Версия для печати
Понедельник, 01 Июль 2019 05:20

Мыйзамсыз курулуштун баары тазаланат

Ош шаарында мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери кызуу жүрүп жаткан чак. Алардын ишмердүүлүгүн чагылдырып, элге жеткирүү биздин негизги максат. Калаа башчысы Таалайбек Насирбековичтин тапшырмасы менен бүгүнкү күндө шаардагы бир топ мыйзамсыз соода түйүндөрү алынып, жолдор кеӊейтилүүдө.

22 май куюучу жайдын иши сотко өткөрүлгөн

Эсиӊиздерде болсо үстүбүздөгү жылдын 20-мартында шаардагы Исанов көчөсүндө жайгашкан май куюучу жай жарылган эле. Мындан улам шаар жетекчилиги калаадагы АЗСтерди тыкыр көзөмөлгө алууну тапшырган. Ошто жалпысынан 44 май куюучу жай бар болсо, анын 40 АЗС текшерүүгө жолдонмо алган. Калган 4 май куюучу жай ишкердик субьектисинин жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  ишкердик текшерүүгө убактылуу жарыяланган мораторийди жамынып текшерүүгө уруксат берген эмес. Ага байланыштуу аталган май куюучу жайдын ишмердүүлүгү жөнүндөгү иш кагаздары Ош шаардык прокуратурасына билдирилген. 

Ал эми жогорудагы 40 май куюучу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 22 АЗСтин иш кагаздары сотко өткөрүлүп берилген. Сотко өткөрүүнүн себептери: коопсуздук аралыктарынын сакталбагандыгы жана АЗСтердин Ош шаарынын бекитилген башкы планына кирбей калганы.

Алтынбек Пирматов:

«Соттук териштирүүлөр жүрүүдө»

- Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун негизги тапшырмаларынын бири - Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү жана аларды жоюу болуп саналат. Бул багытта тынымсыз иштер жүрүүдө. Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмү, экотехинспекция жана муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте 18 көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталып, сотко өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө соттук териштирүүлөр  жүрүүдө. Сот органдарынын жыйынтыгын күтүүдөбүз.

«Шакиров көчөсү кеӊейтилет»

- Өзүӊүздөргө маалым, бүгүнкү күндө Кулатов кичи районунда тазалоо иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Бул иштер аяктагандан кийин Шакиров көчөсүндөгү бүт мыйзамсыз соода түйүндөрү алынып, ордуна бак- дарактар эгилет. Негизги жол 20 метрге чейин кеӊейтилип, жашылдандыруу иштери аткарылат. 2 жарым километрге чейин жол реконструкцияланат. Мурунку бак-дарактар кыйылып, ордуна эки эсе көп көчөт эгилет. Учурда тендер жарыяланып, жообун күтүүдөбүз. 

«Мамлекеттик тилде жазылбаган жарнамалар алынат»

Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштери менен биргеликте нормалык талапка жооп бербеген жарнамалык баннерлер да текшерүүгө алынып, тил комиссиясы тарабынан жөнгө салынууда. Ош шаардык мэриясынын мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Зуур Амирбеков шаардагы мыйзамсыз жарнамалык баннерлер тууралуу буларга токтолду:

- Мамлекеттик тил мыйзамынын 7-главасында, мамлекеттик тилди аталыштарга, көрнөк- жарнактарда пайдалануунун  өзүнүн нормасы каралган. Өлкөдө жарыяланган ар бир көрнөк-жарнактар адегенде мамлекеттик тилде болууга тийиш. Андан кийин гана расмий тилде жазууга уруксат берилген. Ошол учурда башка тилде жазылган тексттин арип өлчөмү мамлекеттик тилдеги арип өлчөмдөн чоӊ болбошу керек. Мисалы, мамлекеттик тилде жазылган текстти 16 арип өлчөмү менен жазылган болсо, башка тилде жазылган тексттин арип өлчөмү 16дан өтпөшү керек. Эгер бул талаптарга жооп бербесе, биз сөзсүз түрдө жарнама берүүчүлөргө алдын-ала бир айлык мөөнөт менен эскертүү беребиз. Ошол бир ай убакыт ичинде ал жарнама алынбаса, анда мыйзамдын чегинде айып пулдарды салабыз. Учурда шаарда бир топ жарнамалык баннерлер алынып салынды. Курманжан Датка, Ленин жана Масалиев көчөсүндөгү бүт нормалык талапка жооп бербеген жарнамалык баннерлер тазаланды. Мындан сырткары дагы бир топ жарнама берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди.

 

Окулду 143 жолу