“Эми мындан ары бизде комуздун майрамы белгиленет” деп кубанып жүргөн жашоочулардын саны арбын. Анткени, расмий түрдө“Комуз” күнү жарыяланды. Ага ылайык 7-сентябрь күнү Ош шаардык мэриясы жана Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан 500 комузчудан турган флешмоб уюштурулуп, иш чаранын кийинки бөлүгү 9-сентябрь күнү “Алымбек датка” этнографиялык комплексинде элге жылуу маанай тартуулоо менен уланды.
КРнын эмгек сиӊирген артисти Абдибали Акимбеков:
«Комуз көтөргөндөрдү көрүп көзүбүз кубанды»
- Жаӊыдан Кыргызстан эгемендүүлүк алган учурда “Ак таӊдай” деп акындар ордосун, дегеле төкмөлүк, комузчулук булардын баарын бирге өнүктүрүү максатында 1992-жылы элибизге белгилүү инсандар Ашыраалы, Тууганбай, Исак Барпиев, Болуш Мадазимовдордун батасын алып иш баштаганбыз. Кудайга шүгүр, убакыт өткөн сайын төкмө акындар көбөйүп, комузчулук өнөр күчөп, комуз көтөргөндөрдөн көзүбүз кубанып турган учурда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун атайын жарлыгына ылайык 9-сентярды комуз күнү деп белгилеп отурабыз. Жалпы кыргыз журтчулугун майрамдары менен куттуктайм.
«Күүнүн башы Камбаркан…»
- Комуз – кыргыздын кан-жанына сиӊип, кыргыз жаралганда аны менен кошо жаралган да. Тээ «Камбаркандай кан черткен» деп айтылат эмеспи. Мисалы, түндүктө «Күүнүн башы Камбаркан» деп айтылса, түштүктө «Күүнүн башы Бекарстан» дешет. Бул дегени кыргызда канчалаган залкарлар өткөнүнөн белги берип турат. Ошолордун эӊ эле акыркылары кыргыздын залкар комузчусу Болуш Мадазимов, Фахридин Баяков, азыр мына арабызда Садабай Шабданов агайларыбыз менен чогуу жүрүп калдык. Анан өзүмдүн атам дагы чон комузчу болгон. Ошол себептен кичинекей кезибизден бери комуз менен чоӊойдук. Айрыкча, атабыз эрте менен “тургула” деп ойготпойт эле, жалаӊ гана эшикти ачып коюп, комуз менен ойготчу. Ошондо эле кыргыздын бардык күүлөрү, кайрыктарына чейин кулагыма, жүрөгүмө сиӊип калган экен.
«Бир эле күүдөн бүтүндөй бир оркестрдин күчүн сезем»
- Өнөрдү баалай билген элдин ичинде комуз көтөрүп басуу да эӊ эле керемет да… Кыргыз байыртан сулуу кызы, күлүк аты, төкмөлүк өнөрү, күүлүү комузу менен айырмаланган. Бир эле комуздан чыккан күүнүн ичинен бүтүндөй бир оркестрдин күчүн сезем. Мына ушундай комузду белек кылып, бул күндү майрамдашыбызга себепчи болгон ата-бабаларыбызга рахмат айтсак жарашат. Бул күнү өнөр адамдары ЭлТРде жалаӊ комузчулар Ош-Бишкек телекөпүрөсүндө эфирде майрамдадык. Ал эми кечинде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун колдоосу менен жалпы шаардагы жашоочуларга майрамдык маанай тартууладык.
Төкмө акын Идрис Айитбаев:
«Комуз жан дүйнөсү кир адамдарга сырын ачпайт»
-Ала-Тоодогу толтура майрамдардын баарын чогултуп таразанын бир ташына коюп, экинчи ташына ушул майрамды койсок, бир эле майрамдын өзү балким, ошончосунун ордун басып кетет. Келечекте бул майрам кыргыз үчүн, мекен үчүн эӊ керектүү майрам болоруна күмөнүм жок. Кыргыз жер бетине жаралып, кыргыздын атак-даӊкы ааламга таралгандан бери дүйнөнүн бардык элдери кыргыз дегенде колундагы комузу, боз үйү,тоосу, аты менен түшүнөт. Демек, муну кыргыздан бөлүп карабай турган, керек болсо күн сайын ойной турган комузубузду Кыргызстандын ар бир жараны үйрөнүүгө милдеттүү. Бирок, комузду жалаӊ гана жан дүйнөсү таза инсандар үйрөнө алат. Жан дүйнөсү кир адамдар комузга жакындабай эле койсун. Анткени комуз андайларга сырын ачпайт. Комуз аруулукту, тазалыкты талап кылат.
«Комузум менен сүйлөшүп турбасам кадимкидей таарынып калат»
-Бир жылы тойго чакыруу болуп барсам, бир киши: “Комузуӊду алып келдиӊби?”деп сурап калды. Анан мен “Идрис келсе комуз келет, комуз келсе Идрис келет. Идрис жок болсо комуз жок болот, комуз жок болсо Идрис жок болот” дедим. Тагыраагы бул – менин жан дүйнөмдүн бир бөлүкчөсү. Эки комузум бар. Экөөнү эгиз баламдай карайм. Бүгүн сени ойнодум, эртеӊ сени ойнойм деп, келишим менен иш кылабыз. Алар менен 1-2 күндө сүйлөшүп турбасам кадимкидей таарынып калышат, комузумдун кылы күүгө келбей, жандуудай. Ошондуктан, кыргыз дүйнө жүзүнөн, жер бетинен жок болмоюнча комуз өлбөйт деп толук ишенич менен айта алам. Комузду мүмкүн болсо туулган күн, тойлордо бири-бирибизге белекке берүүнү да адат кылып алсак.
«Көп сырды ичине катат»
- Сырттан карап көргөн кишиге бул жөнөкөй эле жыгач, жөнөкөй эле кыл, жөнөкөй эле тепке, жөнөкөй эле кулак да. Бирок, мына үч эле кылда үшкүрүнгөн күйүт жатат, үч эле кылда үмүт берген багыт жатат. А бул капкакта нечендеген кыргыздын сырын комуз ичине катып жатат. Кулакты бураган сайын бурап турган кыргыздын кылымдардан калган тарыхын келечекке улап турган маани жатат. А бул моюнда келечекти көрө билүү деген бир маани- маӊыз жатат. А тепкенин үч кылды көтөрүп турушу кыргызды бийикке көтөрүп тургандай багыт бере турган бир философия жатат. Ошондуктан, дүйнөнүн миӊ түрдүү комузун топтоп келсек да биздин комузга жетпейт.
«Комуздун үнүн угуп, жыргаган заманда жашайлы»
-Кыргыздын комузу ар жылы ушул күндөрү ойго салынып, колго алынып, чертилген сайын бул комузду ойногон жаштар көбөйө баштайт. Бул үчүн ажобузга алкыш айтса болот. Керек болсо мектептерде 11-класска чейин комуз сабагын киргизүүнү деле сунуштамакмын. Бар нерсебизге шүгүр кылып, жаннаттын бир бөлүгүндөй болгон Кыргызстаныбыздын кадырына жетели. Балдарыбыз комуздун үнүн угуп жыргаган заманда жашап жатабыз. Ошондуктан, мекенибизге көз тийбесин.
Бактыгүл Рысбаева "Келечек" балдардын чыгармачылык борборунун комуз ийрими боюнча мугалими:
«Өзүм окуткан окуучулар менен кесиптешмин»
- Мен комузду 5-класстан колго алдым. Ошондо 40 жылдан ашуун убакыт болду. Музыкалык окууну бутүп "Келечек" балдардын чыгармачылык борборуна ишке кирген боюнча ушул жакта эмгектенем. Ошондогу өзүм окуткан окуучуларым менен азыр кесиптешмин.
«Комузду үйрөнүү татаал»
- Бул күндүн "Комуз" күнү деп жарыяланышы так оюмдагы иш болду. Бул үчүн баарыбыз кубанып жатабыз. Комуз биздин улуттук аспап болгондон кийин керек болсо мектеп программасына кошулушу керек. Жок дегенде комуздун негизги бөлүктөрүн, анын аталыштарын кыргыз болуп билбей калсак уят да...
Башка аспаптардай комузда лад жок болгондуктан, үйрөнүү да татаалга турат. Музыкалык борбордо таланты бар же жок деп ажыратпастан баарына үйрөтүүгө аракет жасайбыз, негизгиси үйрөнүүчүдөгү музыкалык тактык.
Ар ким ар нерсени ар кандай кабылдайт да, ошондуктан, комузду үйрөнүүнү, комуз жөнүндө билүүнү, ага астейдил дитиӊди коюп асыроону үйрөнүшүбүз керек. Колумдагы комузду 1991-жылы алганмын. 28 жылдан бери бир эле комузду колдонуп келе жатам. Бул да болсо ага жасаган өзгөчө мамилем.
Өкмөткан Дурусова, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн жашоочусу:
«Кыргыздын той-тамашасы, жада калса кайгысы да комузсуз өтпөгөн»
- Бүгүн “Комуз” күнү дегенин угуп, атайы айылдан шаарга келип калдым. Кыргыз эли канча кылымдан бери жашап келген болсо, эзелтен атактуу өнөрпоздор комуз менен ички дүйнөсүндө болуп жаткандарды жеткизип келген. Кыргыздын той-тамашасы, жада калса кайгысы да комузсуз өтпөгөн. Кыргыз бар жерде комуз да өлбөйт. Комуз – рухубузду азыктандыруучу күчкө ээ деп эсептейм. Өзүм комуз черте албай калгандыгым үчүн балдарымды комуз үйрөнгүлө деп турам.
Бурулай
Камчы кызы
Толугу менен...