Бул жолку “Журтташтар” рубрикабыздын коногу Аксы районунун Тегене айылынын тургуну Бактыбек Оӊолбаев болмокчу. Каарманыбыз юридикалык билимге ээ болуп, эмгек акынын аздыгынан 7 жыл мурун Американын Калифорния штатынын Сакраменто шаарына сапар алган. Ал жактагы жашоосу тууралуу социалдык тармактан кеп кылып берди.
“Алгач GTA оюнунун ичинде түшүп калгандай болгом”
- Мен Америкага англис тилден мектептин базасында эле келгем. Келген соӊ курска тапшырып тилди бир аз өздөштүрдүм. Америкалыктар менен соода тармагында иштегендиктен практика жүзүндө көбүрөөк үйрөндүм. Эркин сүйлөй албасам да оозеки сүйлөшүп, тиричилик кылып жатам. Жаӊы келгенимде башка бир ааламга түшүп калгандай болгом. Кыргызстанда жүргөндө GTA оюндарды ойночумун. Көрсө ал оюндар Калифорнияда түзүлгөн экен. Адамдар дал ошол оюндагыдай экен, GTA нын ичине түшүп калгандай болдум. Жумушка эртеӊ менен эрте туруп кетип калышат. Ошол бойдон көчөдөн эч кимди көрбөйсүӊ. Түштө бир аз адам пайда болот да кечинде жумуштан чыкканда көрөсүӊ. Адамдардын баары иштеп, эмгектенип жүрүшөт. Бош, көчө кыдырган адам жок. Өзүмө келе албай, оюндун ичинде жүргөндөй кызык абалда бир жума жашагам. Оюндун каармандарындай көрүнгөндөр бара-бара адамдарга окшоп көрүнүп калышты (күлүп).
“Убактысы менен уктап, убактысы менен иштешет”
- Сакраменто Калифорниянын борбору, губернатор ушул шаарда отурат. Негизги ишканалардын баары ушул аймакта. Жашоочулардын басымдуу бөлүгүн америкалыктар өздөрү түзгөндүктөн аябай так, чынчыл, тынч район болуп эсептелет. 7 жылдан бери ушул аймакта жашап көп жакшы нерселерди өздөштүрдүм. Мени суктардырган, мага таасир берген адамдардын тактыгы, чынчылдыгы болду. Ар бир ишти убакыт-сааты менен кылышат. Кечинде жумуштан баары үйүнө келишет, көчөдө көӊүл ачып, тентип жүргөн адам жок. Убактысы менен уктап, убактысы менен иштерин так бүтүрүшөт. Ал эми бандиттер, кумсалар, уурулар, адаттан тыш адамдар жашаган жаман аймактар деле ба,р бирок бул жерден алыс.
“Мамлекеттик кызматта иштеген кыргыздар бар”
- Алгач кыргыздар аз болгондуктан ынтымагыбыз аябай бекем болчу. Ар эки жумада жолугушуп турчубуз. Бара-бара көбөйүп, үй- бүлөлүү, бала-чакалуу болгондон кийин жолугушканга деле убакыт табылбай калды. Даталуу күндөрдө гана кезикпесек, ар ким өз тиричилиги менен алек. Бул аймактагы кыргыздардын көбү IT тармагында, “Google”, “Facebook”, “Youtube”, “Instagram” сыяктуу чоӊ-чоӊ компанияларда программист болуп иштешет. Чоӊ жүк ташуучу жана жеӊил унаалар менен такси кылышкан жаштар да көп. Мамлекеттик салык кызматында, соцфонддо иштеген кыргыздар да бар. А мен соода түйүндүн ичинде телефон, компьютер оӊдоп, аларга программа коем.
“Кыргызстандын эркиндигин сагындым”
- Бул жакта бир күндүк убактыӊды да бекер өткөрбөй иштешиӊ керек болот. Иштебесеӊ төлөмөй нерселер көп, мисалы суу аласыӊбы, нан аласыӊбы, чай аласыӊбы ар бир соодаӊа салык кошулат. Бир дыйкан алманы дүӊ баада алган соодагерге салык кошуп сатат, ал соодагер дүкөнгө дагы салык кошуп өткөрөт, дүкөндөн биз да салык төлөп алабыз. Ошондо бир эле нерсеге үч-төрт ирет салык кошулуп калат. Баскан ар бир кадамыӊ салык. Дүкөнгө кирип-чыгыш үчүн да салык төлөйсүӊ. Ар дайым жумуш, ой менен чарчоодон арыла албай жашоо өтөт. Кыргызстандын эркиндигин сагындым, албетте, ата-энемди, тууган-урукту, туулган жеримди сагындым. Чөнтөгүӊдө тыйыныӊ калбай калса да бир мүшөк унуӊ болсо айылда көӊүлүӊ ток, жайдары жашай бересиӊ. Ошол жашоону сагындым. “Сагынычка, кусалыкка эмнеге чыдап жүрөсүӊөр, келе бергиле” дегендер болуусу мүмкүн. Себеби эки өлкөнүн эмгек акыларын салыштырып болбойт. Мисалы, мен Кыргызстанда мамлекеттик кызматта иштегенде 100 доллар эмгек акы алчумун. Ал акчага эптеп эле күнүмдүк жашоо өтөт, өнүп-өсүүгө такыр ашпайт. А бул жакта орто иштесеӊ 3000 доллар, жакшы иштесеӊ 5000 доллар табасыӊ. Анан да Америкада маданият аябай өнүккөн. Бардык жакта шарт бар. Жашоо таптакыр башкача. Кайсыл учурда болбосун издеген нерсеӊди таба аласыӊ. Коомго кызмат кылуучу жайлардын баары 24 саат бою иштешет.
“Калифорнияда кымыз жасап ичип жатам”
- Калифорнияда дыйканчылык менен мал чарбачылык аябай өнүккөн. Тамак-ашыбыздын баары химикатсыз таза. Ошентсе да мекенибиздин азыгына такыр жетпейт. Кымыз менен бешбармакты аябай сагынам. Ырчы Сыймык Бейшекеев агам Кыргызстандан бир литр кымыз салып жибериптир. Анын жарымын ичип, түгөтүп алгым келбей кымыз жасап көрсөмбү деп ойлодум да уйдун сүтүн алып келип кымызды аралаштырып, жөнөкөй эле идиштерге бышып, желим бөтөлкөлөргө эле ачытып ичип жүрдүм. Бир күнү базардан кымыз быша турган идиш бар го, ошондой таап алдым. Эмне үчүн жасалганын билбейм, мен үчүн кымызга жасалгандай эле болду. Аябай кубанып, ошол менен кымыз жасап ичип жатам. Кыргызстандагы нукура кымызга жетпесе да бир аз даамы чыгып турганына кубанып жатам. 2-3 америкалык досторго бердим, кычкыл экен деп жактырышты. Бирөөсү кымызды ичкен соӊ «сен өлкөӊө баргандан кийин мени чакыр. Жериӊер, тамак-ашыӊар, каада-салтыӊар мага абдан кызык болуп жатат. Барып көрүп келейин» дейт. Буюрса, баргандан кийин бул жактагы досторду чакырам. Америкалыктар тоо-таштарга, сууларга, жаратылыш, табиятка аябай кызыгышат. Кыргызстанга барган соӊ туристтерди чакырып, алар менен иштеше турган ишкана ачсамбы деп пландап жатам.
Уулбү Каныбекова
Толугу менен...