Версия для печати
Вторник, 13 Август 2019 04:06

ОШ бир жылда кантип өзгөрдү?

 «Ош өзгөрүп жатат, көзгө көрүнүктүү жумуштар аткарылууда. Ушул боюнча токтобосо экен, дагы да өзгөрүүлөр көп болсо экен» деп сүйлөшүп бараткан шаар тургундарын угуп кубанасыӊ. Шаардагы башаламан жайгашкан соода түйүндөрдү тазалоо, кароосуз калып кеткен эс алуучу жайлар реконструкцияланып жашоочулардын ичи жылып турган чагы. Сөзүбүз куру болбошу үчүн шаардагы бир жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө сөз кылууну эп көрдүк.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун мыйзамсыз курулуштарды алып салуу тапшырмасы боюнча бул иштер дагы да уланарын мэриянын шааркуруу, муниципалдык менчик   бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматов билдирди:

«25 мыйзамсыз обьект алынды»

- Өзүӊүздөргө белгилүү жыл башынан бери эле шаардагы бүт мыйзамсыз обьектилерди тазалап келебиз. Бул ишибизге улай эле шаардагы «Ош району» кичи базарынын алдындагы мыйзамсыз соода түйүндөрүн алып салуу иши учурда кызуу жүрүүдө. Жалпысынан 25 мыйзамсыз обьект, эки гезит-журнал киоскасы, 15 соода түйүнү, гүл сатуучу дүкөн, бир суу бочкасы, акча алмаштыруучу жай алынды. Тазалоо иштери бүткөндөн кийин базардын сырты сырдалып, иретке келтирилет.

Фрунзе базарынын айланасы иретке келтирилди

Учурдагы жетекчинин дагы бир өзгөчөлүгү кыдыруудан кийин сөзсүз жыйынтыгын талап кылгандыгында. Сөзүбүзгө аралжы, Т. Сарыбашов Курманжан Датка көчөсүн кыдырууда Фрунзе базарынын айланасын иретке келтирүүнү, андагы башаламан соода түйүндөрүн алып салууну тапшырган эле. Бүгүнкү күндө аталган иштер толугу менен аткарылып, элден жылуу пикирлерди угууга болот.

"Фрунзе" базарынын алды иретке келтирүү иштеринде 8 мыйзамсыз соода түйүнү, 1 тандыр жана 10го жакын башаламан жайгашкан курулуш алынып салынган. Жөө адамдар басуучу жолдогу соода күркөлөр алынып, мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери аягына чыккан. Базардагы соода түйүндөр бир күнгө жабылып, базар сырты бир түскө боелгон. Мындан тышкары эскирген көрнөк - жарнактарды алып салуу иштери да унутта калган эмес.

Узундугу 800 метрден ашык жаӊы тротуар салынды 

Черемушки кичи районуна узундугу 820 метр болгон жөө адамдар басуучу (тротуар) жолдун курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди. Тротуар Абдыкадыров көчөсүнүн оӊ тарабына курулган. Аталган көчөдөгү тротуар союз убагынан бери каралбай калган эле.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен тротуарга курулган мыйзамсыз курулуштары алынып салынган.

Мыйзамсыз курулган соода түйүндөр тазаланат

Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караган «Ош району» кичи базарынын алдындагы мыйзамсыз күркөлөрдү  алып салуу иштери башталган. Жөө адамдар басуучу жана автоунаа токтоочу жайларга курулган күркөлөр толугу менен алынат. Алып салуу иштеринен кийин тротуар оӊдолуп, жашылдандырылат. Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери жеке менчик кичи базардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзамсыз курулушту алып салуу керек экенин түшүндүрүшкөн.

Шакиров көчөсүн кеӊейтүү иштери уланууда

 Шакиров (мурунку Гагарин) көчөсүн реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштери сапаттуу жүрүшүн көзөмөлдөө тапшырмасын  тийиштүү тараптарга берген.

Шакиров көчөсүндө 2 км 400 метр жол асфальтталып, 20 метрге чейин кеӊейтилет. Жолдун эки тарабына тротуар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулат. Мындан тышкары көчө көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруу жакшыртылмакчы. Реконструкциялоо иштери күз айларына аяктайт.

Кошумчалай кетүүчү дагы бир жагдай, Таалайбек Сарыбашов шаарды кыдыруу учурунда тапшырма берген биринчи аялдаманын курулушу аяктап жатат. Быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жыйырмага жакын жаӊы аялдама курулат.

Бир кылымдан кийин кайрадан жаралган Токтогул паркы

Ош шаарынын борбордук паркы, шаардагы эӊ чоӊ эс алуу бак, аянты 9 гектар болгон 100 жылдык тарыхы бар Токтогул Сатылганов атындагы парк быйыл толук реконструкцияланып, колдонууга берүү алдында турат. Шаар мэри Таалайбек Насырбековичтин демилгеси менен эскилиги жетип, кароосуз калып кеткен парк бүгүнкү күндө эл толо эс алган бакка айланды. Реконструкциялоого жылпысынан жергиликтүү бюджеттен 47 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми тендердик баасы 31 миллион сомду түзгөн. Жалпысынан 11 метр квадрат жерге таш таман (брусчатка) төшөлүп, 100% жарыктандырылган. Коопсуз эс алуу паркына 45 даана видео байкоо бейөкмөт уюмдар тарабынан орнотулган. Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан парктын түнкү жарыктандыруу иши, таш таман басуу, ички ирригациялык иштери толугу менен аткарылып, учурда  иш комиссиясы көзөмөлгө алып жаткан учур. Башкармалыктын жетекчиси Шүкүрали Мадаминов билдиргендей,  парктын ачылышы эгемендүүлүк күнүнө пландалып жатат:

«Курулуштар аз болсо да, саз болууда»

- Мэр Таалайбек Насырбековичтин берген тапшырмасы менен бүгүнкү күндө шаарда бир топ курулуш иштери аткарылып жатат. Алардын сап башында эки бала бакчанын курулушу турат. Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой, жыл башында бала бакча курууга мэр өзү сөз берген эле. Учурда ал убадалар аткарылып, биринчи бала бакчанын курулушу башталды. Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында эскилиги жеткен мектептин ордуна жаӊы 100 орундуу бала бакча курулууда, сметалык баасы 45 миллион сомду түзсө, тендердик баасы 23 миллион сом болду. «Мираж – Профи» курулуш компаниясы утуп алып, учурда пайдубалы курулууда.  Ал эми экинчи бала бакчанын курулушу жакынкы күндөрү башталганы турат. Буюрса, аталган бала бакчалар үстүбүздөгү жылдын ноябрь айын аяктап, колдонууга берилет. Мындан сырткары,  Токтогул паркы толугу менен оӊдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Буюрса, эгемендүүлүк күнүндө ачылышын өткөрүп, элге тапшырабыз.  Кулатов кичи районунда жаӊы аллея курулууда. Учурда узундугу 1 чакырымга жакын аллеянын курулушу кызуу жүрүүдө. Ирригациялык лотоктор орнотулуп, оргума (фонтан), ажаткана курулууда. Жакында аллеянын негизги иштери башталат. Мындан сырткары Осмонов көчөсүнүнүн ички жолу да асфальтталууга даярдалып жатат. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жаткан аллеянын узундугу 850 метр. План боюнча күз айларында пайдаланууга берилет. "Нурзаман" компаниясы Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районуна аллея куруп берди. Жакынкы күндөрү толугу менен пайдаланууга берилет. Шаардын өнүгүүсүнө кайдыгер карабаган компания ээлерине ыраазычылык билдиребиз!

Курулуштар аз болсо да, саз болууда. Бюджеттен бөлүнгөн акчаны максаттуу пайдаланып, үнөмдөлгөн каражатка кошумча курулуштар түшмөкчү.

«Жапалак айылы үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыздалат»

- Жамгыр жаап, суу булганганда шаарда суу токтоп, жашоочуларга ыӊгайсыздык жаралып келет. Бул көйгөйдү чечүүдө буга чейин да бир топ иштер аткарылып келген, дагы да уланууда. Республикалык бюджеттен тийиштүү каражат бөлүнүп, учурда 6 миӊ кубдук суу кампасын куруу иши башталды. Тендердик баа менен утуп алган компания жаӊы жылга чейин бүтүрүп берүүнү убадалады. Эгер колдонууга берилсе, Жапалак айыл өкмөтүнүн жашоочулары үзгүлтүксүз таза, ичүүчү суу менен камсыздалат.    

Каралбай калган эс алуучу жайларга көӊүл  бурулууда

Шаарда каралбай калып кеткен аллеяны реконструкциялоо ишин калаа башчысы Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатына тапшырган. Аталган тапшырмага ылайык, Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунун Исанов, жана Раззаков көчөсүндөгү каралбай калган эки аллея реконструкциядан өтүүдө. Комбинаттан билдиргендей, жакынкы күндөрү, аталган аллеяда брусчатка төшөө, лотокторду оӊдоп- түзөө жана көрктөндүрүү иштери башталат. Аллеянын жалпы аянты 1300 метр квадрат. Ал эми жалпы аянты 1700 метр квадрат болгон Раззаков көчөсүндөгү аллеяга 300 метр квадрат жерге таш таман төшөлүп, 12 отургуч жана таштанды салуучу урналар орнотулат.

А. Навои паркы оӊдолууда

Шаардагы эс алуучу жайлардын ичинен Навои атындагы парк ар убак адамдарга жык толот. Кичинекей балдардан баштап, жашы улуулар да келип эс алып кайтчу бакты шаар мэри Таалайбек Сарыбашов июль айынын башында кыдырууга алып, андагы бир канча кемчиликтерди тизмектеп берген. Алар тазаланбай жаткан таштанды, эскилиги жеткен аттракциондор жана көрктөндүрүү иштеринин начардыгы. Мэр парктын абалын жакшыртуу, тазалыгын сактоо боюнча тапшырма берип, кайра текшере турганын билдирген.

Учурда парктын кире беришиндеги бузулуп кеткен тепкичтер оӊдолуп, жолдогу талкаланган таштамандар (брусчатка) жаӊыдан басылууда. Парктын ичиндеги соода күркөлөрүнүн сырты жакшыртылып, балдар ойноочу аттракциондордун айланасы кооздолууда.

Бактыгүл Калдарбай кызы

Фото: Сыдык Токонов

Окулду 302 жолу