Версия для печати
Понедельник, 01 Июль 2019 05:18

ОшТУ: 5 лаборатория ачылды

Ош технологиялык университетинде 14- июнь күнү Кызгызстандагы жаш окумуштуу механиктердин мектеби өтүп, анын алкагында 4 лабораториянын ачылышы болду. Жаш кесип тандоочуларга багыт болор деген максатта аталган окуу жайга барып, жаӊы ачылган лабораториялар менен таанышып кайттык.

Кыргызстан агрардык өлкө болгондугуна байланыштуу калкынын көпчүлүк пайызы айыл чарба азыктарын өстүрүү менен алектенет. Ошол өстүрүлгөн азык заттардын 25 пайызы гана кайра иштетилет экен. Калганы кайра иштетүүгө шарттын жоктугунан улам калып кетет. Чийки, данектүү жана уруктуу заттарды, жер-жемиш, мөмө-жемиштерди кайра иштетүүнүн технологиясын үйрөтүү жана адистерди тарбиялоо бүгүнкү күндүн негизги талаптарынын бири. Ош технологиялык университетинин айыл чарба азыктарын кайра иштетүү кафедрасы жакында 4 лабораторияга ээ болду. Кафедрада жалпысынан 85 студент билим алат. Буга чейин эски лабораторияда практика өтөп, билим алышса, азыр заман талабына шайкеш, сапаттуу жабдууларга ээ болгон  лабораториялар сентябрь айынан ишке кирет:

1. Тамак-аш өндүрүшүнүн технологиялары жана аналитикалык химия лабораториясы

2. Тамак-аш азыктарынын микробиологиясы лабораториясы

3. Тамак-аш азыктарын сенсордук анализдөө лабораториясы

4. Айыл чарба азыктарын кургатуунун жана консервалоонун технологиясы лабораториясы

5. Өндүрүштүк каанасы

 

 

 

Абдыкадыр Абидов, ОшТУнун ректору:

“GIZ уюму менен үч жылдан бери иштешебиз”

-Бул лабораториялар жакында эле ачылды. Германия Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) колдоосу астында ишке киргени турат. Мурунку лабораторияны толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү биздин мойнубузда болсо, керектүү жабдыктар, эмеректер менен камсыздоо, орноштуруп берүү иштерин аталган кызматташтык коому жасап берди. Негизинен аталган уюм менен үч жылдан бери иштешип келебиз. Бир топ жакшы иштерди аткардык. Алардын бири дал ушул лабораториялардын ачылышы болду. Жакында эле аталган уюм менен дагы үч жылдык келишим түзүлүп, бир топ иштердин аткарылышына тилектеш боло алдык.

“60 миллион сомдон ашык акча жумшалды”

-Университеттин өзүнөн лабораторияны оӊдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жалпысынан бир жарым миллион сомдон ашуун акча каражаты жумшалды. Ал эми GIZ тарабынан 57 миллион сомго лабораториялык жабдуулар алынса,  2,5 миллион сомго жакын каражатка эмеректер алынды. Жалпысынан 60 миллион сомго жакын акча каражаты жумшалды. Мындай багыттагы иш чараларды байма-бай өткөрүп турууну пландап жатабыз. Бул долбоордун алкагында  тамак-аш өндүрүүчү, тамак-аш өндүрүүнүн технологиясы багытындагы бардык адистердин квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп бүтүштү. Германиянын айрым шаарларында, Ташкентте, Душанбеде, Алматы шаарларында болуп кайтышты. Мындан сырткары Алматы технологиялык университетинен 30 студент келип биздин университетте бир жума практикада болуп кетишти. Бизден 15 студент ошол эле университетке барып бир жума практика өтөп келишти. Экология, жаратылышты пайдалануу жана тамак-аш өндүрүшүнүн технологиясы багыттары боюнча студенттер мындан ары да практикада болууга макулдашуулар түзүлдү. Буюрса, алдыда мындай өӊүттөгү жакшы иштер көп аткарылат.

“ЕАЭБдин талабына жооп берген сертификатты берүүнү пландап жатабыз”

-Чынында мындай лаборатория Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу ачылып жатат. Жабдыгы боюнча заманбап талапка жооп берген сапаттуу лаборатория ачылды. Эми мындан ары өнүктүрүп иштетип кетүү биздин милдет. Өлкө башчыбыз быйылкы жылды «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Мунун алкагында аймактар менен иштешүүнү пландап жатабыз. Тагыраагы, дыйкандар менен биргеликте лабораторияны окуу максатында гана иштетпестен, илим изилдөө багытында да иштетсек деген максат бар. Түштүктө агрардык сектор жакшы өнүккөн. Дыйкан, фермерлердин суроо-талаптарына канааттандырарлык лаборатория болсок дейм. Дегеним, ошол эле талаада өстүрүлгөн жер-жемиштердин анализдерин чыгарып бере ала турган деӊгээлге жетишсек. ЕАЭБдин талабына жооп берген сертификатты берүүнү пландап жатабыз. Ал үчүн бир нече мугалимдерибизди  квалификациясын жогорулатуу боюнча курстардан өткөрүшүбүз керек. Ошол эле убакта лабораторияны аккредитациядан өткөрүп, толук кандуу мыйзамдын негизинде сертификат бере тургандай болууга тийишпиз. Биздин долбоор “Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” деп аталат. Алдыдагы 3 жыл аралыгында дагы бир топ алдыга жылабыз деп ойлойм. Кафедранын алдыдагы дагы бир максаты окуу жайдын тамак-аш өндүрүшүнүн технологиясы багытын эл аралык аккредитациядан өткөрүү. Эл аралык аккредитациядан өтсө, дүйнөлүк деӊгээлдеги мүмкүнчүлүктөрү жогорулаган, дүйнөлүк талаптарга жооп

берген программа болот. GIZ  менен бир эле лабораториянын алкагында эле эмес, маалымат технологияларын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууну да пландап атабыз. GIZтен бизге келип бүт шарттарыбызды көрүп кеткен. Университеттин китепканасында да, арткы жактан киргенде дагы пандустар коюлган. Ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бүт шарттар түзүлгөн.  Ошол үчүн биринчи кабатка аларды үйрөтө турган шарттарды түзүп берүүнү туура көрдүк.  GIZ менен экинчи багыт боюнча ушул иштер болуп атат. Сертификатташтырып, мыйзамдаштыралы деп жатканымдын негизги максаты, студенттерди жумушка кызыктыруу, кесипке тартуу болуп саналат. Ошондо биздин эле лабораторияда эмес, башка жакка барып да иштөөгө мүмкүнчүлүгү да болот, өзүнүн квалификациясы да жогорулайт. Биздин кесипке кызыккан жаштарды тартууга чоӊ мүмкүнчүлүк жаралды.

 “Ишкерлерден жакшы сунуш түшүүдө”

-Бизде ушундай бир лабораториянын ачылганын угуп, окуу жайыбыздын мурунку бүтүрүүчүбүз келиптир. ПОВТАС адистигин аяктаган экен. Дыйкан, фермерлердин продукциясын сыртка чыгара турган ассоциация иштетет экен. Жогоруда айтканымдай, бир сертификатты алууда анализдерди алуу үчүн башка өлкөлөргө Финляндия жана Украинага жөнөтүшөт экен. “Эгер ушул жерде шарт түзүлгөн болсо, жумушубузду татаалдаштырбай, ашыкча чыгым кетирбей сиздерден анализ алсак жакшы болмок” деп келиптир. Ош шаарында чынында мындай лабораториялар жетишсиз. Ишкерлердин бизге мындай сунушу менен кайрылышы биздин жумушубузду жакшыртат.

“Дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл”

-Дыйкандарга алгач түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шарт. Себеби, продукцияны анализде өткөрүүнүн негизги максатын, маӊызын көпчүлүк дыйкан, фермерлер түшүнө беришпейт. Ошондуктан алар менен биргеликте семинарларды уюштуруп, дыйкандардын билимин аз да болсо жогорулатуусуна жардам берели деп жатабыз. Мындан сырткары кафедрадагы студенттердин практикасы менен теориясын чогуу алып кетүүсүнө шарт түзүлүүдө. Жогоруда айтылган беш лабораториянын бирөөсү өндүрүштүк каана болуп саналат. Ал жерде ун, сүт азыктарынан жасалган тамак-аштарды жасоого бүт шарттар түзүлдү. Шириндиктерди жана колбаса сырларды өз колдору менен жасашат. Бул ыкма студенттин өз кесибине болгон кызыгууну жогорулатат деп ишенебиз. Студенттер өздөрү чыгарган продукцияны университеттин өзүндө эле сатууга шарттар да каралып жатат.

 Бактыгүл Калдарбай кызы

 

Окулду 169 жолу