Версия для печати
Понедельник, 02 Сентябрь 2019 04:11

Ашим Осмонов, Ош шаардык Кеӊешинин социалдык –маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы: «Эгемендүүлүктүн кадырына жетүүгө убакыт келди»

- Жылдан – жылга өзгөрүүлөр, алдыга жылуулар болууда. Эгемендүүлүгүбүздүн баасы материалдык же саясий абалыбызда эмес. Эркин мамлекет экендигибизде. 28 жыл аралыгында бардык кырдаалды жеӊип, эгемендүүлүгүбүздү сактап келүүдөбүз. Демек, мындан ары да кемчиликтерибизди жөнгө салып, бутубузга турууга дараметибиз да, абалыбыз да жетиштүү. Эркин мамлекет катары көп нерселерге жетиштик. Өлкө башчыбыз бир мамлекеттин президенти катары дүйнөнүн төрт бурчуна барып өзүнүн саясий – экономикалык пикирин айта алат. Өзүбүзгө гана таандык тилде сүйлөй алат. Өзүбүзгө гана таандык тууну алып жүрө алат. Бул чоӊ жетишкендигибиз. Биз муну менен сыймыктанышыбыз керек. Кайда барбайлы эркиндигибизди баалап, туура пайдаланышыбыз керек. Кыргызстан азыр акырындык менен тажрыйба топтоп, бутуна туруп келе жаткан жаш жигит. Мүдүрүлсө таяп, зоболосун көтөрчү мезгил – эртеӊ эмес, бүгүн. Айта берсем баалуулуктарыбыз көп. Бүгүнкү күндө кээ бир өлкөлөргө салыштырмалуу бизде бир канча өнүгүү бар. Сөз эркиндиги, дин эркиндиги, тил эркиндигин кеӊири колдонобуз. Мамлекеттик тилде гана сүйлөнсүн, бир динди гана тутунсун деген нерсе жок. Патриот уул-кыздарыбыз көп, өлкө намысын ар тармактан коргоп, мамлекетти дүйнөгө таанытып жатышат. Дал ушул патриотторду эгемендүүлүк майрамы менен куттуктагым келип турат. Алар улуттун сыймыгы, өлкөнүн ардактуу атуулу. 

Окулду 1286 жолу