• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 02 Сентябрь 2019 03:56

№1 Туран муниципалдык аймактык башкармалыгы

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
№1 Туран муниципалдык аймактык башкармалыгы

Кезектеги макалабызда 12 аймактык кеӊеш бириктирилип, алты муниципалдык башкармалык болуп түзүлгөн түзүмдөрдүн бири №1 Туран муниципалдык аймактык башкармалыгы боюнча баяндоону эп көрдүк. Аталган МАБдын жетекчиси Равшан Мирзабаев жети ай аралыгындагы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата аткарылган жана аткарыла турчу иш аракеттери боюнча кенен айтып бермекчи.

38 миӊ калкы бар МАБ

№1 Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында 6543 кожолук, 58 көп кабаттуу үй, 1287 батир, 5256 жеке менчик үй, үч бала бакча, үч мектеп, эки саламаттыкты сактоо мекемеси, бир китепкана, эки балдар ойноочу аянтча, үч спорт зал, үч кичи футбол аянтчасы, тогуз спорт секция, 41 аптека, эки авиакасса жана 127 соода түйүндөрү жайгашкан. Ошондой эле 38 миӊге чукул калк жашайт.

Улуттук түзүмү

Ондон ашуун улуттун өкүлдөрү жашаган Туран муниципалдык аймактык башкармалыкта кыргыздардын саны 15765 болсо, өзбектердин саны 20391, орус-354, татар-122, тажик-63, уйгур-158, түрк-78, казак-14, корей-9, немис-7, украин-11, дунган-28 жана башка улуттардын 251 жашоочусу түтүн булатып келет.

«Ош шаарынын мэриясынан региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жаатында келген каттар, протоколдук тапшырмалар өз убагында аткарылып жатат»,- дейт Равшан Мирзабаев:

«Жарык жашоо – жаркын келечек»

- Ишибизди жарыктандыруудан баштадык. Анткени жарык жашоо жаркын келечек дейт эмеспи, жеткиликтүү санариптештирүү үчүн биринчи орунда электр тармагын жакшыртуу керек. Буга байланыштуу, аймактык башкармалыкта Дача участогун электр чубалгылары менен жаӊыладык. Ошондой эле жыйырма көчөнү жарыктандырып, 200дөй жол чырак койдук. Алдыда дагы бир топ көчөлөрдү жол чырак менен камсыздоо, эскилиги жеткен трансформаторлорду жаӊылоо пландалып жатат.

«Алгылыктуу иштер элдин колдоосу менен ишке ашырылды»

- Июль айында Төлөнов көчөсү менен Ишматова көчөсүнүн кесилишинде элдин колдоосу менен элүү метр лоток орноттук. Мындан сырткары Солнечная көчөсүнө 800 метр аралыкка таза суу тартылды. Демөөрчүлөр тарабынан 40 миӊ сомго Королева көчөсүнө 105м2 тротуарга таман таш жаткырылды. Набережная көчөсүнө 6 миӊ метр шагыл төгүлүп, Колос, Семейная, Ирригатор көчөлөрүнө таза суу тартылды. Борбордук жана Колос көчөлөрүнө жети электр мамыча орнотулду. Бир топ алгылыктуу иштер элдин колдоосу менен ишке ашырылды.

«Окуу жылы аяктаса бош калышпасын деп…»

- Окуу жылы аяктаган соӊ балдардын убактысын текке кетирбөө үчүн «Интербилим-Ош»    бейөкмөт уюму менен биргеликте 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм балдарга, социалдык коргоого муктаж жана ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү катышкан жайкы демократия «Жаш аракет» лагерин уюштурдук. Лагерь улуттар аралык достукту бекемдөөгө, балдардын этика-эстетикалык билимин жогорулатууга, кенен чөйрө менен аралашып, тил табышып, өз ойлорун орундуу айтып бере алууга үйрөтүү максатында уюштурулду. «Жаш аракет» жайкы демократия лагерине жалпы жүз миӊ сом өлчөмүндө инвестиция тартылып, лагердин жалпы катышуучуларына эки маал тамак жана демократиянын негиздерин, толеранттуулукту, медиа сапаттуулукту жогорулатуу сабактары окутулду. Лагерь жалпы жонунан эки айга созулду. Дал ушул өӊүттөгү максат менен мэрибиз Таалайбек Сарыбашовдун демилгесинде «Бактылуу балалык» деген да лагерь уюштурулду. Мындан башка бир канча иш чаралар өткөрүлдү.

«МАБда юридикалык консультация көрсөтүү колго алынды»

- Жеке демилгенин негизинде №1 Туран МАБда юридикалык консультация көрсөтүү колго алынды. Бул кызмат Туран кичи районундагы тургундар үчүн акысыз, жеткиликтүү ишке ашырылууда. Азыркы күндө жыйырма адамга юридикалык маалымат берилди.

Ар кандай жашоочулар жашагандыктан, тазалыкты сактоо кыйынга турат. «Ош-Тазалыктын» техникасы жетишсиз, эски болгондуктан ар бир кварталдык комитетте беш адамдан турган комиссия түзүп, саркынды сууларды чыгарбоо, жашаган жерибизди акыр-чикирден таза кармоо боюaнча ар бир үйгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маал- маалы менен ишембилик өткөрүп, бат-баттан көзөмөл жүргүзүп турабыз. Өзүӊүздөргө белгилүү болгондой, биздин башкармалыкта канализация жок. Бул өтө чоӊ көйгөй. Саркынды сууларды жок кылуу үчүн канализация куруу абзел.

Буюрса, «Ош-Тазалык» ишканасы жаӊы техника менен камсыздалып, тазалыкка болгон түйшөлүү аз да болсо жеӊилдеп калды. 

«МАБдын коомдук алдын алуу борборунун кеӊсеси курулууда»

Коомдук алдын алуу борборунун кеӊсесин куруу үчүн «Эл аралык толлеранттуулук үчүн» фонду жана «SAFERWORLD» менен биргеликте коомдук коопсуздукту сактоо үчүн иш чаралар өткөрүлүп, сметасы түзүлүп, жакын арада кеӊсенин курулушун баштоо боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Түзүлгөн сметанын негизинде кеӊсенин курулушуна 2 миллион 789 миӊ сом каржыланары аныкталды. Аныкталган каражаттын отуз пайызын Ош шаарынын мэриясы каржылап бермекчи. Айтор, жеке демөөрчүлөр тарабынан да бир топ жардамдар берилүүдө.

Нурсулуу Калмурат кызы

Фото: Сыдык Токонов

Окулду 168 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Макалалар
Ушул категориядагы башка материалдар: « Эӊ көп калкы бар Курманжан Датка МАБ Той-салтанат тууралуу ой »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved