Версия для печати
Понедельник, 01 Июль 2019 05:24

Жаштардан түзүлгөн Амир- Темир МАБдын аракеттери

Аймагы чоӊ болгону менен ал жерди башкарган башкармалыктын курамы жалаӊ жаштардан түзүлгөн. Жигердүү, билимдүү улан-кыздардын аткарып жаткан иштери менен Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Хамидулло Исмаилов тааныштырды.

- Хамидулло мырза, муниципалдык башкармалык болуп аталып, милдеттериӊер кеӊейгенине аз эле убакыт болду, өзгөрүүнү эмнеден баштадыӊар?

- Биздин муниципалдык аймактык башкармалык чоӊ болгондуктан башкалар менен биригүү болгон жок. Учурда жалпы 56 000 калк жашайт, дагы тактоо жүргүзүп жатабыз, мындан да көп калк катталышы мүмкүн. 12 кварталдык комитет, 12 аялдар кеӊеши, аксакалдар соту, жардамчы, юрист, экономист, соцадис, архитектура, курулуш тармагы боюнча бөлүм ачылып, ал жерде да адистер иштеп жатышат. Биздин МАБ боюнча бардык штаттар каралып, баары өз ордуларында иштеп жатышат. Биздин ишканада кызматкерлердин баары жаштар, эӊ жаш аймактык башкармалыкпыз десем болот. Элге кызмат кылууда өздөрүнүн идеяларын, ойлорун айтып, аларды иш жүзүнө ашырууга аракет кылышууда.

«Элди кыйнаган жол маселеси»

- Жаш командабыз менен ийгиликтүү иштерди аткарып жатабыз. Тактап айта кетсем, бизде элди кыйнаган жол маселеси бар болчу. Ички кварталдарыбыздын жолдору асфальт эмес, шагыл жолдор болгон үчүн 2-3 жылда жаӊылап шагыл төшөп туруу талабы келип чыгат. Себеби, жамгыр жааганда шагылдар агып, жолдор бузула баштайт. Азыр да элди уюштуруп, алар менен биргеликте жолду тегиздөө, шагыл төшөө иштерин жүргүзүп жатабыз. 132-177-179-көчөлөр, Кыргызстандын 60 жылдыгы көчөсү, 217-кварталдын 5 көчөлөрүндө тегиздөө иштери жүрдү. Бул иштер башка көчөлөрдө дагы уланып жатат. Булардын баары мэр Таалайбек Насирбековичтин колдоосу, элдин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен аткарылып жатат. Эл шагыл алып берсе, биз шаардык жолдор башкармалыгы менен келишип, техникаларды алып чыгып берип жатабыз. Жолдорду тегиздөө иштерине катар аялдамаларды куруу иштери да жүрүп жатат. Мындай иштерди аткарууда эл 70% чыгымды көтөрсө, мэрия 30%на жардам берип келген. Таалайбек Насирбекович жетекчи болуп келип, бул иштерди дагы да колдоого алып 30 эмес, 50%ына жардам берилерин айткан. Ошол себептен азыр бир гана биздин аймакта эмес, шаардын булуӊ- бурчунда жакшы иштер бүтүп жатканына күбө болуп жатасыздар.

«30  көчөнү жарыктандырдык»

- Түнкү жарыктандыруу маселеси да бизде активдүү жүрүп жатат. Аймактык башкармалык МАБ болуп кеӊейгенден бери 30га жакын көчөнү жарыктандырдык. Бул иште да эл, эл ичинен чыккан демөөрчүлөр лампасын алып берип жатат, ал эми биз «Шаарсвет» ишканасы менен биргеликте аларды орнотуп, жарыктандыруу иштерин мойнубузга алып жатабыз. Бул да биздин аймак үчүн жакшы жетишкендик болуп саналат. Себеби, буга чейин негизги көчөдө гана жарык болсо, калган эл көп баскан майда көчөлөрдө түнү жүрүү кыйынчылык жаратып келген. Айрым тургундар өздөрүнүн эсептегичине улап, көчөсүнө чоӊ лампа орнотуп жүрүшкөн. Азыр алардын баары алынып, көчө тегиз жарыктындырылып, ага кеткен жарыктын акысын «Шаарсвет» ишканасы төлөйт.

- Милдеттерге катар аткарчу жумуштар да көбөйгөндүр?

- Бизге мурдагыга караганда функционалдык милдеттерибиз көбөйдү. Мыйзамсыз курулуштардын алдын алуу, бала бакча, мектептердин иштерин контролдоп туруу, тазалык, жашылдандыруу маселелерин колго алып, эл менен тыгыз иштешип, жаралган көйгөйлөрдү жеринде чечүү иштери көбүрөөк милдеттендирилди. Ички кварталдардын ишин, шартын жакшыртуу боюнча өтө көп иштерди пландап турабыз. Баары акырындык менен иш жүзүнө ашат деп айта алам.

Калаа башчысынын жардамы, колдоосу менен Массив Калинин көчөсүнө эки кабаттуу 100 орунга ылайыкташкан бала бакча курууну пландап жатабыз. Долбоору, документ иштери толук бүттү. Буюрса, июль айында куруу иштери башталып, жыл аягында элге пайдаланууга беребиз.  Бала бакчанын сметалык баасы 40 500 000 сомду түзөт, ал эми тендердик баасы дайын боло элек. Буга чейин Амир- Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында эки мамлекеттик бала бакча бар болчу. Анын бири 2015-16-жылдары курулуп, пайдаланууга берилген. Азыр курулуш иштери башталчу Массив Калининде 4 кварталдык комитет, 4 мектеп бар болгону менен бир да бала бакча жок болчу.

- Бир жолу силердин аймакка барабыз деп маршрут күтүү жана андагы тыгын бир азап экенин байкаганбыз. Азыр элдер андай кыйынчылыктан арылгандыр?

- 7 маршруттук каттам каттайт. Ар бир эл ташуучу унаалардын аралыгы 10 мүнөттөн болот. Булар биздин аймактын калкына жетиштүү деп ойлойм. Кээде маршруттук каттамдын графиги бузулуп калганда ошондой узакка күтүү көйгөйү жаралып калат. Кээ бир кварталдардагы майда көчөлөрдө тургундар аз жана жолу жаман болгондуктан ал жактарга маршруткалар кире алышпайт. Ал жактагы тургундар борбордук көчөгө чыгуусуна туура келет.

- Мектеп, билим маселелерин жогорулатууда кандай аракеттер болуп жатат?

- Билим деӊгээлди жогорулатуу үчүн аларга шарт түзүп берүү керек. Амир- Темир аймагында 10 мектеп бар. Алардын экөө гана талапка жооп берет, калган 8 мектеп кичинекей, ашар жолу менен бүткөн, кааналар жетишпейт, эптеп сабак өтүүгө гана ылайыкташкан. Ашканалары, спорт залдары жок. Мектептер биригип Ага Хан фондуна долбоор жазышты. Башкармалыктын колдоосу, элдин, демөөрчүлөрдүн, Ага Хан фондунун аракети менен №53 мектепте тамактануучу жай менен маданий иш чаралар өтүүчү зал курулуп жатат. Дагы бир мектепке спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөрү менен бирге курулду. 10 мектептин ар биринде керектүү долбоорлор жазылган, акырындык менен баары ишке ашып келе жатат.

Билим жагына келсек, мектептерде орус тили мугалими жетишсиз. Кадр маселеси өтө оор. Олимпиадаларга даярдай турган атайын адистер жок. Биздин аймак шаар четинде болгондуктан шаардын ичиндеги мугалимдер ал жакка барып иштегиси келбейт экен.

Ал эми окуу жылы аяктап жатканда олимпиадалардан жеӊген окуучуларга башкармалыктын атынан акчалай сыйлык, ардак баракчалар менен сыйлап, аларга шык бергенге, башка балдарга үлгү катары көрсөткөнгө аракет кылдык. Бул сыяктуу мотивациялык иштер мындан ары дагы уланат. Биздин мектептердин ичинен олимпиадалар боюнча алдыӊкы ондуктун катарына киргендери бар.

- Саламаттыкты сактоо жактан жакшы иштерди баштоону көздөп жатканыӊарды уктук эле?

- Саламаттыкты сактоо тармагында баары жакшы, бир гана төрөт үйү көйгөй жаратып келет. Аймак алысыракта болгондуктан төрөт үйүнө жетпей жолдо төрөп койгон келиндер болду. Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы менен сүйлөштүк, шаардын бюджетин карап отура бербестен өзүбүз демөөрчү издеп жатабыз. Таап калсак шаар бюджетине бир топ жеӊил болмок. Шаар мэри «силер аракет кылсаӊар элге керек болгон ар бир нерсени мен колдойм» деген эле. Аны курууга жерибиз да дайын, долбоорду да жазып бүткөнбүз. Бала бакча курулуп бүтсө, төрөт үйүн баштайбыз. Буюрса, шаардык төрөт үйүнүн алдындагы филиал болот.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 530 жолу