Версия для печати
Понедельник, 02 Сентябрь 2019 03:54

«Эл берген ишеним менен эл күткөн жыйынтыкка жетиштик»

Эгемендик алган жылдары спорт эмес, курсакты багуу биринчи орунда турган. Бир топ мыкты оюнчулар, командалар жашоонун сүртүмүнө жараша кесиптерин алмаштырып кетишкен. Волейбол федерациясынын аты 2002-жылы түзүлүп, заты 2012-жылдан бери жыйынтык көрсөтүп келет. Жакында Кыргызстан үчүн чексиз кубаныч, толкундоо тартуулаган жеӊиштин желеги алгачкы жолу  Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан оюнда Азия чемпиондугун алганда желбиреди. Оюндун жүрүшүндө Оӊолбек Каныбек уулу турнирдин эӊ мыкты оюнчусу, ал эми Жамалидин Мусаев турнирдин эӊ мыкты чабуулчусу деп аталды. Спортчулар бул жеӊишти эгемендүүлүктүн майрамына, кыргыз элине тартуулашты. Оюн тууралуу улуттук курам менен кызуу маек курабыз.

Кылыч Сарбагишев, КРВФнын башкы катчысы:

-      Оюнчулар быйыл да кылдат тандалды. Күйөрмандардын, волейбол адистеринин пикири да ушундай болду. Биз командага жаш, келечектүү үч спортчуну кошууну чечтик. Баястан, Өмүр, Альберт. Булар келечектүү оюнчулар, көп жыл улуттук курамдын намысын коргойт деп ишенебиз. Машыктыруучу үчөөнү Мараловго кошуп башкы машыктыруучу Андрей Владимировичдин сунушу менен Новосибирскийге, Хабаровскийге турнирлерге жөнөттүк. Ал жактан жакшы ийгилик менен келишти. Непалга бара жатып курамга жаш эки оюнчуну коштук. Эки жигит теӊ учурда Ош шаарында жашап, билим алат.

Улуттук курамды клубдар арасындагы мыкты оюнчулар түзөт. Yч айлык тынымсыз машыгуу жемишин берди. Эки ай Бишкек шаарында, бир ай Ысык-Көлдө күчөтүлгөн тартипте машыгуу өткөрдүк. Аны менен бирге коӊшу өлкөгө жолдоштук беттешүүгө да барууга жетиштик. Балдарга витамин, дары-дармек, тамак-ашы федерация жана демөөрчүлөр тарабынан камсыздалды.

Волейболго кызыккан коомчулук бизге дем берип турду. Бардык күйөрмандарга ыраазыбыз!

Оӊолбек Каныбек уулу, турнирдин эӊ мыкты оюнчусу:

«Ийгилик команданын ынтымагы, бирдиктүү аракети менен келди»

- Башкы машыктыруучубуз командада эӊ улуусу болгондугум үчүн капитандыкты мага ыйгарган. Андыктан оюн учурунда кандай гана кырдаал жаралбасын, жалпы абалды көзөмөлдөө, талаш-тартыш жаралган учурларда калыс менен биргеликте чечүү милдети менин мойнумда эле. Тактап айтканда, машыктыруучунун оюн талаасындагы жардамчысымын. Ошондой эле беттеш учурунан сырткары балдарды ынтымакка үндөп, шыктандырып тууру да кызматыбыз. Бул жакшы жыйынтык алууга көпүрө. Биздин команда оюндун акыркы ирмемине чейин күрөшө алгандыгы, эркинин бекемдиги, тоо жүрөктүүлүгү менен башкалардан айырмаланып турат. Ооба, биз тапшырманы аткардык. Эл берген ишеним менен эл күткөн, күйөрмандар күткөн жыйынтыкка жетиштик. Бул ийгилик команданын ынтымагы, бүтүн бир организмдей болгон бирдиктүү аракети менен келди.

Жамалидин Мусаев, турнирдин эӊ мыкты чабуулчусу:

«Оюнда бир эле оюнчу алсыз болсо, ошол жерден үмүт оту өчөт»

-      Оюнчулардын ичинен экинчи ирет эӊ мыкты байланыштыруучулардын катарына кошулдум. Аллахыма чексиз шүгүр, ушундай талантты берип, ушул чөйрөгө аралаштырып койгону үчүн. Анан ушул деӊгээлге жеткиргенине ата-энеме, жакындарыма, топ деген, волейбол деген эмне экендигин тааныткан, ушул чөйрөгө кошкон тренерим Саид Бурканга тереӊ ыраазычылык. Мени мыкты кылган ушул инсандар, ушул командалар. Биздин команда аябай ынтымактуу. Оюнда бир эле адам алсыз болсо, ошол жерден мүмкүнчүлүк азаят, ошол жерден үмүт оту өчөт. Бул жеӊишибизди бүткүл кыргыз эли менен бөлүшөбүз. Бул сиздердин колдооӊуздардын, ишенимиӊиздердин натыйжасы.

Өмүрбек Жунусов:“Абдан толкунданып, кубандык”

- Алмашууда отурганда каршылаштарымды бир сыйра көздөн кечирип койгон элем. Оюн учурунда ким кандай позиция колдоноорун билип ойноп жаттым. Улуттук курамда ойноо абдан жоопкерчиликтүү экен. Өзбекстан менен мурун жолдоштук беттешүүдө ойногондугуманбы, менде эч кандай сүрдөө сезими болгон жок. Анын үстүнө байланыштыруучу менен бир клубда ойногонум үчүн да жеӊил болду. Кыргызстанга келгенде күйөрмандар жылуу тосуп алышты. Абдан толкунданып кубандык. Ошто да Ош мамлекеттик окуу жайынын жамааты куттуктап, ыраазычылык билдиришти. Күйөрмандардын сый мамилеси бир өмүрлүк дем-күч берди. Буюрса, дагы да эмгектенип, өлкө намысын коргоого аракет кылабыз!

Оӊолбек Каныбек уулу

Туулган жылы: 1991. 17. 08

Туулган жери: Тоӊ районунун Оттук айылы

Кесиби: Ортопед-травматолог

Бою: 1.96 см.

Ойногон клубу: «Жаӊы-Муун»

Амплуасы: Кайчылаш чабуулчу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Нурмухаммед Токтоев

Туулган жылы: 1994. 24.11

Туулган жери: Ноокат районунун  Борко айылы

Кесиби: Архитектор

Бою: 1.80 см.

Ойногон клубу: «Отор-Ош»

Амплуасы: Чабуулчу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Кутманбек Абсатаров

Туулган жылы: 1995. 26. 12

Туулган жери: Ноокат районунун Yч-Бай айылы

Кесиби: Экономист

Бою: 1.78 см.

Ойногон клубу: «Аксы»

Амплуасы: Либеро

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Өмүрбек Жунусов

Туулган жылы: 1997. 01. 10

Туулган жери: Ноокат районунун Таш-Булак айылы

Кесиби: Юрист

Бою: 1.90 см.

Ойногон клубу: «Erem»

Амплуасы: Чабуулчу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Альберт Орозбай уулу

Туулган жылы: 1998. 12. 10

Туулган жери: Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө айылы

Кесиби: Юрист

Бою: 1.90 см.

Ойногон клубу: «Отор-Ош»

Амплуасы: Чабуулчу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

Жамалидин Мусаев

Туулган жылы: 1992. 09. 05

Туулган жери: Баткен районунун Самаркандек айылы

Кесиби: Жол кыймылынын коопсуздугун уюштуруу

Бою: 1.80 см.

Ойногон клубу: «Erem»

Амплуасы: Байланыштыруучу

Yй-бүлөлүк абалы: Yй-бүлөлүү

 

Дамир Газинур уулу

Туулган жылы: 1993. 07. 07

Туулган жери: Ысык-Ата районунун Юрьевка айылы

Кесиби: Мугалим, юрист

Бою: 1.90 см.

Ойногон клубу: «Жаӊы-Муун»

Амплуасы: Борбордук тосмочу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

 

Манас Нуралы уулу

Туулган жылы: 1993. 29. 09

Туулган жери: Жала-Абад облусунун Аксы району

Кесиби: Экономист

Бою: 1.78 см.

Ойногон клубу: «Аксы»

Амплуасы: Либеро

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

 

Медетбек Эргеш уулу

Туулган жылы: 1994. 20. 01

Туулган жери: Ала-Бука районунун Кеӊ-Кол айылы

Кесиби: Геолог

Бою: 1.80 см.

Ойногон клубу: «Сулайман-Тоо»

Амплуасы: Байланыштыруучу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

 

Темир Муса уулу

Туулган жылы: 1994. 12. 04

Туулган жери: Ат-Башы районунун Ача-Кайыӊды айылы

Кесиби: Спорт-туризм

Бою: 1.90 см.

Ойногон клубу: «Улар»

Амплуасы: Чабуулчу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

 

Эмил Идирисов

Туулган жылы: 1996. 21. 05

Туулган жери: Баткен облусунун Кадамжай району

Кесиби: Энергетик

Бою: 1.90 см.

Ойногон клубу: «Erem»

Амплуасы: Тосмочу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

 

Азамат Жумабеков

Туулган жылы: 1997. 28. 10

Туулган жери: Ат-Башы районунун Ак-Жар айылы

Кесиби: Юрист

Бою: 2.07 см.

Ойногон клубу: «Улар»

Амплуасы: Борбордук тосмочу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

 

Роман Шилов

Туулган жылы: 1998. 01. 07

Туулган жери: Бишкек шаары

Кесиби: Стандартизация и сертификация товаров

Бою: 2. 13 см.

Ойногон клубу: «Салам-Алик»

Амплуасы: Борбордук тосмочу

Yй-бүлөлүк абалы: Бойдок

 

Нурсулуу Калмурат кызы

 

Окулду 841 жолу