Версия для печати
Вторник, 01 Октябрь 2019 04:58

Меланома рак ооруларынын эӊ татаалы

Денебиздеги калдын баары биз ойлогондой көрк берүүчү нерсе эмес экенин билчү белеӊиз? Кал  кайдан пайда болот, ага кандай мамиле кылуу зарыл, жөнөкөй кал менен ракка айланган калдын айырмасы тууралуу кеп кылабыз.

Онколог-хирург Дениз Касымов:

«Меланоцит клеткасы уюган жер кал болот»

- Калдын түрлөрү болот. Бири туулганда кошо пайда болгон кал (прирожденный), экинчиси кандайдыр бир себептен улам пайда болгон кал (приобретенный). Кал бала төрөлгөндө эле болуусу мүмкүн, өтө кичинекей болгондуктан көзгө илешпейт да бала чоӊойгондо билине баштайт. Теринин үч катмары болот. Биринчиси эпидермис, дерма жана гиподерма. Денедеги меланоцит клеткасы уюган жер түсүн өзгөртүп кал болот. Ал кээде теринин ичин көздөй өскөн учурлар да болот. Кал көп учурда моюндан жогору жакка жайгашат.

Кал адам менен кошо төрөлгөн болсо аны көзөмөлдөп, апасына баладагы калдын өзгөрүүсүн, чоӊоюусун байкаштырып туруусун айтабыз. Эгер чоӊоюусу бат болсо дарыгерге кайрылуусу керек. Себеби шек жараткан калдарды көзөмөлдөп турбасак теринин залалдуу шишиктеринин бири болгон меланомага айлануусу мүмкүн. Меланома - калдын, сепкилдердин мутацияланып ракка айлануусундагы залалдуу шишиктин бир түрү. Тери рагынын «плоскоклеточный рак кожи», «базальноклеточный рак кожи» жана меланома деген түрлөрү бар.

«Травма ала турган жерге жайгашкан калды алып салуу керек»

- Кал, меланоциттер сары адамдарда көп кездешет. Калдын баары эле зыяндуу эмес, майда же денеге жайылып турган чоӊ калдардын коркунучу жок. Алар теринин үстүнкү катмарына жайгашат. А эгер жөнөкөй эле кал дененин травма ала турган жерлерине, мисалы кулактын сөйкө тага турган жеринде, мурундун капталында, аялдардын көкүрөгүнүн астында, ооздун ичинде, жамбашта, жыныстык органдарда, кур тага турган жерлерде болсо алар кийимге, колго көп урунуп, өйкөлүп, травма алат да, акырындык менен мутацияланып меланомага айланат. Андай жерлерге жайгашкан калдарды сөзсүз алып салуу керек. Ал эми күмөн санай турган жерлерге жайгашпаган калга тийбей эле койгон жакшы. Залалдуу шишикке айланган учурларды көрүп жүргөн үчүн кээде жакшынакай эле калын алдырам деп келгендер болот. Биз түшүндүрүп, жолуна салабыз. Бирок кардар бизден ары косметологго барып алдыртат экен. Калды тазалатуу эмес, ага травма келтирип алуу да чоӊ коркунуч жаратат. Шек санатпаган, жөнөкөй кал болсо электрокаогуляция, тоӊдуруп түшүрүү же лазер менен алса болот. Бирок кандай гана кал, сөөл, сепкил болбосун онкологдун көзөмөлүнөн өтүп койгон жакшы. Калдарды тазалап жаткан косметологдор, тери ооруларын дарылап жаткан дарыгерлер  калды айырмалай билүүсү керек жана алган калды сөзсүз гисталогиялык лабораторияга тапшыруусу зарыл.

Меланоманын жөнөкөй калдан айырмасы

- Меланома чоӊоет, кычышат, анын үстүндөгү түктөр түшүп сыйда, жылтырак жана жумшак болот. Көлөм көбүнчө 2 сантиметрден ашпайт, бирок чон көлөмдөрү да кездешет. Ушул белгилер байкалса эле дарыгерге кайрылуу зарыл. Меланома рак ооруларанын ичинен эӊ татаалы. Аны убагында аныктап, 4-5 сантиметр тереӊдикте кесип алып,  ийгиликтүү жардам көрсөтүп, иммунотерапия, химия терапия, нур терапия кылып алдырып, жакшы көзөмөлдөгөн учурда да бейтаптын жашоо убактысы 5 жылдан ары өтө албайт. Себеби башка залалдуу шишиктер уруктарын лимфагендүү жол менен таркатса меланома лимфагендүү жол менен да, кан аркылуу да чачат. Андай учурда уруктар дененин бардык органдарына жетет.

Тырмактын ичине пайда болгон кал да коркунучтуу. Андай меланоманын аталышы Акрально-лентигинозная форма. Андайды байкаган соӊ тырмакка кошо алып салбастан сөзсүз дарыгерге көрсөтүү зарыл. Бизге бир аял келген. Чурайы жактагы бездери аябай чоӊоюп кеткен. УЗИден караганда залалдуу шишиктин уруктары экени байкалды. Анын уюгун издедик. Бейтаптан сураштырсак 3-4 ай мурун тырмагын алдырганча ал жердеги калды да алдырып салган экен. Меланоманын уруктары денесине аз убакытта эле жайылып кеткен.

Эмнелерден сактануу керек?

- Денеде кал, сөөл, сепкил, попиломалар болсо денени күн нуруна көп кактабаш керек. Күндүн ультра фиолет нурлары буларды козгоп, залалдуу шишикке айландырып жиберүүсү мүмкүн. Кал, сөөл башка да чыгып алат. Ошондой учурда чач кыскартканда же чач боегондо, тырмаганда өтө этияттануу керек. Кош бойлуулук, депрессиялык абал зыяны жок кал, сөөл, сепкилдерди да чоӊойтот. Бул учур кээ бир калдардын меланомага айлануусунун ыӊгайлуу учуру болот. Онкологиялык оорулардын баарына кош бойлуулук терс таасирин тийгизет. Тери рагынын башка түрлөрү жаш өткөндө кездешсе, ал эми меланома калдын травма алганына карап кандай куракта болбосун кезиге берет. Сепкилдин ракка айлануусун кезиктирген эмесмин, бирок адабиятта бар.

Уулбү Каныбекова

 

Окулду 533 жолу