• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 01 Июль 2019 05:08

Ник Вуйчич. Мүмкүнчүлүктөр чексиз

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Ник Вуйчич. Мүмкүнчүлүктөр чексиз

Алты саны аман-соо туруп колунан иш келсе да жалкоолонуп, кейип, өз жашоосун кыйындаткандар көп. Бар нерсеге шүгүр кылбай кичине кыйынчылыкка моюн сунуп берип отуруп калгандар арбын. Бардыгы түгөл болуп турса да, "дагы-дагы" дегендер канча. Айтор, адамзаттын кыял-мүнөзүнөн да кээде жашоосу көз каранды болуп калат. Ник Вуйчич колу-буту жок, таптакыр эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү киши. Бир карап бооруӊ ооруса, кайра жакшылап карасаӊ дүйнөгө таанымал чечен кишини көрөсүӊ. Кадимки дени-карды соолордой турмуш кечирет, төрт баланын атасы. Ал жашоосуна эч нааразы эмес, бир жагынан алып койгону менен, таланты менен бүгүн дүйнөгө тааныла алды. Бул киши тууралуу кызыккандар окуса дейбиз.

«Майып болсо да балабыз,  баш тартпайбыз»

Сербиялык  жаш үй-бүлө Автралияга көчүп келишет. Николастын атасы жергиликтүү чиркөөнүн кызматкери болсо, энеси медайым. Курсактагы бала жаш үй-бүлөнүн тун баласы болгондуктан зарыгып күткөн перзент эле. Кош бойлуу кезде медайымды эч нерсе тынсыздаткан эмес. Төрөлгөндө медперсоналдар кыйлага чейин үн-сөзсүз туруп калышат. Энеси баланы көрсөтүүнү суранган менен акушерлер баланы көрсөтпөй кетенчиктешет. Акыры баланы алып келип беришкенде бир буту такыр эле жок, бир бутунун бармагы гана бар, эки колу ийинден жок наристени көрүп нес болуп көз жашын көлдөтөт.

    1982-жылдын 4-декабры Вуйчичтердин үй-бүлөсү үчүн оор болду. Анткени ата-эне баласынын дени соо төрөлөт деп күтүшпөдү беле. Врачтар ачык эле айтышат «балаӊардан баш тарткыла, майыптар үйүндө тарбияланат» дешкенине ата-эне көнбөй үйүнө чыгарып кетишет. Убакыт өтүп көрсөтпөгөн дарыгерлери калбайт, протез коёюн десе сала турганга бут-кол жок, такыр эле айлалары калбай калганда тагдырга баш ийип, өздөрүнүн усулдары менен багып-бапестешет.

Баланы коомго аралаштыруу кыйынга турган

Убакыт өтүп таш боор тагдырга баласын салып бергиси келбеген үй-бүлө Никтин бутуна турушу үчүн жалгыз бармагын эттен бөлүп алууга операцияга киргизишет. Баланы коомго аралаштыруу, албетте, кыйынга турган. Атасы чиркөөдө иштегендиктен уулу аны менен кошо барып Кудайга жалынып «эч кур десе бир колумду кайтарып берчи» деп ыйлаган күндөрү көп болгонун азыр жылмаюу менен эскерип жүргөнү бар. Жалгыз баласы үчүн жан үрөп баарын жасаган ата-эне Никке өзгөчө мээрим менен карап чоӊойтушат. Буга карабай Ник өзүн эӊ бактысыз адам деп эсептечү. Кимдир бирөөнүн жардамысыз күнүмдүк жашоосу өтчү эмес. Ник шайыр, көп нерсеге кызыккан бала болуп чоӊойду. Баары кайрадан башталды, Ник мектепке бара турган убак келди. Баары басат, чуркайт, ойнойт, ал эми Никте мындай мүмкүнчүлүк кайдан? Күн сайын мектептен оор абалда жан дүйнөсү жанчылып кайтчу. Бирок анысын  үй-бүлөсүнө такыр билдирчү эмес. Ошондой күндөрдүн биринде ал көпкө жатып ойлонот «ушундай тоголок жашоодон көрө тынч тиги дүйнөгө кетейин» деп чечкенде Ник 9 жашта болчу. Өзүнө өзү кол салганга кудурети да, кыймылы да жетмек эмес, бул үчүн апасын жардамга чакырат. Албетте, ачыгын айтып эмес, ваннага суу толтуруп берүүсүн өтүнөт. Жылуу ванна кабыл алганды жактыргандыктан, апасы кам саначу эмес. Энеси сыртка чыгары менен сууга бети менен түшүп көпкө жатат, бирок «чөкпөйт». Акыры жанын кыйнап суу жутуп баштаганда көз алдына ата энесинин көз жаш төгө шолоктогон элеси тартылып, алар үчүн бул учур эки эсе оор сокку болорун ойлоп тирүү калганын эскерүүлөрүндө айтып келет. Бул окуядан кийин ал кадимки балдар барган мекепке которулууну суранып окуп баштайт. Ооба, мектепте балдар ага бири аяп мамиле жасаса, экинчиси шылдыӊ кылат, кыскасы оор күндөр менен күрөшкө бел байлайт, өжөрлөнөт.

Мектептен башталган чечендик

Шайыр мүнөзү өзүнө күлө да билген, күтө да билген өжөрлүгү көп досторду тапканга жетелеген. Ал гана эмес, класстын старосталыгына чейин жеткен. Энеси ага бир окуяны айтып берген. Мүмкүнчүлүгү чектелүү жаран ийгиликтерди кантип багынтып, майыптарга жардам көрсөткөн ишкер тууралуу. Ошол окуяны уккан соӊ өзү да кантип башкаларга жардам берүүнү ойлонуп жүргөндө мектептин дене тарбия мугалими кеӊеш берет. Адегенде ал «Сенин колуӊдан келчү бир гана сунуш айтам» дейт тренер. Кандай сунуш деп кызыккан Никке мугалим «сен өз башыӊдан өткөн окуяны башка окуучуларга көрктүү, ишенимдүү ынанымдуу кылып баяндап көрчү» деген оюн айтат. Чындап эле Никтин баянын угууга алгач 7 гана окуучу келсе, улам көбөйүп отуруп зал толо окуучулар көз жашын сүртүп чыгып жаткан болот. Мына ошентип чечендик өнөрдө карьерасы башталган. Окууда да активдүү болуп Мельбурн университетинде бизнес боюнча билим алат. ЖОЖдо мыкты студенттердин катарына бат эле кошула алган. Ошол эле учурда тайпалаштары менен эл алдына чыгып сүйлөп, жылдызы жанган.

Өзгөчө адам тууралуу күбүр кептер өлкөгө тарайт

Өзгөчө адам тууралуу күбүр-шыбыр кептер тарап отуруп Автралияны бүт каптайт. Аны көргөнү, андан мотивация алганы келген көрүүчү, угуучулар көп эле. Башында анын лекциялары кайрымдуулукка жумшалчу. Ник акчаны бизнес жана бухгалтердик учет кесиби аркылуу таап баштаган. Окууну аяктарда ал жалгыз бармагы менен компьютерде терип иштөөнү эӊ сонун өздөштүргөн. Эӊ биринчи ийгилиги деп 2005-жылы «Жылдын адамы» наамын алгандагысын эсептейт. 2008-жылы кыска метраждуу «Цирк көпөлөктөрү» фильми жарык көрөт. Мында Ник Вуйчич өз тагдырын ойногон. Бул тасма анын дүйнөгө таанылышына өбөлгө гана түзбөстөн, 100 миӊ доллар гонорар алганга жеткирген эле. Ушул учурдан баштап Ник негизги кесибин таштап, ораторлукка ооп баштайт. Бир жылдан соӊ «Жашоонун чеги жок» аттуу китебин жазганга үлгүрөт. Бул китепте эч нерсеге жарамсыз жарандан  миӊдеген адамдардын кеӊеши аркылуу мотиваторлукка кантип айланганы тууралуу баяндалган. Китеби дароо ааламга тарайт. Никти АКШга келип эл алдына сүйлөгөнгө чакырышат. Мына ошондон артып Ник дүйнөнүн көп өлкөсүн көрүп, адамдарды позитивдүү жашоого үндөп келет.

Өзү жазган 5 китеби дүйнө тилдерине которулган

Ник ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жардам көрсөтүүчү кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсү. Мындан тышкары теле экран аркылуу да чечендик өнөрүн тартуулап, ошол эле убакта китеп жазганын токтотпой келет. 5 китеби жарык көрүп, дүйнөнүн түркүн тилдерине которулуп басылып чыккан. Ник өзүнүн алгачкы миллионун ошентип таап, активдүү, сергек жашоо кечирип келет. Өзүн саякатчы бака деп атап алган, себеби, көп өлкөгө саякатка чыгат. Серфинг тебет, тоого чыгат, дайвинг менен машыгат.

Төрт баланын бактылуу атасы

Жашоодо жакшылыктар коштогон өзгөчө адам ийгиликтерине кубанып жүргөндө турмушунда дагы бир чоӊ бурулуш жасалат. Эл алдына чыгып сүйлөп бүткөн соӊ Канаэ Мияхаре аттуу мексика-япон улуту аралашкан  христиан кыз менен таанышып калат. Телефон менен байланышып жүргөн жаштардын аралыгы жакындай берет. Бара-бара алар жакын доско айланышат. Дос болуп жүрүп 4 жыл өткөн соӊ гана ал өзүнө күч топтоп, ички сезимин билдирүүгө бел байлаган. Макул деген жоопту укканда өзүн ааламдагы эӊ бактылуу адам сезгенин айтканы бар. 2013-жылы тун уулу, 2015-жылы экинчи уулу, 2018-жылы эгиз кыздары жарыкка келген, бактыга жараша, баарынын ден соолугу чыӊ төрөлгөн. Мындан сырткары жаш үй-бүлө дагы 3 баланы багып алууну көздөп жүрүшөт.

Жаӊыл Калыкова

 

Окулду 164 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Аптаптан качсаӊыз бассейнге барыӊыз Кыргыз-Өзбек университетинин окутуучусу Миразиз Сариев: “Искусствого болгон кызыгуу, талант каныбызда бар” »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved