• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 09 Сентябрь 2019 06:59

100 жылдан кийинки жаӊылануу

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
100 жылдан кийинки жаӊылануу

Ош – курулуштун кучагындагы шаарга айланды. Жыл сайын жаӊы ачылыш жасалып, жашоочуларды кубандырып келет. Шаар жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө баа берип, рахматын айткан жашоочулар четтен чыгат. Быйыл өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүндө көп жылдан бери кароосуз калып кеткен Токтогул Сатылганов атындагы парк пайдаланууга берилип, элди сүйүндүрдү. Дал ушул парктын мурунку көрүнүшү менен бүгүнкү абалын салыштырып, эл пикирин угуп көрөлү деп чечтик.

Алгач парк тууралуу

Токтогул атындагы маданий жана эс алуу паркы  1878-жылы генерал-губернатордун шаардык багы катары түзүлгөн. 1918-жылы бул бакка кызыл аскер В.Д. Голубевдин сөөгү коюлган. Кийин комсомолдордун демилгеси менен ошол эле жылы бул бак шаардык маданий эс алуу багына айландырылган. Ал эми 1934-жылы Токтогул Сатылгановдун ысымы ыйгарылып 1968-69-жылы бактын негизги дарбазасы реконструкцияланып,  Токтогул Сатылгановго эстелик тургузулган. Ошол жылдардан бери паркка жакшы көӊүл бурулбай акыркы 10 жыл аралыгында кирүүгө мүмкүн болбой калган абалда эле. Кооптуу жайга айланып, атүгүл милиция кызматкерлери тынымсыз көзөмөлгө алып турушканы эсимде. Эс алуу бактын жалпы аянты 9 гектарды түзөт. 2015-жылы эс алуу багын оӊдоп-түзөөдөн өткөрүү пландалып, 2016-жылы ишке ашырыла баштаган. 

Учурда Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багы толугу менен реконструкцияланып,  11 миӊ метр квадрат жерге таш таман (брусчатка) басылган. Бул дегенибиз парка 100% брусчатка басылып, кооздолгон. Бакка кирүүчү жолдогу тепкичтер толугу менен жаӊыланып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандан үчүн пандустар курулган. Эс алуу багына кыргыз аялдын кымыз кармап турган айкели тургузулуп, айкелдин айланасына оргума (фонтан) курулган. Мындан сырткары, адам көӊүлүн өзүнө бурган дагы бир өзгөчөлүк Улуу Жибек Жолундагы кыргыз көчүнүн элесин чагылдырган түстүү таштардан мозаика басылган. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, эгемендүүлүк күнүндө жалпы кыргыз эллин майрамы менен куттуктап, соӊунда Токтогул паркынын толук оӊдоп – түзөөдөн өткөрүлгөнүн айтып элге пайдаланууга тапшырды:

«Ар бир жаран үчүн ыӊгайлуу болуусуна болгон дараметибизди жумшадык»

- Бир кылымдан ашык тарыхы бар, шаардын так ортосунда жайгашкан, ата-бабаларыбыз түптөп берип кеткен Токтогул Сатылганов атындагы сейил багыбызды толук оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп, сиздер менен бирге элибизге майрамдык белек кылып тартуулоонун алдында турабыз. Сейил багыбыз заманбап эс алуу жайына айланып, ар бир жаран үчүн ыӊгайлуу болуусуна болгон дараметибизди жана аракетибизди жумшадык.

Мындан тышкары түнкү жарыктандыруу иштери толугу менен жүргүзүлүп, демөөрчүлөр тарабынан видео байкоо коюлган. Баса белгилеп кетүүчү нерсе, аткарылган иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Ал эми шаардагы бир топ жеке компаниялар эс алуу багына отургучтарды орнотуп беришкен.

Шергазы Асилбеков, парктын жетекчиси:

«Элдин көптөн күткөн мүдөсү ишке ашты»

- Буга чейин Токтогул паркынын оӊдолуп жатканын айтып, бир топ маалымат берип келгенбиз. Ошентсе да жакшы кабарды кайра кайталап айтуу менимче көптүк кылбайт. Чынында ойго келбеген мыкты иштер аткарылып жатат. Элдин көптөн күткөн мүдөсү ишке ашып, парк пайдаланууга берилди. Бул жашоочулар үчүн чоӊ белек болду. Анткени, буга чейин бул жакка эч ким басып кирбей калган эле. Кооптуу болуп, башаламандык көп эле. Азыр элдин саны үзүлбөйт. Түнкүсүн да жарык болуп эс алуучулар бир маалга чейин болушууда. Менимче алардын ар бири шаар жетекчилигине рахматын айтып жатышса керек.

 Оӊдоп-түзөө иши төрт бөлүккө бөлүнүп, кыска убакыттын ичинде бүткөрүлдү. Биринчи бөлүгү  суу менен камсыз кылуу жана канализация куруу иштери толук аткарылып, суу, канализация түтүктөрү тартылган. Экинчи бөлүгү сырткы жарыктандыруу жана эс алуу жайдын ичин электр энергиясы менен камсыздоо иштери болду. Yчүнчү бөлүк парктын ирригациясы. Бактын ичиндеги суу кирүүчү лотокторду жаӊыдан коюп чыгуу иштери аткарылды. Ал эми төртүнчү бөлүк тепкичтерди жаӊылоо иштери. Аталган иштердин бардыгы толугу менен аткарылып, сапаттуу бүткөрүлдү.

«Жаштар үчүн да, чоӊдор үчүн да шарттар түзүлдү»

- Паркты жаӊыдан оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп баштаганыбызда сөз бергенибиздей эле бардык курактагы адамдар үчүн ыӊгайлуулук жаралды. Чоӊдор үчүн ыӊгайлуу отургучтар орнотулду. Жаштар үчүн атайын инсталляциялар коюлду. Ал эми балдар үчүн аттракциондор, лабиринт коюлду. Спортчулар үчүн чуркоочу, машыгуучу жайлар, веложол, мунун баары жашоочулар үчүн курулду. Жумуштан чыгып эс алып отурган жарандарды көрүп ичим жылыйт. Бакка өзгөчө көрк берип турган эки обьектибиз бар. Алардын бири Умай эненин эстелиги жана анын айланасындагы оргума болсо, экинчиси Улуу Жибек Жолундагы кыргыз көчүнүн ташка чегерилер мозаикасы. Мозаика кол менен жасалды. Атайын сүрөтчү агабыз келип, төрт аралыгында бүтүрүп берди. Таштар боелгон эмес, атайын сайдан таап чыгып, цемент менен катырып сүрөт түшүрүлгөн. 

«Улуттук колорит унутта калбайт»

- Негизи ар бир жумушун ар кандай маанини берсин, жөнөкөй болуп калбасын деп аракет кылдык. Мурун парктын ичине кирсеӊиз жолдору жарактан чыгып, басууга кыйынчылык жаратчу. Муну ар бир шаар тургуну билет. Азыр баштан аяк брусчатка басылып, 100 пайыздык ыӊгайлуулук жаралды. Шырдакты элестеткен таш тамандар басылды. Түстүү таш тамандар паркка бир өзүнчө көрк берүүдө. Илгертен кыргыз эми оймого жакын эмеспизби. Боз үйүбүздү оймолорсуз элестетүү мүмкүн эмес. Ошон үчүн парктын кире беришин оймо таш тамандар басылды. Мындан сырткары көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишин да жандандырдык. Парктын жалпы аянты 9 гектар болсо анын 5 гектары жашыл чөптүү жер. Ошол беш гектардын баарына жалпысынан 5 тоннадан ашык газон чөбүнүн уругу себилди. Учурда бакка кирсеӊиз баары жапжашыл болуп кооздолуп турат.

Жаркынбек Сатынбаев, сүрөтчү:

«Элдин сүрөтчү уулунан белек болсун дедим»

- Мозаиканын аталышы Улуу Жибек Жолу деп аталат. Мунун баштаганыбызда маркум сүрөтчү Ашыралы агабыз тирүү болчу. Экөөбүз баштаган элек. Улуу көчмөн кыргыз элинин тарыхын чагылдырган мозаиканы элге белек кылуу ушул күнгө туш болгон экен, кубанып турабыз. Ар бир ташты орду менен коюп, түсүнө, жайгашуу катарына карап тизип чыктык. Алгач макетин түзүп чыккам. Сүрөтүн толук тартып алгандан кийин жардамчы балдар менен сайдан таш терип чыгып төрт ай ичинде тизип чыктым. Майда иш экенине карабай эринбей сапаттуу кылып бүтүрүүгө аракет кылдык. 100 жылга кыймылдабай чыдап берет кепилдик бере алам. Жашылдандыруу, көрктөндүрүү чарба комбинаты менен биргеликте иш алып бардык. Алар мага маяна гана төлөп беришти айына. Сүрөтчү катары элиме бул эмгегим белек калсын дедим.

Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгын аткарган жумушу:

- Таш таман басуу (11 миӊ метр квадарт)

- Кире бериштеги арка

- Суу түтүкчөлөрү жана канализация

- Лотоктор

- Голубевдин эстелигин оӊдоп-түзөө

Оштогу көрктөндүрүү  жана жашылдандыруу чарба комбинатынын аткарган жумушу:

- Газон чөбүнүн уруктарын себүү (5 тоннадан ашык)

- 100 миӊден ашуун гүлдөрдү отургузуу

- мозаика

- оргума

- таштанды салуучу урна (25 даана)

- ичүүчү суу оргумасы(6 даана)

- инсталляция (3 даана)

Демөөрчүлөр:

- ЕККУ – 40 даана видеобайкоо орнотуп берген

- «Дархан» компаниясы 25 даана отургуч

- Жеке ишкер А.Муратов 25 даана отургуч

- «Элит –Строй-Сити» курулуш компаниясы балдар сахнасын куруп берген

- «МПА» фирмасы 3 даана отургуч

- «Ризван» басма үйү - 1 даана отургуч кол чатыры менен

- Жеке ишкер Жунус уулу Руслан – 1 даана отургуч кол чатыры менен

- Жеке ишкер Талант Бердиев – жайкы сахнаны сырдоо ишин бүтүргөн

- «Российская газета» - 60 даана ак кайыӊ отургузуп берген.

Баймат Калмаматов, шаар тургуну:

«Шаар такыр өзгөрдү»

- Мен биринчи шаарга келгенде Ош башкача болчу. Бир топ курулуш иштери аткарылып, чоӊ өзгөрүүлөр болду. Азыр Токтогул паркы оӊдолуп, көркүнө чыгып калганын көрүп сыймыктанып кетем. Сырттан коноктор, достор келсе ошол жерге алып барчу болдум. Чоӊ шаарлардагы көрүнүштөрдү элестетем, тынч жер, түрдүү жаштарды кезиктиресиӊ. Баары эмнедир менен алек, бири велосипед тээп жаткан, бирөө чуркап жүргөн, дагы бирөөсү китеп окуп отурган. Мындай көрүнүштү менимче кинодо эле көрүп аттык окшойт эле (күлүп). Негизи, шаар өнүгүү жолуна түшүп алды десем болот. Азыркы жетекчилик, мындан кийинки келген жетекчилик да бул иштерди улап кетерине, келечекте Ош өнүккөн чоӊ шаарлардын катарына кошуларына ишенимим чоӊ. Демөөрчүлөрдүн жасап берген иштерине ичим жылыды.

Канзада Абдуллаева, шаар тургуну:

«Эрте менен чуркоону адатка айландырып алдым»

- Мен Ошко келип жашап калганыма 20 жылдан ашты. Ошондон бери бул паркка эч ким көӊүл бурган эмес эле. Кесибим менен көп чет өлкөгө чыгып калдым. Ошондо таӊ эрте туруп чуркаган аялдарды көрүп «бизде да ушундай шарттар болсо чуркамакмын» деп кыялдана берчүмүн. Учурда ошол кыялдарым орундалды. Эрте менен туруп ушул жерде чуркоону адатка айландырып алдым. Тынч, коопсуз, салкын жер. Кечинде жумуштан чыгып ушул паркка түшсөм кадимкидей эс алам. Жаштар да бири-бирине көӊүл буруп, убактысын спортко басым жасап жатканын көрүп кубандым. Ош шаары мэрлерден ооматтуу болуп эле келатабыз. Жакшы иштер аткарылып, акырындык менен өнүгүү жолуна түштүк. Ушул бойдон токтобосун, дагы да көп иштер аткарылып элди кубандыра берсин дегим келет. Эӊ негизгиси жаштарга үлгү катары жкшы иштер аткарылып жатат. Азыркы өсүп келе жаткан муун мындай иштерди көрүп сабак алат деп ишенем.

Бактыгүл

Калдарбай кызы

 

Окулду 109 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Ош шаары
Ушул категориядагы башка материалдар: « «Ош-Тазалык» ишканасы жаӊы техникалар менен камсыздалды «Ынтымак кербени» Ош шаарында »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Дайджест---------------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
ЖЕР ТИТИРӨӨ КАЙСЫЛ АЙМАКТАРДА, КАНЧА БАЛЛГА ЖЕТТИ
Среда, 18 Ноябрь 2015
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2015-жылдын 17-ноябрында саат 23:29да Ош облусунун Кара-Суу районунда эпицентрде 7 балл…
  • Кызыктуу маалыматтар
    Кызыктуу маалыматтар
    Понедельник, 01 Февраль 2016

Спорт

Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
Аброр Хакимов, спортчу: «Чыныгы спортчу көчөдө күч колдонбойт»
22 жаштагы спортчу Аброр Хакимов Босния и Герцеговина Республиканынын Сараево…

Маданият

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл
40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Күйөөмө кредит алып берсем төлөбөй койду
Понедельник, 09 Сентябрь 2019
Эл арасында көмүскөдө калган көйгөйлөр көп экенин дал ушул «Юристтен кеӊеш» рубрикабызга келип түшкөн суроолордон улам билүүгө болот. Эгер сизде…
  • Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Сухбатила Мирзаев, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстанды эч бир өлкөгө салыштырбайм»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019
  • Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты:  «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Гүлмира Турдубаева, Ош шаардык Кеӊешинин депутаты: «Кыргызстандын эӊ чоӊ байлыгы - эл»
    Понедельник, 02 Сентябрь 2019

Архив

« Декабрь 2019 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • ОГПИ 90 жашта
    ОГПИ 90 жашта
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • ФУТБОЛ академиясы ачылды
    ФУТБОЛ академиясы ачылды
    Понедельник, 16 Октябрь 2017
Бекмурат Ош жаз жер титироо орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved