Сахнада шайыр, жайдары мүнөз, ал эми жашоодо өзүн олуттуу кармап, токтоо жүргөн “No name” командасынын оюнчусу Икрам Юлдашевдин шоу чөйрөдө жүргөнүнө 10 жылга жакын убакыт болуптур.
-Саламатсызбы, алгач өзүӊүз боюнча кеп сала кетсеӊиз...
-Саламатчылык. Мен Юлдашев Икрам Акрамович 1988-жылы 12-июнда Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында төрөлгөнмүн. Мектепти бүткөн соӊ Ош мамлекеттик университетинин теология факультетине окууга тапшырганмын. Университетте жыл сайын күз айларында “Шайыр тапкычтар клубу” деп оюн болчу. Биздин факультетте бизден мурун деле “Универсал” деген команда ойногон экен, кайра эле ошол ат менен чыгып, биринчи оюнда эле финалга чыкканбыз. Ошол жылы университеттин чемпиону болдук. Кийин ректордун кубогу ойнотулуп, аябай күчтүү командалардын ичинен жеӊүүчү аталдык. Бирок, ошол кезде “Noname” командасы Бишкекке барып ойноп калган кез эле. Алар “Тамашоунун” филиалын Ошто ачкандан кийин биз балдар менен Бишкекте ойнолуучу оюндан жогорку лигага өтүп, Оштун командаларында күч экиге бөлүнбөсүн деп, биздин балдардын арасынан дагы тандалып отуруп, “Nonameге” Динара Багышбаева экөөбүз кошулдук. Бишкектеги оюндун төртүнчү сезонунун финалында кошулган болсок, ошондон бери биргебиз. Кадыр Жарматов, Мурат Жалиев, Эмил Токтошев биздин устаттарыбыз болот.
- Жакында эле уулду болупсуз, куттуктайбыз! Дегеле, үйдө кандай атасыз? Балдарга кандай тарбия берүүнү башка ата-энелерге да сунуштайт элеӊиз?
-Рахмат. Бир кыз, эки уулум бар. Чындыгында, алардын тарбиясына көбүрөөк апасы кам көрөт. Менин аларга жакындыгым билинеби, айтор мага көп эркелешет. Бирок, кандай ата экенимди балдардан сураш керек экен, өзүмө-өзүм баа бере албайм да. А тарбия жаатында баланын көбүнчө динден маалыматы болуп чоӊойсо дейм. Кийин кыйналбастан алып кетиши үчүн жөнөкөйүнөн татаалына карап үйрөтүп барабыз. Анан дагы балага мүмкүн болушунча шарт түзүп берүүгө аркеттенишибиз керек. Себеби көӊүлү ток чоӊоет, конокко барганда да башка балдардан буюм же тамак талашып, тынчыӊыз кетпейт. Келинчегим да теология факультетин бүтүп, докторантурасын Түркиядан окуп келген. Анын илими жогору болгондуктан, балдардын тарбиясы маселесинде ага ишенем.
-Дин деп калдык, дин тыюу салган нерселерге баш иесизби?
-Ар бир адам ката кетирүүчү да, катасыз бир Жараткан. Майда-чүйдө күнөөлөрүбүз көп, бирок, дайыма көзүбүзгө көрүнүп турган тыюулардан качканга аракеттенем.
-Теологияда окуган болсоӊуз түрк тилинде сүйлөй алсаӊыз керек, канча тилди билесиз?
-Теология факультетинде окуганда бир жыл Түркияда окуганбыз. Андан кийин келинчегимдин докторантурасы себеп болуп, 5 жыл жашап да калдык. Ошондуктан өзбекче, кыргызча, түрк тилинде эркин сүйлөй алам. Казакча, орусчаны билип калдым. Тажик тилин Россияда жүрүп үйрөнгөнмүн. Ал эми араб тилин 40% билем десем да болот.
-Ар кесиптин ээлери бакытты ар кандайча түшүнөт да, сиз үчүн бакыт деген эмне?
-Байбы, кедейби, ден соолугу чыӊбы же жокпу, айырмасыз, эӊ негизгиси Алла Таала буюрганды жасап, тыюуларынан тыйылып жашаган адамдарды бактылуу деп эсептейм. Ушул бир эле нерсени айта алам.
-Эл адамдарынын жашоосу баары бир кызык болсо керек. Кызыктуу же ыӊгайсыздык жараткан, унутулгус окуялардан бөлүшсөӊүз?
-Суроо берген учурда эстөө аябай кыйынга турат. Бирок, дайыма достор менен отурганда эстеп, күлүп отурмай адатыбыз бар. Ар бир нерсенин күӊгөй-тескейи болгондой эле кыйынчылык жараткан учурлар да көп болот. Мисалы, кечээ Ала-Букага тойго барып, жолдо келатып бир аз уктап келдик. Кайра эле бүгүн инибиз үйлөнүп, анын жакшылыгында кызматтабыз. Мына ушул сыяктуу жолдо өмүр өтүп кетет. Yйгө келсеӊ балдарыӊ уктап жаткан болот, а эрте менен сен уктап жатканда балдарыӊ мектепке кетишет.Yй-бүлөӊ сени аз көрөт, бул тарабы албетте, жаман.
-Жумуштан тажап, мамлекеттик жумушка орношсом деген учурлар болобу?
-Билим берүү министрибиз Каныбек Исаков жаӊы дайындалбадыбы. Кудай буюруп мектептерге “дин таануу” деген сабакты киргизип калса, мектептеги балдарга алган билимимди пайдаланып иштейт элем. Себеби жаштар менен иштешкенди жакшы көрөм.
-Учурда тамашоучулар кино жаатына ыктап баратышат. А сизди дээрлик көрбөйбүз, киного сунуштар болобу?
-Киного тартылууга сунуш бир эле жолу болуп, “1+1=3” деген киного тартылганмын. Азыр тамашоунун балдары биригип, чет жактарга чыгалы деп пландап жатабыз. Казакстан, Өзбекстанга барып келдик. Эми мындан ары кыргыз юморун башка өлкөлөргө да тартуулагыбыз келип жүрөт.
-Алгач Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулуп, андан соӊ коӊшу өлкөлөргө да чыгып келдиӊиздер. Сиздин баамыӊызда кайсы мамлекеттин оюнчулары алдыда?
-Ким укпасын, баары бир өзүнүн командасын мактап жатат деп ойлойт. Бирок, биздин балдар чындыгында мыкты оюн көрсөттү. Себеби, биз Казакстанда казак тилинде, Өзбекстанда өзбек тилинде ойноп, элди таӊ калтырдык. Тил жагынан алардан ат чабым алдыда экенбиз.
-Эгер сизде кайра жаралуу мүмкүнчүлүгү болсо кандай адам болмоксуз?
- Эгер ошондой мүмкүнчүлүк болуп калса, шаардын сыртында, мал багып айылда жашаган адам болмокмун. Тынч, сөздөн алыс, интернеттен алыс болуп, үй-бүлөм менен тиричилик кылып, эч кимге таанылбай жыргап жашамакмын.
-Адам баары бир өзүн таразалай билет эмеспи. Мисалы, сиз өзүӊүздүн кызыӊызга өзүӊүздөй жолдошту ыраа көрөт белеӊиз?
-Мен миӊ жаман адам болсом да, үй-бүлөмө Кудайым мээр берип койгон. Аялымды, ата-энемди сыйлап турам. Жадакалса менин көзүм өтүп кетсе булар кантет деп да чочулап турам. Ошондуктан, мага окшогон күйөө балам болсо жакшы, бирок, чачы болсун (күлүп).
-Жаштарда патриоттуулукту кантип күчөтсөк болот?
-Бизде “президент Кыргызстанды өнүктүрүш керек, депутаттар жашообузду өзгөртүп жибериш керек” деген ой сиӊип калган да. Ар бирибиз алгач өзүбүздөн баштасак. Өнүгүүгө аракет кылсак, эл башчыбыз деле, эл өкүлдөрү деле өнүктүрүүгө аракеттенишет, иштешет. Өлкөбүздө баары бар. Суу, тоо, кен байлыктар, жер. Ошону пайдалана алышыбыз керек. Биздин өнүгүүбүз үчүн 10 же 20 жыл керек эмес. Биз 1 жыл ичинде өнүгө алабыз. Эгер паракорчулукту жоюп, таза иштеп, ынтымактуу болсок.
- Кыргызстан үчүн кандай пайда келтиргиӊиз келет?
- Азыркы учурда өлкөбүздү башка элдерге КВН аркылуу таанытып жатабыз. Каржы жагынан пайдам тийбейт, аны билем (күлүп). Жаштар менен көп ишетерди жасап, мектепте мугалим болуп, мекенчил окуучуларды тарбияласам дейм.
-Рахмат. Ишиӊизге ийгилик каалайбыз.
Бурулай Камчы кызы
Толугу менен...