Версия для печати
Понедельник, 01 Июль 2019 05:26

Ош шаардык Кеӊешинин депутаты Жаныбек Нариев: «Сени шайладык эле» деп мыйзамсыз иштерине жардам сурашат

Сессияда депутат Жаныбек Нариевден жакшы сөз уккан жетекчини чынында эле жакшы иштейт экен дей бериӊиз.  Себеби бул адам жакшы көрүнгөндү эле мактай бербеген, жалтыраган ишке сапатына карап эле баа бере бербеген, кандай маселе болсо ийне, жибине чейин изилдеп чыккан, көпчүлүккө көнбөгөн, тактыкты талап кылган, ар бир айткан сыны, пикири маӊыздуу эл өкүлү.

- Жаныбек Абдивалиевич, чакыруубузду кабыл алып, кеӊсебизге келип бергениӊизге рахмат. Маекти «Депутат кандай болуусу керек жана мамлекетке бул кызматтын эмне үчүн зарылдыгы бар?» деген суроодон баштайын.

- Депутат бул - эл менен мамлекет башчыларынын ортосундагы көпүрө. Президент, өкмөт, министрлер көрбөй жаткан эл ичиндеги маселелерди аларга жеткирүү. Мамлекет башчылары укпай жаткан коомчулуктун үнүн угузуу депутаттын иши. Депутат элдин оозу гана эмес, өкмөттүн кулагы, көзү да болуусу керек. Жергиликтүү депутаттардын иши деле дал ушундай, элдин үнүн жергиликтүү башкармалыкка угузуу. Эл аралап, алардын үнүн угуп гана коюу эмес, алар айтпаган маселелердин баарын байкап, көрө билүүсү, аны чечүүсү зарыл. Бюджетти бөлүштүрүүдө ар тараптан акыйкат болуусу милдеттүү.

- Бюджет бөлүштүрүү учурунда айрым кесиптештериӊиз «Ишканадагы кызматкерлердин санын, кээ бир ишканаларды кыскартуу  маселесин көтөрүшөт. «Биз бөлүп берген акчанын 70-80%ы эле эмгек маянага кетип калып жатат» дешет. Бул маселеде сиздин оюӊуз кандай?

- Кээ бир ишканаларда кызматтык милдети бир болгон кайталанма кызмат орундар бар. Ошолорду карап чыгып кыскартууга болот. Ал эми карапайым элге керек болгон кызматты жоюп салуу мүмкүн эмес. Айлык акыга, кызматтык орунга биз, депутаттар аралаша албайбыз. Ал эми бюджет бөлүштүрүүдө жоюп салууга сунушталган 1-2 ишкана боюнча «шашылыш жыйынтык чыгарбайлы, элге канчалык керектигин аныктайлы» деген пикиримди айткам.

- Сиз Ошту жакшы көрөрүӊүздү, аны таштап башка шаарга кетпешиӊизди айткан элеӊиз. Негизги кыялдарыӊыздын бири ЖКга депутат болуу. Ошол кыялыӊыз ишке ашса кайсыл шаарда жашайсыз жана эл өкүлү катары Оштогу кайсы маселелерди чечмексиз?

- Ооба, мен туулуп-өскөн шаарымды жакшы көрөм. Бул шаарда туруктуу жашаган адам катары андагы көйгөйлөрдүн баарын билем. Мен үчүн жаӊылык болчу нерсе жок. «Мен жеримди сүйөм, партриотмун» деген адам ар бир кадамында патриоттуулугун көрсөтөт. Ошто жашап туруп Бишкекте жайгашкан ишкананы башкара албайсыӊ да. Кудай насип кылып, мен балалык кыялдарыма жете турган болсом кызмат ордум кайда жайгашкан болсо ошол жерге барып иштейм. Ош шаарындагы глобалдуу көйгөйлөрдүн бири болгон таза суу маселесин чечкенге аракет кылмакмын. Шаардын дагы да өнүп-өсүүсүнө мен кылууга укуктуу болгон бардык нерсени жасамакмын. Кандай кызматта иштебейин, мен укуктуу болгон бардык ишти кылууга кудуретим жетет.

- Сиз сессиядагы ар бир маселеге көӊүлкош карабай, маанилүү, маӊыздуу маселелерди айтасыз. Ошол эле учурда сиздин элди кыжырданткан бир сапатыӊыз бар, орус тили менен кыргыз тилин аралаштырып сүйлөп саласыз?

- (Күлүп). Мен орус мектепти аяктап, орусча ой жүгүртүп калгам. Депутат болуп келгендеги алгачкы сессияларда бир гана орус тилинде сүйлөчүмүн. Азыр байкаган болсоӊуздар тынбай жазып отурам. Башкалар айтып аткан сөздү угуп, аракет кылып ага кыргыз тилинде суроо жазам. Суроомду кагаздан окуп берем. Эмоцияга алдырып жибергенде орусча аралашып кетет. Мен үчүн орус тилинде оюмду түшүндүрүү жеӊилирээк болот. Жалпылап караганда орус тилинде болобу, кыргыз тилинде болобу негизгиси маанилүү, пайдалуу маселе айтылса ошол жетиштүү да. Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, бир ооз ача албасаӊ ошол көйгөй болуусу керек. Бирок мен бул адатым үчүн баарыӊыздардан кечирим сурайм. Акыркы учурда толук кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылып жүрөм. Атам сессияны теледен көрүп отуруп, менин орусча аралаштырып сүйлөгөнүмдү көрсө «калтырчы ушунуӊду» деп урушуп калат.

- Сессия болордо атаӊыз менен кеӊешип, күн тартибинде каралчу маселелерди ал менен отуруп талкуулайсызбы?

- Ооба, себеби атам аскер адамы болгону менен саясатты, шаар маселесин аябай жакшы билет. Алдын ала даярдаган суроолорумду окуп, оӊдоочу жерин оӊдоп, кээ бир суроолорумду «өзүӊө душман ашырасыӊ» деп сызып салат. Бирок кээде атамдын сызып салганына карабай мен айтып салам. Себеби жүрөгүм чыдабайт. Атам менин эӊ негизги жол көрсөтүүчүм, кеӊешчим.

- Көп маселеге токтом кабыл алууда каршы добуш бересиз?

- Шашылыш жыйынтык чыгарганды жактырбайм. Ар дайым кененирээк карайлы дейм. Балким, биз элге керек болгон нерсени жокко чыгарып аткандырбыз же керек эмес нерсени кабыл алып жаткандырбыз. Ошондой учурда менин добушум менен ал токтом токтоп калбаса да жүзүм жарык болуусу үчүн каршы добуш берем. Бүгүн шашылыш кабыл алып алган токтомго эртеӊ аттиӊ кылып албайлы деп көп айтам.

- Ар дайым каардуу көрүнөсүз. Каардуу депутатка эл көйгөйүн айткандан да корксо керек?

- Жок, менин алысты көрүүм начар. Жакшылап карайын деп аракет кылган учурда кабагымды салып калгандай көрүнөм. Болбосо мен баягы эле аскер адамынын тарбиясын алган, жалпаӊдап элдин баары менен саламдашкан, ал акыбал сурашкан эле баламын. Ачуум бат келиши мүмкүн, бирок бирөө менен бат сүйлөшүп кете алган ачык эле адаммын.

- Депутаттык макам сизди өзгөрттүбү, андан эмнени үйрөндүӊүз?

- Эгер адамдык жактан ала турган болсок өзгөргөн жокмун. Жогоруда айткандай, кошуналарымды көрүп калсам да чуркап барып учурашкан абалдан кеткеним жок. Өзгөрсөм мурда кол сунуп эле учурашып койгон болсом азыр башты ийип, кош колдоп учураша турган болуп калдым. Себеби эл да сенин терс жакка өзгөрүшүӊдү карап турат экен. Көп нерсени үйрөндүм. Айрыкча кесиптеш агаларымдан. Эл өкүлү болгонубуз менен мэрия менен элдин ортосундагы талашта депутаттарды кыйнай башташат. Андай учурда мэрия туура, мыйзамдуу болуп калат. Анан кантип элдин тарабын талашасыӊ? Аны эл түшүнбөй «сени шайладык эле…» дейт.

- Балалык кыялдагы депутат менен реалдуулуктагы депутаттын айырмасы бар бекен?

- Өтө чоӊ айырмасы бар. Мен депутат болгонго чейин көп жерде иштедим. Ар бир жумушка барганда мени таӊ калтырган жаӊы нерселер болот. Ошол сыӊарындай депутаттык эмес ар бир иш сырттан кароо менен реалдуулугунда айырма чоӊ болот. Депутат болдуӊ эл көйгөйүн чечүүдө чоӊ маселелер жаралат. Сени эл шайлагандан кийин «Шайладым эле деп мыйзамсыз иштерин да каратууга сунуш түшүрүшөт. Кат жазып жибергендер да көп болду. Жакында эле бир киши «сени шайладым эле, чайханамды бузабыз деп атышат ошону коргоп бер» деп келиптир. Ар бир нерсенин так, мыйзамдуу болушун каалайм. Өзүмдүн карьерам деп туура эмес иштерди жасабайм. Мага келген каттардын мыйзамга туура келбеген жагы болсо аны тууралоого кеӊеш гана берем.

Ачык, кызыктуу маек куруп бергениӊизге рахмат. Иштериӊиз ийгиликтүү болсун!

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 186 жолу