Версия для печати
Вторник, 01 Октябрь 2019 05:10

Ош шаарынын ардактуу атуулу, жеке ишкер Абдиманап Алдаяров: «Бизнесте калп айтуу деген болбойт»

Алдаяров Абдиманап Мирзаевич калаадагы кайрымдуулук иштерине активдүү катышкан соопчул, эмгекчил меценат. Шаардын өнүгүшүнө салымын кошкон жоопкерчиликтүү ишкер жана шаардын ардактуу атуулу. Шаарда кандай иш чара болбосун активдүү катышып, балдар күнү, карылар күнүн калтырбай колунан келген жардамын берип келет. Көрөгөчтүгүн, аракетчилдигин, менценанттыгын жана шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон салымы туурасында баяндайбыз.

«АлБОНур» деген аталыш уулдарымдын атынан куралган»

Жамандыкты ойлобой, жасаган иштериӊ так болсо көӊүлүӊ да ток болуп кайгы, тынчсыздануу менен эмес, жадыраган маанай менен жүрөсүӊ. Абдиманап Алдаяров ар бир ишине так болгондуктан айрым ишкерлерге окшоп «нервный», каардуу мүнөзгө  ээ болгон эмес. «Банкрот» болом деп ойлобойм. Бир ирет жаӊылышкам, бирок түздөп кеткенбиз» дейт. Жакшы адамды ар дайым жакшы ойлор, жакшылык иштер, жакшы адамдар жана ийгиликтер коштоп жүрөт.

- Бизнесте калп айтуу болбойт. Мен эч качан калп айтпайм, бирөөнү алдабайм. Жашоону чиелештирип, татаалдаштырган бул – жалкоолук менен калпычылык. Булардан арылсаӊ ийгиликке бат жетесиӊ. 1996-жылы «Ошко иш баштаганы жатабыз» деп түрктөр келип, убактылуу жашоого батир издеп жатышыптыр. Ал кезде ар иштин башын баштап жаткан жаныбыз батир алып, аны оӊдоп- түзөп кайра сатып да иштеп жүргөн элек. Орусияга барып, европалык стилде жасалган үйлөрдү көрүп биз да бир батирибизди европа стилинде оӊдоп, жасалгалап койдук. Ишкер түрктөргө биздин ошол батир жагып калып, жашап калышты. Түптөп жаткан филиалыбызга эсепчи керек деп жубайымды жумушка алышкан. Ал кезде мен ПМКнын жетекчиси болуп 700 сом айлык алсам, келинчегим алардын фирмасына киргенде менин айлыгымдан эки эсе көп акча сунушташкан. Азыркыдай таксилер жок болгондуктан келинчегим «түрк ишкерлерди эки жакка ташып турбайсызбы, күнүнө 50 доллардан төлөп берет экен» деп калды. Макул деп кызматтык Волга унаам менен ташып жүрдүм. Бирок мен алардын эсепчи кызматкеринин жолдошу экенимди билишпейт. Алар «Коко-Кола» компаниясынын президенти менен дагы бир кызматкери экен. Мен жактырып калып «Кайда иштейсиӊ, канча маяна аласыӊ?» деп сурап калды. Уялганымдан 1500 сом алам дедим. «Анда биздин компанияда иште, 3000 сомдон төлөп беребиз» деди. Алардын шарты боюнча бир үй-бүлөдөн эки киши иштөөгө болбойт болчу. Анан «силердин эсепчиӊердин жолдошу болом» дедим. «Силер үчүн ушул системаны бузайын, экөөӊөр болсоӊор да иштеп бергиле» деди. Ошентип Кокололанын филиалын курдук. Жалпы түштүк аймагына «коко-кола» менен «фанта» суусундуктары биздин филиалдан таркатылчу. Филиал чакан ишкана болгондуктан акчанын баары Бишкекке кетчү. Yй-бүлөбүз менен ойлонуп «өзүбүз фирма ачалы, финансы жагы өзүбүздөн чечилип, шаарга да салык төлөйбүз» деп 1999-жылы Ал-Алдаяров деген фамилянын башкы эки тамгасы. Б-Болот, О-Өмүрбек, Нур-Нурбек, Нурсултан аттуу уулдарымдын аттарынын үзүндүлөрүнөн курап «АлБОНур» деген аталышта фирма ачтык. Алгач түштүк аймагын тейлеп жаткан учурда шаарга жылына 20 миллион сомго жакын салык төлөчүбүз. «Коко-кола» фирмасы кеӊейип ар бир аймакка фирмасын ачкандан бери биз Ош шаарын гана тейлеп шаарга жылына 10 миллион сомдой салык төгөбүз. Бизден суусундук алабыз деп келишим түзгөнү келген ар бир адамдан патентин талап кылам. Патенти жок болсо жаӊы ачтырам, алар да шаарга салык төгө башташат. Ош шаарынын бюджетине салык төгүүдөн качпайм.

«Кесибим боюнча инженер-куруучумун»

- Ататегим Кара-Кулжанын 1-Май айылынан болот. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу Ильичовский деп аталган Өзбекстанга караштуу айылда төрөлгөм. Союз мезгилинде Кара-Суу деп аталчу. Атам ал жакта фермада иштеген экен. Мен 1-класска барганда Өзгөнгө көчүп кеттик. Балалык кезим Өзгөн районунун Чымбай айылында өттү. Мектепти бүтүп 1974-жылдан 76-жылга чейин Новочеркасский деген шаарда аскердик кызмат өтөдүм. Анын алты айын Монголияда өткөрдүк. Армиядан келген соӊ бир жыл жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн даярдоо курсунда окудум. 1977-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун курулуш факультетине кабыл алындым. 82-жылы жогорку окуу жайды аяктап, инженер куруучу деген кесипке ээ болдум.

- Курулушчу катары шаардагы курулуштарга кандай баа бересиз?

- Каерде курулуш тынбай жүрүп жатса ал жердин экономикасы өсүп жатыптыр деген баа берилет. Ош шаары да ошол жакшы пикирдин ээси болуп келүүдө. Шаардын ирети, көркү, курулуштардын, болгондо да мыйзамдуу курулуштардын жүрүшү боюнча калаа башчысы жакшы иштеп жатат. Бирок мени жеке ишкерлер салып жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу тездик менен бүтүп жатканы көп ойлондурат. Себеби мурда биз 4 кабаттуу үйдү 1 жылдан ашык убакытта араӊ бүтчүбүз. Ар бир материал лабораторияга тапшырылып, ар бир ишибиздин үстүнөн эки-үч топтогу комиссия келип текшерип турчу. Андан сырткары капсула салынгандан кийин бир канча күн кургашын күтүп, анан үстүнө бир канча катар кирпич коюлуп, ал кургагыча дагы бир топ убакыт күтө туруп көп убакытта куруп бүтүрчүбүз. А азыр андай болбой жатат.

 «Жашоодогу эӊ чоӊ ийгилигим өмүрлүк жубайым»

Кыргыздар бардык нерсени бат кабыл алып, өздөштүрүп кеткен калкпыз. Жоктон баштап, азыр чоӊ фирма, анын офистик имаратын куруп, суусундуктарды сактоочу чоӊ кампа, суусундук ташуучу атайын фирмалык авто унааларды алып, куруп чоӊ ийгиликтерге жетишишти. Бул ишти Абдиманап Мирзаевич жубайы жана уулдары менен биргеликте ынтымакта өнүктүрүп келе жатышат. Албетте, эр жигитти ийгиликке түрткөн анын жубайы болот. Жумушка ээрчишип келип, үйгө ээрчишип кеткен бул ынтымактуу жубайларды достору «эгиз козулар» деп атап коюшат. Турмуш кургандан бери жолдошу менен бирге ишкердикти өнүктүрүп, ага катар 5 уулду төрөп, тарбиялап, сырттагы жумушту да, үйдөгү тиричиликти да жүргүзүүгө чоӊ салым кошуп келе жаткан каарманымдын жубайы Жаннат Гаипова жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт.

- 1980-жылы жездем Кара-Суу районуна инструктор болуп келип калды. Ал жерде жубайымдын тайкеси заворготдел экен. Жубайым жездеме жагып калып, кесиптешине «жээниӊди менин кайним менен тааныштырсак окшойт» дептир. Ал кезде учактар Ош-Фрунзеге күнүнө 12-13 рейс каттачу. Жездем келип кал деп чакырды. Бир үйгө апарып, «бир кыз келип чай коет, ошону карап көр» деди. Отурам, кичинекей кыздар эле жүрөт, башка эч ким келбейт. Ошентип Фрунзеге кайра учуп кеттим. Эртеси жездем чалып «эмне болду, жактыбы» дейт. «Эч кандай кыз келген жок, кичинекей эки кыз эле жүрдү» десем. Ошол эки кыздын узунураагы болчу дейт. Көрсө үй кийимчен жүрсө мага жаш кыздай көрүнүптүр. Келинчегим болсо тагасына мени керкейген неме экен дептир. Жездем «эртеӊ учуп кел» деди. Келсем дасторкон жасап алып отурушуптур. Ошондо таанышып, сүйлөшүп калып, 1981-жылы турмуш курдук. 4 уулду татыктуу тарбиялап, үйлөндүрүп жайладык. Неберелерибиздин кучагында бактылуу чоӊ ата, чоӊ эне болуп өмүр сүрүүдөбүз. Менин жашоодогу эӊ чоӊ ийгилигим акылдуу, сабырдуу, билимдүү жубайга туш болгонум. 38 жылдан бери чогуу жашап, чогуу иштеп, кайда барсак бирге жүрүп бир жан болуп калдык десем жаӊылышпайм.

Уулбү Каныбеова

 

Окулду 118 жолу