Версия для печати
Вторник, 13 Август 2019 04:12

Ала-Тоодон Кара деӊизге чейинки жаштар форумга чогулушту

Ош шаарында 29-июлдан 31-июлга созулган Эл аралык жаштар форуму болуп өттү. Ага Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия жана Кыргызстандын жети облусунан 150гө чукул делегаттар келди.

Форумга Ош шаарынын биринчи вице-мэри С.Турдуев,ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Х.Жолмес, Ош шаардык Кеӊешинин аппарат жетекчиси К. Камчиев, КРнын жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы А.Жолдошев, Билим берүү жана илим министринин кеӊешчиси Н.Кубанов, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөсүнүн жаш өкүлдөрү, ошондой эле ЮНИСЕФ, ПРООН, “Youthofosh”, “Эл аралык толеранттуулук үчүн”, “Кыргызстан жаштар ынтымагы”, “Жатакана жаштары”, Бириккен жаштар уюму, туризм, бизнес жана билим берүү тармактарында эмгектенген жаш активист лидерлер катышты.

Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззатбек Берхмаматов:

“Жаштар ортосундагы ынак достук, жылуу мамиле мени кубандырды”

- Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насырбековичтин колдоосу менен Ош шаарынын мэриясы, Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети, ЮНИСЕФ, ПРООН, “Youthofosh”, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук бирикмелери менен биргеликте бул форумду өткөрдүк. Форумдун алгачкы күнү ачылуу аземи болуп, анда официалдуу өкүлдөр, келген делегаттар катышып, төрт багыт: жаштар саясаты, бизнес, туризм жана билим берүү тармактары боюнча пикир алышып, иш пландар түзүлдү. Экинчи бөлүгү Ноокат районунун Кара-Кой эс алуу жайында конокторго кыргыздын жаратылышын, кооз жерлери менен тааныштыруу иш чарасы болду. Саамалыгыбыз кыргыздын маданиятын чагылдырган улуттук оюндарды ойнотуу, каада-салтты, кооз жаратылышыбызды көрсөтүү менен туризмди өнүктүрүүгө багытталды.

Ар бир өлкөнүн жаштары бири-бирибиз менен жакындан таанышып, баарлашып, достошуп, жаштар саясаты, бизнес, трузим, билим берүү тармагында мындан ары кызматташып, ар бирибиз Ата-Мекенге салым кошсок деген максатта уюштурулду. Соӊунда байкаганым, жаштардын арасында ынак достук, жылуу мамиле мени аябай кубандырды.

 

Өлкөдөгү жана активист жаштардын башын бириктирген бул форумдун мүчөсүн Билим берүү жана илим министринин кеӊешчиси Н.Кубанов да толуктады. Ал форум боюнча буларга токтолду:

Жаштарөздөрүкызыккантармактаиштөөгөкөнүшүкерек

-      Амбициялуу жаштардын болуусу жакшы нерсе деп ойлойм. Анткени, убагында К.Тыныстанов, Ж.Абдырахманов сыяктуу биздин тарыхый өзгөрүш жасаган инсандарыбыз 25-26 жашында мамлекетти башкарган. Аны сыӊарындай, учурдун жаштары чынында эле коомго мекенчилдигин, аракетчилдигин көрсөтө алса, мамлекет тараптан сөзсүз көмөк көрүлөт. Мына мени деле бул кызматка “алыӊ жетсе иштеп көр” деп чакырышкан (күлүп). Өлкөдө ушул сыяктуу эл аралык жаштар форумдарынын болуп туруусу жакшы нерсе. Себеби көп идеялар айтылып, жаштардын өз алдынчалыгы, билими, ой жүгүртүүсү өсөт.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаштар саясатын өнүктүрүү жана миграция маселелерин чечүүдө жаштардын ролу жана кызматташуу тууралуу сөз болду. Тийиштүү бийлик өкүлдөрүнө сунуштоо иретинде атайын иш пландар иштелип, резолюция кабыл алынды.

Тажикстандын Худжант шаарынын мэриясынын кызматкери Наимджан Султонов:

“Жаштар үчүн пайдалуу долбоор болду”

- Бул долбоор жаштар үчүн аябай пайдалуу болду деп эсептеймин. Анткени, жаштардын потенциалын жогорулатууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Шаарлардын өнүгүшү, жашылдандыруу багытында болобу, бизнес жаатында болобу жаӊы өсүп келе жаткан жаштарга демилге бериш керек. Андай демилгелер мына бүгүнкүдөй форумдарда кызуу талкууланып, сөз болот.

Кыргызстанга келген чет элдик делегаттар “Жаштардын үнү бардык тармактарга жетип, демилгелери сөзсүз ишке ашат” деп ишенишет.

Санкт-Петербург шаарынын жаштар комитетинин төрагасынын орун басары Степан Коваль:

“Достук мамиле түзүү, тажрыйба алмашуу негизги максатыбыз”

- Орусиянын атынан форумга катышып жаткан биздин делегация жаштар саясаты жана туризм багытында атайын иш алып барат. Ал менен катар билим берүү тармагын да талкуулап, тийиштүү иштерди аткарып тургандар активисттер. Форумдун жүрүшүндө Россия менен Кыргызстандын ортосундагы жана башка өлкөлөрдүн катышуучулары менен достук мамилени түзүү аркылуу тажрыйба алмашууну көздөдүк.

Эл аралык жаштар форуму көчүн улайт

Кезектеги иш чара кийинки жылдары Кара-Көл шаарында, Орусиянын Санкт-Петербург, Андижан шаарларында улантылып, форумдун чек арасы мындан ары да кеӊейет.

Нурсулуу Калмурат кызы

 

Окулду 465 жолу