Версия для печати
Понедельник, 24 Июнь 2019 04:37

Обончу Эгемберди Талипов: “Биздин эӊ жакын адамдарыбыз – акындар”

Эгемберди Талипов ОшМУнун доценти, музыка изилдөөчү, обончу. Агайдын шакирттеринин алды эмгек сиӊирген артист наамына жетишсе, ал эми 130дай белгилүү обондун автору азырынча маданияттын мыктысы гана. Агай өзү болсо “Кутман Султанов, Самара Каримова, Айпери Кулбаева, Элбарчын Калилова – шакирттерим, ар убак агай деп сыйлап жүрүшөт, алар менен сыймыктанам” дейт.

“Музыка мага чоӊ атамдан өтүп, насип кылган таберик”

- Өзгөн районунун эл жыш жайгашкан Кароол айылынан боломун. Бардар үй-бүлөдө өстүм.  Атам чарбанын адамы болчу. Айыл өкмөттө парторг болуп жүрдү. Апам 8 баланы төрөп-өстүрдү. №14 Ленин атындагы мектепти аяктадым. Чоӊ атам комузда ойногон сөзмөр, акындык өнөрү бар киши болгон экен. Музыкага болгон кызыгуу дилимде, дээримде, жүрөгүмдө чоӊ атамдан өтүп, мага насип кылган таберик деп түшүнөм. Эки бир тууганым бүгүнкү күндө Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайда аккордеондон сабак беришет. Айылдаштар Ботобек абабыздын комузчулук, ырчылык өнөрүн балдары эмес, неберелери тартты деп калышат. 

“Велосипеддин ордуна гармошка алып келип...”

-4-класста болсом керек. 24 деген маркадагы велосипедди аябай жакшы көрөт элем.  “Мага 24 велосипед алып бергиле” деп кагазга жазып илип койчумун. Бир күнү менден 3 жаш улуу Эсенгелди агам атайын велосипед сатып алуу үчүн базарга кеткен. Оолугуп үйгө келсем велосипед жок. Айнекте кара төрт бурчтук “Тула” деген жазуусу бар нерсе турат. Көзүмө төрт бурчтук болуп эле көрүндү. Көрсө ал гармошка экен. Анан велосипед каякта десем агам жаӊжал чыгарат деди да үйдөн чыга качты. “Эй, велосипед кана?” десем агам качып эле апам менен атамдын жанына корголоп калды. Анан велосипед келбегенин түшүндүм.  Көрсө хозмагда велосипед калбай калыптыр. Агам издеп таппай гармошканы жакшы көрүп алып келген экен. Велосипед келгенде аны да алып беребиз деп көндүрүштү акыры.  А гармошка жөн эле турду. Агаларым кээде отуруп алып өздөрүнчө гармошканы чойгулайт, үйрөнүмүш болушат. Анан бир күнү кызыгып алып чукулап, тарткылап  көрдүм. Азыр ойлосом бул дагы Кудай таалам берген нерсе экен да. Агам ойнобой эле мен кыӊылдатып гармошка ойной баштадым. Кечинде коӊшу айылдарда кино болот. Гармошканы моюнга илип алып, досторум менен түнү киного жөнөгөндө ырдап баштайбыз. Клубга жетерде чөптүн арасына бекитип, кайра келатканда  айылга чейин ырдап келебиз. Мектепте мугалимдер “классташтарыӊды ырдатасыӊ, концерт коёсуӊар” деп башташты. Концерт койгондо мектептин баянын алып мен ойноп, классташ кыздарым ырдайт. Гармошка менен да концерт коет элек. Ошентип музыка мени өзүнө тартты. Гармошка менен Эсенгелди агам себеп болуп калды. Бала кезде “элчи болгонду, шапке кийип алып  такси айдаганды жакшы көрөм” дей берчүмүн. Насип экен, музыкага келип калдым.

“Уулум экөөбүз бирге окуп бүттүк”

 -Жылдар өттү. 9-классты бүтсөм керек. Тууганымдын мен теӊдүү кызы Оштогу жатак мектепте окуп, ошондон улам азыркы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайында 1-курсту бүтүп,  каникулга барып калды. “Сен гармошка ойнойсуӊ, мен окуган жерде сендей эле балдар окушат, сени да окууга алып кетейин” деп атам-апам менен сүйлөшүп Ошко алып келди. Экзаменден өткөрүп, текшерип жатканда баян да ойной алам дедим. Сендей балдар бизге керек дешип, Никутик деген немис агайга бөлүп беришти. Анда Ниязалынын аты жок эле. Жөн эле музыкалык училище болчу. Ал жерди бүтүп, Өзгөндүн музыкалык мектебинде 23 жыл сабак бердим. Жогорку окуу жайын бүтүп баргандарды көрүп, Ошко барып окуюн деп ойлонуп жүргөндө Жолболду Алибаев барып бир жыл иштеп калды. Ал убакта музыкалык окуу жайды улуу балам дагы бүтүрүп, музыкалык мектепте иштечү. Жолболду Алибаев мени филармонияга ишке киргизип, ОшМУнун музыкалык багытына сырттан окуу бөлүмүнө тапшыртты. Балам экөөбүз 3 жыл окудук. Ошентип ата-бала 2008-жылы ОшМУдан чогуу бүттүк. Мени ОшМУга жумушка алып калышты. 

“Атам туура багыт берген экен”

-1-2 обондорум жазылып, атым угула баштаган кез. Чарбада иштеген бир агам келип, “сен да ата жолун жолдоп чарба кылышыӊ керек, документтериӊди даярда, айыл чарба институтуна окууга өткөрөм” деп кызыктырып койду. Өзүмчө бүлө күтүп калган кезим. Атама айтып кеӊешпей эле даярданып жүрсөм, атам чакырып сурап калды. Айттым,  атам көнбөдү.  “Элдин баары эле айыл чарба институтун бүтүргөн. Аны да иштеген иштейт. А сенин музыкаӊды Алла Таала  насип кылбаса башка адам алып кете албайт. Сен ошол музыкаӊ менен эле кет” деди. Атамдын сөзүнөн кийин оюмдан кайттым. Көрсө, атам туура багыт берген экен.

“Жубайымды Чүйдөн Ошко алып келдим”

-1972-жылы Фрунзедеги Т. Сатылганов атындагы филармониянын эстрадалык студиясына 2 жылга окууга бардым. 2-курс болгон кезде Зуурабү  (жубайы) келди. Алардын экзаменинде аккордеон ойноп бердим. 2-3 күн ошентип жүрдүм. Кийин айрым сабактардан чогуу окуп калдык. Анан мен окууну бүткөндө “Ошко концертке барасыӊар” дешти. Жакшы ырдаган кыздардан да кошуп беришти. Токтосун Тыныбеков, Тууганбай  Абдиев менен Ошко келдик. Жубайым Зуурабүбү экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз да. Сапар бүткөн соӊ Ошко чейин чогуу келип, күтүүсүздөн “биз калабыз” десек, “бириӊ Оштон, бириӊ Чүйдөн” деп баары таӊ калып, кубанып, бактылуу болгула деп батасын беришкен. Мен анда 19 жашта, жубайым 17 жашта эле. Азыр мен 67 жаштамын. Чогуу жашаганыбызга 50 жыл болду. Байбичеме рахмат. Жакшы жашап келебиз.

“Алгачкы обондорумду жубайым ырдаган”

-1971-жылы алгач Асылбек Медетбековдун “Сенин көзүӊ” деген ырына обон жаздым. Бирок, авторго бир дагы жолу жолуга албадым. Далай ирет издеп барып, насип кылбаган экен жанынан көрбөдүм. Экинчи чыгарган обонум нарындык Өмүркул Кулумбаев деген акындын “Айтчы, секет” деген ыры болду. Ал киши жол кырсыгынан улам буту баспай отуруп калган экен. Барып жолукканга мүмкүнчүлүк болбой жүргөн кезде бир таанышым “ал киши таякем болот, өзүнүн ырын угуп аябай кубанып, саламын айтты” деп келди. Бирок ага да жолуга албадым. Андан бери 130дай ырларга обон жаздым. Бир топ китептерди чыгардым. Алгачкы обондорду студенттер ырдашчу. Ошол ырдагандардын арасында Зуурабүбү да бар. Азыр обондун сөздөрүн тандоого Зуурабүбү жардам берет. Биздин эӊ жакын адамдарыбыз - акындар. Көбү менен алака, каттообуз бар.

“Шакирттерим менен сыймыктанам”

-Адамдын көӊүлүн көтөрүп да, түшүрүп да кое ала турган керемет нерсе музыка. Музыка бул–  илим. Музыканы кесип тутуп, аркалап кетиш үчүн же Кудай берген талант болуш керек, же артынан түшүп окуш керек. Обон жаратуу үчүн да Кудай шыбага, талант, аракет бербесе кыйын. Же аябай билимдүү болуш керек. Атайын обончулукта окугандардын баары обончу болуп кетпейт. Алардын ичинен обондорду жаратышат же аткарышат. Мен адегенде гармошка ойнодум. Баян, аккордеон, фортепиано, комузда ойнойм.

   2 уул, 2 кызым бар. 3 балабыздын музыкалык билими бар.  А шакирттерим менен сыймыктанып эле жүрөм.  Айпери Кулбаева, Кутман Султанов, Самара Каримова, Каныбек Дайырбек уулу, Элбарчын Калилова элге кызмат кылып келишет. Кайда барбасын агайыбыз деп айтып жүрүшкөнүн угуп калам. Баарына Кудайга шүгүр.

Бүкалча

Маматали кызы

Окулду 226 жолу