Версия для печати
Понедельник, 26 Август 2019 06:34

«Ош-Тазалык» ишканасы жаӊы техникалар менен камсыздалды

Борбордук аянтта «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жаӊы келген техникаларды тапшыруу аземи болуп өттү. Салтанатка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын эмгек жамааты жана шаар тургундары катышты.

«Тазалык ишканасынын кызматкерлерине да өзгөчө көӊүл бурулат»

Техникаларды тапшыруу учурунда калаа башчысы Т.Сарыбашов жаӊы техникаларды алуу үчүн жергиликтүү бюжеттен 30 млн. сом бөлүнгөнүн билдирди:

«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын техникаларынын эскилиги жеткендиктен, жергиликтүү бюжеттин эсебинен 15 жаӊы техника сатып алдык. Мындан тышкары, шаардагы эскилиги жеткен таштанды таштоочу контейнерлер да жаӊыланат жана тазалык ишканасынын кызматкерлерине да өзгөчө көӊүл бурулат».

Алынып келинген 15 техниканын 13ү «Ош-Тазалык» ишканасына, калган экөө муниципалдык менчик башкармалыгына жана шаардык турак-жай коммуналдык башкармалыгына берилди.

Жыл башында «Ош-Тазалык»  ишканасы 80%га өзгөрүлөт» деп маек берген жетекчи Нурбек Исмаиловдон, 80%дын канчасы аткарылып бүткөндүгү туурасында маектештик.

«Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов:

«2020-жылы техника менен толук камсыздалабыз»

- Жыл башында жергиликтүү бюжеттен 30 млн. сом бөлүнгөн. Бөлүнгөн акча  тендерге берилип, Кытайдан 2019-жылкы жаӊы он эки техника алып келинди. Тендерден үнөмдөлгөн төрт миллион сомго үч портер, контейнерлердин тегерегин тазалоочу каражат жана 136 контейнер ала турган болдук. Андан сырткары Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан он миллион евро бөлүндү. Буюрса, ал акчага январь айына чейин жаӊы техникалар алынып, таштанды төгүлүүчү жайларга тосмолор орнотулат. Контейнерлерди дээрлик Оштун борбордук көчөлөрүнө коебуз деп пландаштырып жатабыз. Буга чейинки техникаларга он жылдан ашыптыр. Таштандыда ар кандай заттар болгондуктан уулуу заттарга айланып темирди бат чиритип жиберет экен. Ага карабай жамап, ширетип отуруп ушул күнгө жеткирдик.

Архивди карасам, 1985-жылы союз маалында гаражда 130 техника бар экен. Таштанды адамдарга карата болот го, ал кезде адамдар да аз болгон. Учурда 59 техника бар, бирок адамдар көп. Техникабыздын дээрлик 20дан ашууну колдонуудан чыгып калган.  Азыр «Ош-Тазалык» техника менен 30 пайыз жабдылды, буюрса жыл аягына 100 пайыз камсыздалат. Ошондой эле шаардан чыккан таштандыларды төгүүгө таштанды төгүлүп жаткан жердин тегерегинен 23 гектар жер бөлүнгөн. Ал да 2020-жылы курулушка берилип, жылдын аягына чейин бүтүп калат. Булар– жыл аягына пландалган сөзсүз аткарылуучу иштер.

«Эс алууну билбей, 24 саат иштеген ишканабыз»

- Ош шаарында бардык ишканалар ишемби, жекшемби күндөрү дем алышат. А биз ал күндөрү кайрадан күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Себеби жумушчулар үйүндө болуп, үйүн тазалашат же башка бир шаан-шөөкөт өткөрүшүп таштандыны көп чыгарышат. Бизде бир гана  жол шыпыруучулар жекшемби күнү дем албаса, калганыбызга бул күндөрү дем алууну оюбузга да келтирбей 24 саат иштеген ишканабыз.

Ишканада 415 жумушчу бар. Алардын 30-40тайы эсепчи, менеджер, уюштуруучулар сыяктуу кызматкерлер болсо, калганы кара жумуш кылгандар. Күндүзгү жана түнкү болуп бөлүнүп, эки бөлүк менен иштейбиз.

«Жумушчуларды кармап калуу аябай оор»

- Кара жумушка дээрлик шаардын чекесиндеги айылдардан келгендер эле иштешет, шаар тургундары иштешпейт. Ошондуктан көпчүлүк жумушчуларыбыз жай айларында куруучулук иштери менен алектенип кетип калышат. Жумушубуз да таӊга маал үч жарымда башталгандыктан, айылдардан автобус менен алып келебиз да, эл уктап атканда байкатпастан тазалап коебуз. Байкасаӊыздар керек, байма-бай бош орундарга жарыя берген жагынан шаарда биринчи орунда турабыз. Тургундар таштанды таштаганга шай да, аны тазалаган иште иштей алышпайт. Анкени, иштин оордугу ошончо да, айлыгы аз. Ошондуктан жумушчуларды табуу да, аларды кармап калуу да аябай кыйынчылык туудурат. Буюрса, 2020-жылы ишканабызга торгой уялайт. Жаӊы техникалар келип, айлык акы көтөрүлүп, ишчилерибизге бир топ жеӊил, оӊтойлуу болуп калат.

«Күндө тазалаган үй таза эмес, таза отурган үй таза»

- Жашоочуларыбыз белгиленген жерге таштандыларын таштабай, жолдун бойлоруна, коӊшусунун үйүнүн алдына алып барып коюшат. Жер үйлөргө контейнер коелу десек, жыты урат деп эч ким койдурбайт. Анан аларды ар жерден терип жүрүп, түнү бир, таӊга маал бир, түштө бир тазалайбыз. Айрыкча Масалиев, Ленин, Курманжан-Датка көчөлөрүн улам  тазаласаӊ, кайра эле акыр-чикирлерин ыргытышат. Элдерге эптеп таштандыларын белгиленген жерге төктүрүп үйрөтүп алсак, бир топ жеӊил болуп калмак. Бизге 200 техника келсе деле бул нерсени үйрөнбөсөк, тазалык ишканасындагылар тазалап эч качан жетишпейт. Күндө тазалаган үй таза эмес, таза отурган үй таза дейт. Акыр-чикирди таштап туруп, «Тазалык ишканасы алыш керек, неге албайт экен?» дебей, ар ким өзүнүн артын тазалабаса, шаарыбыздын тазалыгын сактай албайбыз. Бир күнү түнү Мамыров көчөсүндө бара жатсам бир эже баштыктагы таштандысын жол жээгине коюп кирип кетип калды. Ар жерге таштай бербей урнага гана чогултушса болот да. Бири-бирибизге түшүндүрүү иштерин жасайлы, улуу муун кичи муунга тарбия берели.

«Жумушчуларды да ойлоӊуздар»

- Ошто миллионго жакын калк бар. Ар бири бир күндө жок дегенде бирден таштанды ташташат. Эми ойлоп көрүӊүз шаарыбыздын абалын...  Айланабыз Кара-Суу менен чектеш болгондуктан, алар да шаардын ичине алып келип же тегерегине таштап коюшат.

«Менин үйүмүн астын тазалап бересиӊ» деген тарифте жок. Бирок ушуга чейин көп кабаттуу үйлөрдүн астын тазалап келгенбиз, азыр да тазалап жатабыз. Быйыл үйлөрдүн астын тазалай турган каражатты үнөмдөп техника сатып алдык. Өзүм да шаарда чоӊойгом. Ал кезде жашоочулар эле тазалап турчубуз. Ар бирибизге мынча аралыкты сен тазалайсыӊ деп бөлүнчү. Азыркы жаштар жадакалса жатар жерин да тазалашпайт. Карап көрүӊүздөр, ким барып коӊшусунун короосун тазалап берет, эч ким. Ошондуктан мамлекетти, биздин жумушчуларды да ойлоӊуздар.

«Энергетиктердей амал таппай жатабыз »

- Суунун, электр энергиянын төлөмүн төлөбөй койсок, келип кыркып кетишет. Ошон үчүн аларга тытынып төгүп келишет. А бизде таштандыга төлөмүн төкпөй койсо, кырка да албайт экенбиз, таштанды төкпө деп айта да албайт экенбиз. Энергетиктердей амал таппай атабыз, жок дегенде айып пулду көбөйтүп, чара колдонуш керек.

 Бирок Ош шаары башка шаарларга караганда таза шаар, көпчүлүк келип мактап кетет. Келиӊиздер, шаардын тазалыгына бирге кам көрөлү.

Нурсулуу Калмурат кызы

 

Окулду 491 жолу