«Адам чындаса таштан суу, такырдан чөп чыгарат» деген кеп бар кыргызда. Колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер, усталарга кыргыз эли илгертен бай. Дал ушул кол өнөрчүлүктү бала чагынан өздөштүргөн бүгүнкү каарманым бычак жасайт. Дүйнөнүн төрт бурчуна тараган «Kyrgyzstan» деген жазуусу бар бычак сиздин да колуӊузга тийсе, Ошто жасалат деп билиӊиз.
Бахрам Ашуровдун атын укпаганыӊыз менен жүзү таанымал усталардын бири. Мамлекеттик, шаардык деӊгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, бир нече сыйлыктарга татыган уста. Атасынын жолун жолдоп темир устага айланган каарманым бычактын элүүдөн ашык түрүн жасаганын айтат:
«Төрөлгөндө бычакчы болуп төрөлгөм»
- Ата жолун жолдогон, атадан үйрөнгөн өнөр менимче, тубаса болот. Анткени, каныӊда бар. Тамтаӊдап басып калган кезимден эле атама каралашып «тигини алып бер, муну алып бер» дегендерине жарап калганымдан эле бычакчы болуп калганымды атам көп айтчу. Ошондон «мен төрөлгөндө бычакчы болуп төрөлгөнмүн» деп калам. Атам эмгекти сүйгөн, бир орунда бош отурбаган киши эле. 85ке чыкканга чейин эле устаканасын таштабады. Биз ишке жарап, колунан ишин алганда да үйдө отурган жок. Теӊ тайлаша иштеп, бычактарын өмүрүнүн аягына чейин жасап өттү. Өзүӊ жасаган буюм балаӊдай эле болуп калат экен. Бычактарын кооздоп жасап, аяр мамиле жасаган атамды көрүп таӊ калчумун. Азыр мен да ошентип калдым. Чөнтөк телефонум да бычактарымдын сүрөтү менен толгон (күлүп). Өнөрдү аздектөө, атанын жолун жолдоо алда канча жоопкерчиликтүү. Устаканага келгендер менин атымдан эмес, атамдын атынан издеп келишет. Бул жагымдуу сезим. Атамдай инсандын уулу болуу өзгөчө сыймык.
«Дүйнөнүн төрт бурчунан келип буюртма беришет»
- Сезону жок буюм болгону үчүн кыш-жай дебей жыл бою жасайм. Буюртмалар көп келет. Анткени, базардан алган бычактардын металлы начар болот да, тез мокойт. Биз таза металлдардан жасайбыз. Ошол үчүн да кардарларыбыз көп. Чет өлкөлөрдөн көп буюртмалар келет. Африкага чейин сатылды. Америкадан дайымкы кардарларым бар, тынымсыз буюртма берип турушат. 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында Ысык-Көлгө барып келдик. Сыйлыктарга татыдык, муну менен катар көп бычактарым чет жакка сатылды. Ошондон улам бычактарга өлкөбүздүн атын жазууну эп көрдүм. Кайсы жерге барбасын Кыргызстанда жасалганын билишсин деген ойдо. Жазуулары латундан куюлат. Улуттук колоритти сактап калууга тырышам. Элүүдөн ашык түрүн жасасам да, басымды өзүбүздүн бычактарга көбүрөөк таштайм.
«Yй тиричилигиндеги эӊ керектүү буюм - бычак»
- Миздүү бычактарды жасоо, аны туура пайдаланып, зыян көрбөй иштетүү оор болгондой эле, бычакты жасоо да ошончолук түйшүктүү. Кол-бутту кесип, түрдүү жаракаттарды алып жүрүп жасайбыз. Yй тиричилигине эӊ керектүү буюм – бычак. Атам эмне үчүн дал ушул бычак жасоону тандап алганын билбейм, мен атамдын жолун жолдойм деп жүрүп үйрөнгөм. Башка буюмдарды жасоого кызыкпадым деле. Аракет кылып да көрбөдүм. Эмгегибизди шаардык жетекчилик баалап сыйлыктарын берип турат. Ар кандай иш-чараларга, жарманкелерге чакырышат. Колдо жасалган буюм дароо эле байкалат эмеспи, «өзүӊүз жасайсызбы?» деп кызыгып сурагандар көп болот. Териден бычакка кынды да жасап берем. Аларга мүмкүн болушунча улуттук оймолорду түшүрүп кооздойм.
«Буканын мүйүзүнөн сап жасалат»
- Бычакты таза болот деп аталган темирден жасоо натыйжалуу болот. Атам илгертен темир уста болгону үчүн союз мезгилиндеги таза темирлерди сактап калган экен. Клапандар бар, эски тетиктер калып кеткен. Азыр ошолорду колдоном. Андан сырткары, кардарлар материалдарын өздөрү көтөрүп келишет. «Ушундан тигиндей же мындай жасап бериӊиз» дешет. Алардын тандоосун четке какпай жасап берем. Бычакты жасоо процесси да бир нече баскычтардан турат. Алгач темирди отко эритип алып, балка же базган менен уруп созулат. Илгерки шарттардай эле уруп, бышыктап жасайбыз. Себеби азыр станоктордо жасалган бычактар тез мокоп, жарактан тез чыгууда. Ал эми биздей болгон усталардын колунан чыккан бычактар бышык болуп көпкө чыдайт. Бычактын башы даяр болгондон кийин топоздун, буканын мүйүзүнөн бычакка сап жасайбыз. Даяр болгон бычакты форфор идишке курчутуп иштете берсеӊиз болот.
«Эки уулум жолумду жолдошту»
- Устачылык өнөр чынында оор жумуш. Азыркыдай офисте бир орундан жылбай отуруп иштөө деген жок. Ысыкта ысыгы, суукта суугу өтүп жүрүп иштейбиз. Ошол үчүн бара-бара бул өнөргө кызыккан жаштардын саны сууду. Өзүмдүн эки уулумду кичинекейинен ээрчитип келип жүрүп үйрөткөм. Жолумду жолдоп уста болушту. Ата үчүн мындан өткөн сыймык жок экен. Өзүмдүн жашым 41де буюрса, бул өнөр мени дагы көп жыл багат. Учурда интернеттен жакшы идеяларды алып бычакты кооздоп жасап калдык. Колум бошосо эле бычактын кооздолушун, кандай сүрөттөрдү түшүрүү керектигин издей берем.
Бактыгүл Калдарбай кызы
Фото: Сыдык Токонов
Толугу менен...