Ош шаарына Ысык-Көл жана Талас облусунан достук делегациясы келди. Делегаттарды вице-мэр Нурбек Кадыров, маданият кызматкерлери жана шаар тургундары борбордук аянттан тосуп алышты. Эки облустан келген коноктор шаардын тарыхый жайлары, көрүнүктүү жерлерине саякат жасашып, элди биримдикке, ынтымакка чакырды. Ошол эле учурда биздин аймактан да делегация Таласка, Ысык-Көлгө барып, аксакалдарыбыз нарктуу, барктуу сөзүн айтып, жаштарыбыз достошуп кайтты. Тарыхы тереӊ, пейили кенен, меймандос элибиздин эгемендик майрамы да «Ынтымак кербенинин» жүрүшүнө туш келип, майрам достук мамиле менен белгиленди. Бул тууралуу үч күндүк делегациянын коноктору менен болгон маекке назарыӊыздарды бурабыз.
Талас шаардык «Жаӊы багыт» гезитинин башкы редактору Токтогул Ибрагимов:
«Ош таасири жаӊы ойлорду жаратты»
- Ордолуу Ош шаарына ар кандай чыгармачылык иштер менен көп келем. Келген сайын касиеттүү Сулайман Тоого чыгып, күрпүлдөп аккан Ак-Буура дайрасын бойлоп, шаардын өнүгүп баратканына көз салам. Ош- тынымсыз жашарып, көрктөнүп турчу өзгөчө шаар. Бул пикириме мамлекет башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен уюшулган “Ынтымак кербенине” кошулуп келип, шаардын жетекчилери, эли менен жолугушканыбызда дагы бир ирет ынандым.
«Ынтымак кербенинин» алгачкы кадамы үзүрлүү болду»
- Эгемендик күнүнө дал келген сапарыбызда шаардагы бир канча эмгек жамааттары менен баарлаштык. Ош мамлекеттик университетинде, учурдун талабына жооп бере турган поликлиникада, Жапалак, Амир-Темир айыл аймактарында болуп, Токтогул атындагы борбордук сейил багынын кайрадан жаӊыланып ачылган салтанатына күбө болдук. Эс алуу жайы көрктүү, таза, жагымдуу. Элдин маанайы, жылуу мамилеси, келечегибиз кеӊ болот деген бекем ишеничи, эгемен майрамыбызды даӊктаган кечиндеги чоӊ концерттин жогорку деӊгээлде уюшулганы бизди аябай таасирлентти. Демек, “Ынтымак” кербенинин алгачкы кадамы үзүрлүү болду. Мындан ары бул кербенибиз элибиздин келечегине кызмат өтөп, тыным албай улана берет деген тереӊ ишеничтебиз.
Талас шаарынан келген делегат Таалай казы:
«Сый-урмат менен тосуп алганыӊыздарга рахмат»
- «Ынтымак кербени» абдан керектүү нерсе. Ош облусу, Ош шаары аябай жакшы тосуп алышты. Тосуп алганда да мэриянын алдында ак дасторконун жайып, нан сунуп, шаӊ-шөкөт менен күтүп алды. Бизди мындай сый-урмат менен күтөт деп эч ойлобопмун. Аябай көӊүлүбүз ачылды ошол жерде. Сыйга келе жатканыбызды, эки элдин ынтымагына жакшы сөз айтып, ой кошуп, кеп-кеӊештерибиз менен бөлүшүп келебиз деп ойлоп келгеним ырас. Кубандык, Оштун мэри Таалайбек Сарыбашовго, уюштуруучуларга, жалпы тийиштүү адамдарга, Оштун элине рахмат! Шардын мэри менен губернатору элпек, жөнөкөй, кичи пейил балдар экен. Сени күтүп жаткандар жумшак мүнөздүү болуп, дасторкондорун жайып, бар тапканын коюп тосуп алса, дилиӊе, ичиӊе батпай сүйүнөт экенсиӊ.
«Ош шаарында үч күн жүрүп, үч кылымдык кубанычка балкыдык»
- Буга чейин Ош шаарын сыртынан көрүп-билип жүрсөм, «Ынтымак кербенинин» шылтоосу менен Ошту жакындан таанып-билип алдым. Эгер Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев мени кошпогондо Оштогу өзгөчөлүктөрдү байкабай, Т.Сатылгановдун атынан аталган сейил бактын көркөмдүгүн көрбөй калсам керек эле. Анткени биринчи жолу көрдүм да. Мындан башка ишканаларга, университеттерге саякаттадык, жакшы ишчараларына күбө болдук. «Ынтымак кербенин» алкагында мага жакканы тегерек үстөл уюштурулуп, түрдүү түмөн маселелер көтөрүлдү. Анда ар ким өзүнүн ой-толгоолору менен бөлүшүштү.
Губернаторубузга, биз менен баш-көз болуп барып келгендерге рахмат! Оштогу жалпы аппарат жетекчилерине, бизди алып жүрүп түрдүү кызыктар менен тааныштырып, эсте каларлуу эскермелерге туш кылган инсандарга абдан ыраазыбыз! Ош шаарында үч күн жүрүп, үч кылымдык кубанычка балкыдык.
«Оштун эли меймандос, ынтымак келет» деген кеп жөн жерден эмес экен»
- Сураштырсам Таласта анчалык деле жакшы уюштурулбаптыр. Оштун эли меймандос, ынтымак келет дегени жөн жерден эмес экен. «Ынтымак кербенин» Ош шаары жакшы уюштуруптур, бар болуӊуздар! Ош шаарынын казысы Убайдулла казыга да ыраазычылык. Бизди жумага алып барып, алакандарын жайып дуба кылып, кош колдоп узатышты. Бул кербен далай жылдарга улана берсин!
Талас облусунан келген делегат, 80 жаштагы Райхан Төрөкулов:
«Ошко келип Оштун «Оштой» кызыгына күбө болдук»
- Yч күндүк сапарыбыздын алкагында бир топ кызыктуу, пайдалуу жагдайларга туш болдук. Ошко келип Оштун «Оштой» кызыгына күбө болдук. Эгемендүүлүк майрамын 27 жыл Таласта тостум эле, быйыл өзгөчө Ош шаарында белгилеп жатам. Таластан келген 35 делегат, Ош мэрине, элине ыраазычылык айтабыз! Бул сапарыбыз жемиштүү болду. Анткени, биз билбеген, көрбөгөн нерселерди көрдүк. Буюрса, күбө болгон нерселерибизди Таласка барып эл менен бөлүшөбүз.
Сатылган Жумагулов, Талас облусунан келген делегат:
«Ош-Талас биримдиги улана берсин»
- Жетимиш үчкө чыктым. Буга чейин көп эле иш-чараларга катышып жүрөм. Бирок бул жактагы үч күндүк кербендин алкагында көрүп-билгендерибиз, майрам өзгөчө эсте калды. Ошко жаш кезимен эле көп келчүмүн. Бүгүн Ош бүгүнкүдөн башкача. Оштун элине рахмат! Түндүк, түштүк болуп бөлүнбөй, бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгарып, дал ушундай биримдикте, бир атанын балдары болуп жүрөлү.
Мындан ары Ош менен Таластын ынтымак-биримдиги улана берсин! Бизден кийинки муундун алакасы үчүн мындай саамалыктар байма-бай өткөрүлүп турсун. Оштун эли мээнеткеч, адамгерчилиги менен башкалардан айырмаланып турат.
Нурсулуу Калмурат кызы
Фото: Сыдык Токонов
Толугу менен...