Арстанбек Абдылдаев эки жумадай мурун өзүнүн тарапкерлери менен кадимки эле «Аки пресс» маалымат агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, анда өзүнүн «Адамзатты сактоочусу» болгондугун, Жаӊы Кудай экендигин эч кандай азил-тайпасы жок эле жарыя кылганы маалым.
Анысын тек гана «Жарымы жалган, жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн деген кыязда эле айтып салды окшойт» кыязында кабыл алууга даярданып турган учурубузда 14 -октябрь күнү анын жыйырмадай тидектештери аракеттеги президентти токтоосуз отставкага кетип, бийлигин Арстан Алайга өткөрүп берүүнү, «Кут» телеканалын ачып берүүнү талап кылган чакырыктар жазылган плакаттарды моюнга илип алышкан тейде Өкмөт үйүнүн жанында митингге чыгышкан. Андай акциянын өтөөрү алдын ала маалымдалбай, тиешелүү уруксаттын жок болгондугуна байланыштуу, тартип сакчылары аларды алеке заматта таркатууга үлгүрүштү. Анчейин деле каршылык көрсөтүшпөгөндөрүнө караганда алар Өкмөт үйүнүн жанында көпкө турууну пландашкан деле эместигин оӊой эле болжоого болот. Маалымат булактарында бул акция түрдүүчө талданууда. Мисалы, «Президенттин өз ыйгарымын аткарууга киришкендигин ушинтип оригиналдуу жол менен белгилеп койгулары келишкендей» деп белгилениптир «Майдан» гезитинде. Андан ары Арстан Алай менен анын тарапкерлеринин мындай жосунсуз жоруктары сырттан байкагандарга күлкү болгону менен, акыл-эстүү Кыргызстандыктарды уят кылгыдай, намыстандыргыдай иш болгону, Арстан Алай баштагандар акыркы убактарда биротоло чектен чыгып баратышканы баса белгиленет.
Негизи, эл ичинен ар кандай адамдар чыга берет, ар нерсени айтып, ал турсун келжиреп-былжыраса да боло берет кыязында эле унчукпай кала берейин десеӊ, Арстанбек Абдылдаев буга чейин Кыргыз Республикасынын президенттигине бир эмес эки ирет талапкер болуп калган да жайы бар экенин эстегенде чыдабай кетээриӊ бышык. Тактап айтканда, тээ 2011-жылы президенттик шайлоодо токсондон ашык кыргыздар өз талапкерлигин коюп, өзүнчө эле бир рекорд коюлганы эсибизде. Ал президенттик шайлоодо көптүн катардагы эле бири катары Ат-Башыда дүкөнчү болуп иштеп жүрүп, бирин-экин мал күтүп, өзүн бизнесмен деп атаган Арстан Абдылдаев да катышканы, Абдылдаевдин «Зима не будет!» деген лакап атына ошондо азан чакырылганы айтылат. Тагырак айтканда, 2012-жылдын жаз алдында бир аз күн жылып, анча-мынчалардын көбүн тоотпой коер кыргыздарга Арстан Алай туурадан чыга калып, « мындан ары кыш болбойт («Зима не будет!) деп көзү ачыктык кылып, «ашкан-арткан чөп-жарды жоготкула» деп жар салган. Бирок, ошол жылы жаз келээри менен катаал суук башталып, кыргызда болуп-көрбөгөндөй «жут» башталганы белгилүү. Мамлекет көмөк көрсөтүп, Чүйдөн, ал турсун Казакстандын аймактарынан да чөп тарттырып келип, бир топ малды аман сактап калганы элдин эсинде. Арстан Алайдын ошондогу «Зима не будет» деген сөзү Россиянын кыйырына да жеткендигин укканыбыз бар.
ЭМНЕ YЧYН «АЛАЙ»?
Арстан Алай эмне үчүн Алайлыктардын атын булгап, «Алай» деген ат коюп алган жайын «Кабар-Инфо»мындайча баяндаптыр: «Ал 1986-1988-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Мунун мээси чайкалып калганын билишкен Алайдын жигиттери төбөгө чаап, жиндиликке ооп бараткан мээсин ого бетер «чайпап» ташташкан».Окуя чын эле ушундай болгонбу же жокпу, ким билет, бирок Арстан Алайдын оозунан чыгып жаткан «Мен жаӊы Кудаймын!» деген сөздөрүн угуп олтуруп, ошондой болгонуна чындап ишенгиӊ да келип кетет экен. Азиз- олуя, ашып эле баратса, пайгамбармын дебестен, «Кудайдын өзүмүн» деп жарыялоо үчүн акыл-сезим канчалык даражада ашык же кем болуу керектигин эсптеп чыгууну ар кимдин өз абийирине койдук.
Азыр айрым аттуу-баштуу эле байкоочулар Арстан Алайдын Кудайдан жөө качкандай сандырак сөздөрүнөн кыргыз коомчулугунун көӊүлүн «Муну экспертизадан өткөрүүдөн башка маанилүүрөөк иш калбай калдыбы?» кыязында кайра бийлик органдарына асылуу жолу менен буруп кетүүнүн, алаксыта туруунун амалын жасап жатканын оӊой эле аӊдап-багууга болот. Ошол эле учурда Арстан Алайдын теӊирден эки-үч эселеп тескери жасаган иши үчүн тымызын намыстанып-ариеттенип жаткан жандар да жок эмес экендигин сезгениӊди да жашырууга мүмкүн эмес.
ОРМОН ХАН ЖАНА ОРОЗО
«Азия ньюс» жумалыгына Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Аакаев берген эксклюзивдик маек жарыяланып, анда Акаев «Учурда Кыргызстанга тоскоол жарата турган үч коркунучту көрүп турам. Биринчиси- диний экстремизмдин, тактап айтсак, өлкөдөгү исламдашуунун акырындап жайылып баратышы. Бир топ ислам мамлекеттеринин мисалында исламдык радикализм акыры эл аралык терроризмге алып бараарын көрүп жатабыз» деп белгилептир. Албетте, академик менен талаш-тартышка түшкүм келбей турат, бирок ага кыргыздын менталитетине диний экстремизм көрүнүштөрү анчалык деле сыйбагыша бербегендигин кадыр-барктуу эле эксперттер башынан айтып келатышканын эскерте кетүү ашыкчалык кылбайт. Ал эми өзүн динден жана Кудайдан да жогорураак же ага теӊ көргөндөрдөн Арстан Алай тарыхта жалгыз болбойт. Алсак, кадимки эле Ормон хан өзү кайсыл бир жылдын мээ кайнаткан ысык күндөрүнө туш келип калган Орозону кармоо мөөнөтүн салкыныраак учурга жылдырып салганын улуулардан уккандар айтып калышат. Ал эми азыркылардан Теӊирчилерди мисалга тартуу да туура болоор эле. Жеке баамымда, Арстан Алайдын өзүн Кудай атап алышы жана тилектешеринин Өкмөт үйүнүн жанындагы ыймансыз жана мыйзамсыз талаптары теӊирчилерге жакпайт, а балким Арстан Алайдын өзү алардын «долбоору» эмес деп эч ким айта албайт.
Арстан Алайдын акыркы апталарда ак уруп айтып жана жасап жаткан аракеттерине акыркы маалдарда акырындык менен жайылып бүтүп калган жакшы эмес адат- кыргыздын өзүн өзү өлтүрө мактап салуусу да белгилүү ролун ойноп, таасирин тийгизгендей сезилет. Ооба, кыргыз өзүн-өзү өлө мактагандан өмүрү тажай элек. Кыргызды Кудай Күндүн нурунан жараткан дегенге чейин жеттик. Негизи, Кудай таала нурдан периштелерди жана жин-шайтандарды жарткандыгы динде айтылат. Мактануу кызыгына кылдай кирип кеткен кыргызга өзүн бул жагынан Шайтанга аргасыз теӊеп алганын таназар албай калуу кооптуулугу бар.
КЕРЕКСИЗОВДУН СЫЙКЫРДУУ САНЫ КЕРЕКПИ?
Борбордук гезиттердин биринин өткөн жумадагы санына кыргызга аты меценаттыгы менен белгилүү болуп калган Ташкул Керексизовдон «Биздин убакыт келди!» деген сөзү аталыш катарында алынган маеги жарыяланыптыр. Ташкул аба маегин а дегенден эле кыргыздын жери менен элин эбине келтире мактоодон баштаптыр: «Миӊдеген жылдар бою улуу тоолордун койнунда жашап келген өзгөчө эл бар, ал кыргыз эли. Биз бир ууч калк болсок да, эл-журттун өзгөчөлүгү болгон «Манас эпосун, түндүгүнөн нуру төгүлгөн боз үйүн, тумары болгон ак элечеги менен ак калпагын, арманы болгон күүлөрүн сактап келдик». Керексизовдун андан аркы маегинде өзү көптөн бери убада кылып келе жаткан Шам-Бала айылын куруунун айланасындагы аркы-берки максат-пландарын узун сабак кеп кылып айта олтурат. Маектин биз сөзсүз кызыгууга тийиш боло турган жайына капыл-тапыл келебиз. Тактап айтканда, «8888 санды атап өттүӊүз, чечмелеп бербейсизби? деген суроого Керексизов «Ааламды башкарган күч-кубат –Манас! Жыйырма биринчи кылымдын алгачкы он жылдыгында ал энергия үч жолу үч өлкөдө колдонулду. Биринчиси, 2008-жылы 8-айда, 8-күнү, кечки саат сегизден сегиз мүнөт өткөндө стадиондо светтер өчүрүлүп, эки миӊ добулбас бир көз ирмемде үн чыгарды. Бул- биздин убакыт келди, бизге көӊүл бургула деген Кытай коммунисттик партиясынын жемиштүү чакырыгы эле. Россиянын президенти Владимир Путин «Бизди ири держава катары эсептебей, регионалдык өлкө катары эсептеп атасыӊар» деп 2014-жылкы Кышкы олимпиаданы өткөрүп, орустар медаль жагынан сандык, сапаттыгы менен өмүрүндө албаган биринчи орунду алды. «Бизге терс караганды токтоткула, биз тирүүбүз. СССРдин күчү Россияда» деди. Yчүнчү жолу Манас энергиясынын күч-кубатын колдонуп отурукташкан адамзатты суктануу менен кыргыз элинин улуу каада-салтын сыйлоо мамилеге өткөздү» деп жооп берген. Бирок, мен бул маектин кайсыл жеринде эзотерика-мистикалык сырлар катылып, кайсыл өӊүтүнөн кара жердеги эле кадимки реалдуулук калкып чыгып турганын таптакыр аӊдабай, түшүнбөй койдум! Сиздерчи?
Абдираим Мамытов
Толугу менен...