы менен, ачууланбайт; арзуусунда ач көз эмес; улуу болсо да кекирейбейт; урмат-сыйда жүрсө да каардуу эмес». Биздин азыркы депутаттардын арасында ушундай социалдык сапаттарга ээ болгондор барбы, болсо канча пайыз?

 АЙ, АДАХАН, АЙДА, ТЕКЕБАЕВ!

 Сооронбай Жээнбеков башынан эле өз саясатын популизмге мүмкүн болушунча алдырбай  келе жатканын белгилеп коюуга тийишпиз. Президент коррупцияга каршы чабуулду экс-президенттен, элестүү айтканда, тамырынан баштаса, анда бутактары кала берип, кайра эле тамырлай бермек деп болжогондордукун туура деп ойлоо керек. Тамырды соолутуу үчүн адегенде сөӊгөктүү бутактарды кыйган абзел. Азыр кезек тамырга жеткенсип турат. Бирок, бул ишти дароо баштаганга каршы пикир айтып баштагандар чыгууда. Текебаев экс-президенттин статусун алып салуу процедурасында шашылбай, мыйзам чегинде гана аракеттенүү керектигин, антпесе экс-президент эгерде эл аралык сотко кайрылса, андан утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин кыйытса, Азимбек Бекназаров экс-президенттен кол тийбестик макамын алып салуу максатында түзүлгөн депутаттык комиссиянын мыйзамсыздыгына басым жасап жатканын түшүнүү кыйын болууда. Булар экс-президенттин камалуу мөөнөтүнүн узартылышына эмне максат менен кызыкдар болушууда?

 Ал ортодо Адахан Мадумаров да Сооронбай Жээнбековду легитимдүү президент катары тааныбай тургандыгын жар салып,  теӊирден тескери кеткендей болду. Мадумаров убагында өтмө доордун президенти Роза Отунбаеваны да легитимсиз президент катары тааныбастыгын Атамбаевден мурда эле билдиргени бар.

Мадумаров, кудай сактасын, ушинтип жүрүп өзүнүн күчтүү оппозиционер катары  «легитимдүүлүгүнөн» ажырап калбаса болгону.

 Мадумаровдун азыркы бийликти алсыз атап, «ага каршы күрөшүү үчүн ким менен болсо да кошулуп кетүүгө даярмын» деген ач айкырыктуу билдирүүсүн эч ким унута элек. «Адахан азыр Атамбаев менен биригип кетти окшойт» деп болжолдоп жаткандарга таӊ калууга болбойт. Мадумаров жогорудагыдай билдирүүсү менен Атамбаевден да ашып түшкөнүн  баса белгилөө керек.

Азыр экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартуу же тартпоо маселесинде саясий элитанын арасында  орусча аталышында «КАЗНИТЬ НЕЛЬЗЯ ПОМИЛОВАТЬ»  деп жазылып жүргөн юридикалык казустун бир  түрү калыптана баштагандай таасир калууда. Айтымда, илгери бир адвокат сабатсыз бир соттон коркунучтуу кылмышкерге карата чыгарылган өкүмдү ушундай мазмунда, тагыраагы, грамматикалык тыныш белгилерди койдурбай туруп жаздырып алуу жолу менен ошол кылмышкерди актап жиберген имиш. Көрүнүп тургандай казус бул сүйлөмдөгү эки тыныш белгилердин (илеп жана үтүр)  кайсыл сөздөрдөн мурда же кийин колдонулушуна карап, жараша  түрдүүчө чечмелене берет.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 160 жолу