Версия для печати
Вторник, 13 Август 2019 04:16

Ош шаарында куруучулар сыйланды

8-августта Ош шаарында куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди. Ага вице-мэр Жасур Азимов, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты Н. Рашев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, куруучулар жана архитекторлор катышты.

Yстүбүздөгү жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир топ курулуш обьектилерин куруу пландаштырылган. Аларды ишке ашырууда сиздер сыяктуу дасыккан куруучулардын, архитекторлордун эмгеги чоӊ. Жакынкы аралыкта куруучулардын эмгеги менен тургузулуп жаткан бир топ социалдык обьектилерди шаардыктарга тапшырабыз. Ош шаарынын гүлдөп өсүүсүнө кошкон салымыӊыздар баа жеткис”, - деди Ж.Азимов.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык Кеӊештин ардак грамотасы менен куруучулар жана курулуш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын кызматкерлери сыйланды. Мындан тышкары бир канчасына «Ак кызмат» төш белгиси тапшырылды.

Окулду 135 жолу