Версия для печати
Понедельник, 28 Октябрь 2019 08:35

КЕЛЕЧЕГИӉ КАНТЕТ, КЕСИПТИК КОШУН?

Союздун доорунда «Коммунизмдин мектеби» деп илгери урмат-сый менен аталып келген кесиптик кошундардын Кыргызстандагы уюмунун жетекчилиги эки жылдан бери убайымдуу абалга түшүп жатканы белгилүү.  Маселе акырында келип, кесиптик кошундар уюму жөнүндө жаӊы мыйзамды  кабыл алуу зарылдыгына чейин өсүп жеткени да маалым.

ЭӉ МАССАЛУУ УЮМДУН ЭЛ АРАЛЫК ТАРЫХЫНАН

Кесиптик кошундарды СССР маалында советтик идеологдор «Коммунизмдин мектеби» деп бекеринен аташкан эмес.  Кесиптик кошундар он тогузунчу кылымда эӊ алгач пролетариаттын, жалданма жумушчу табынын  капиталисттик эксплуатацияга каршы күрөшүү процессинде пайда болгону тарыхтан белгилүү. Мүчөлөрүнүн эӊ эле массалуулугу жагынан алып бакканда деле кесиптик кошундар бирикмелери коомдук формациялардын ал убакка чейинки белгилүүлөрүнүн арасынан коммунисттик түзүлүшкө башкалардан бир ата жакындай сезилгенин баамдоого мүмкүн.

Жумушчулар кошундарынын келип чыгуу, жаралуу мекени деп Англия эсептелет. Кесиптик кошундар англисче «трейд-юниондор», французча «синдикаттар» деп аталган. Кесиптик кошундар кыймылы башталышында жумушчулар кыймылы катарында кабыл алынгандыгын да белгилей кетүү керек.1868-жылы ошондон бери карай эле кесиптик кошундар кыймылдарын координациялоочу башкы орган катары эсептелип келе жаткан тред-юниондордун Конгресси уюштурулган.

1920-жылга карата алганда Улуу Британиянын кесиптик кошундарында бүткүл өлкөдөгү жумушчулардын дээрлик 60 пайызы мүчөлүктө турган. Кесиптик кошундар кыймылы ошол маалдардан тарта тез эле бүткүл дүйнөгө кенен жайылтыла баштаган. Мисалы, АКШдагы жумушчулардын алгачкы кошундары англиялык типте уюштурула баштаган. Кесиптик биринчи бирикме «Эмгек рыцарлары» деп аталган. Жыйырманчы кылымдын башталышына жетип аталган уюм кыйроо абалына тушукан. Анын ордун башкалардан алдыга суурулуп чыга келген «Америкалык эмгек федерациясы» (АФТ) ээледи.

1860-жылдарда Германияда жумушчулар кошундарынын социал-демократиялык, христиандык, эркин ой жүгүртүүчүлөр партиясы менен байланышкан Гирш-Дункердик деген сыяктуу бир канча типтери аракеттенген. Гирш-Дункердик кесиптик кошундар Германиядагы реформисттик уюмдардан болуп калышкан. Алар 1868-жылы  Германиядагы  прогрессивдүү буржуазиялык партиялардын ишмерлери М.Гирш жана Ф.Дункер тарабынан түзүлгөн. Эмгек жана капитал кызыкчылыктарын «гармониялаштыруу» жагын насаатташкан гирш-дункердик кесиптик кошундардын  уюштуруучулары кесиптик кошунга жумушчулар менен бирге капиталисттердин да кабыл алынуусуна жол берилет деп эсептешкен. Бирок, стачкалык (иш таштоо) күрөштүн максатка ылайыктуулугун таанышкан. Стачкаларга карата жасалган мындай терс мамиле гирш-дункерчилерди акыр-түбү штрейхбрекерлердин уюмуна айланып калуусуна алып келген (штрейхбрекер - иш таштоо учурунда иш таштабай, бош турган жумуш орундарын ээлөөгө  даяр турган адам  жумушчу табынын кызыкчылыктарынын чыккынчысы). Ишмердүүлүктөрүн өз ара жардам кассасын жана маданий-агартуу чараларын уюштуруучулук менен гана чектеген өкмөттүк органдардын  жана буржуазиянын кубаттуу колдоолоруна карабастан, германиялык жумушчу кыймылында олуттуу деле күч боло албаган гирш-дункердик кесиптик кошундардын оппортунисттик  ишмерлери  1933-жылдын майында фашисттик «Эмгек фронтуна» кирип кетип кутулушканы тарыхтан малым.

Францияда жумушчулардын кошундары өзүнүн эркин өнүгүүсүнө /чүнчү республиканын тушунда мүмкүнчүлүк алды. 1904-жылы өлкөдө 715 миӊ мүчөсү бар 4227 жумушчу синдикаттары аракетте болгон. Кесиптик кошундар кыймылынын өйдөлөгөн толкунунда 1906-жылы Амьен хартиясы кабыл алынып, хартия пролетариат жана буржуазия ортосундагы келишпес  күрөштү жарыялаган. Жумушчулардын башын бириктиргенге бирден-бир ыӊгайлуу форма деп кесиптик кошундар таанылган, кесиптик кошундардын саясий (парламенттик) күрөшкө катышуудан баш тартуусу деларацияланган, ал эми капиталисттик түзүлүштү кулатуунун бирден-бир жолу катары жалпы забастовка (иш таштоо) кабылданган.

КОШУНДАРДЫ САЯСАТКА КОШУУ

Он тогузунчу жана жыйырманчы кылымдардын чектеринде марксисттердин (социал-демократтардын) жана анархисттердин таасири астында кесиптик кошундардын саясатташуу процесси жүрдү. Эске сала кетүүчү нерсе, азыр майрамдалып эле  келе жаткан 1- май майрамы  жумушчулардын эл аралык тилектештигинин күнү катары дал ошол процесстин алкагында жарыяланган

Кесиптик кошундардын саясатташуусу бул кыймылдын эл аралык бирикмелеринин жана уюмдарынын түзүлүп баштоосуна таасир берген. 1905-жылы Чикагодо революциялык синдикализмдин таасири астында турган жана анархисттердин, социалисттердин жана радикалдык кесиптик кошундардын активисттеринин тиешелүү  бөлүктөрүнүн арасында түзүлгөн келишимдин жыйынтыгы менен  кесиптик кошундардын эл аралык бирикмеси –Дүйнөнүн Индустриалдык жумушчулары(ИРМ) пайда болду.

Дүйнөнүн ар кайсыл өлкөлөрүндөгү анархисттердин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйырманчы кылымдын башталышында улантылуусу  Берлин конгрессинде (1923-жылдын 2-январы)  анархо-синдикалисттик маанайдагы Эмгекчилердин эл аралык ассоциациясынынын (МАТ) түзүлүшүнө алып келген. Ассоциация ИРМ сыяктуу эле бүгүнкү күндө да ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

АЗЫРКЫ АБАЛ АЛЫМСЫНДЫРАБЫ?

Кесиптик кошундардын  постсоветтик мейкиндиктеги өнүгүү тарыхы жана азыркы абалы деле Россияныкы менен тыгыз байланышта каралат. Россия Федерациясында 1990-жылдын 23-мартында ал кезде РСФСР аталган республиканын кесиптик кошундарынын учредителдик сьезди өтүп, анда марксизм-ленинизм идеяларынан баш тартылгандыгы жарыяланган. Союз кулагандан кийин 1991-жылы кесиптик кошундардын бүткүл союздук органы- ВЦСПС  кесиптик кошундардын Жалпы конфедерациясына, эл аралык бирикмеге айландырылган. Ага КМШ өлкөлөрүндөгү кесиптик кошундардын баары кирет. Алардын арасында Кыргызстандын кесиптик кошундар федерациясы да бар. Республиканын кесиптик кошундарына мүчө деп эсептелгендердин саны азыркы убакта болжолдуу түрдө 700 миӊдин тегерегинде деп жүрүшөт. Албетте, бул көрсөткүч тактоону абдан талап кылып жатканын болжоо кыйын эмес.

Негизинен алганда, кесиптик кошундардын негизги миссиясынын аткарылуу көрсөткүчүнө так көз салуу жалпы дүйнө боюнча алганда деле кыйындап калгансыган кезге жеткенсийбиз. Буга кесиптик кошундарга мүчө болуучулуктун пайыздык көрсөткүчтөрүнүн бир кылка эмес өзгөрүүлөрү да кошумча болуп жатканын белгилешет. Алсак, АКШда кесиптик кошундарга мүчө болгондордун саны 1954-жылы максималдуу  (35 %) болсо, азыркы маалдарда кесиптик кошундарга мүчө болгон америкалыктардын саны жалпы калктын 11 гана пайызын (2014-ж.) түзөт.

2005-жылга карата алынган эсеп боюнча, Европада кесиптик кошундарда мүчөлүккө тургандардын пайыздык үлүштөрү кескин вариацияланат: Батыш Европада басымдуу көпчүлүк (Дания-80, 1%%), Швеция-74,7%,  алда канча төмөн Улуу Британия (25,4%) жана Франция (14,3%). Европанын постсоциалисттик өлкөлөрүндө  иштегендердин басымдуу көпчүлүгү кесиптик кошундарга мүчө эмес. Ушуну менен бирге кесиптик кошундарга мүчөлөрдүн сан жагынан кескин кыскарып бара жаткан тенденция бар экендигин белгилей кетүүгө тийишпиз. Алсак, Венгрия, Чехия жана Болгарияда акыркы сегиз жылда эле кесиптик кошундарга мүчөлөрдүн саны дээрлик 2-3 эсеге кыскарган.      

   АКШда кесиптик кошундардын саясий таасири айрыкча 2012-жылдан кийин кескин начарлап кеткени белгиленет. Бул бир чети кесиптик кошундардын сан жагынан азайып кеткени менен да түшүндүрүлөт. АКШдагы кесиптик кошундар көп учурда Демократиялык партияны колдоору белгилүү. Алсак, 2012-жылкы президенттик шайлоодо  кесиптик кошундар тарабынан президенттик кампанияга салынган каражаттын дээрлик 91 пайызы демократтар алышкан. 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүндө да америкалык кесиптик кошундардын эӊ ири борбору Хиллари Клинтонго маалыматтык жактан да, каржылык тараптан да ири колдоолорду көрсөткөнү маалым.

Өнүккөн өлкөлөрдө деле 1997-2005-жылдарда кесипти кошундарга мүчөлөрдүн үлүштүк пайыздары кыскарган, бирок алар алда канча аз пропорцияларды түзүшөт.Ал эми Япония, Канада, Норвегия сыяктуу өлкөлөрдө бул жааттагы көрсөткүчтөрдүн өскөнү бар.

Кесиптик кошундардын швециялык системасы эмгек рыногун жөнгө салып туруу жана инспекциялоо үчүн чоӊ жоопкерчиликти моюнга алуу жагынан бир топ артыкчылыктарга ээ экендиги баса белгиленип жүрөт. Швецияда кызматкерлердин 90 пайызга жакыны жамааттык келишимдер менен корголгон. Жалпы иштегендердин 70 пайызга жакыны кесиптик кошундарга мүчө болуп саналышат. Эмгек рыногундагы социалдык өнөктөштөр жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, ар кандай талаш-тартыштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүүнүн бардык аракеттерин көрүшөт. Эмгек акыны коюу жана аны инспекциялоо иштери кесиптик кошундардын  компетенциясына кирет. Негизи, эмгек акы өлчөмү жана төлөө мөөнөттөрү эмгек рыногунун катышуучулары ортосунда жүргүзүлүүчү сүйлөшүүлөрдө белгиленет. Эгерде жамааттык келишим жок болсо, анда минималдык эмгек акы деген да жок. Жамааттык  эмгек келишими жалаӊ гана кесиптик кошундун мүчөлөрү үчүн  эле эмес, ошол жумуш ордунда иштеп жаткан бардык кызматкерлер үчүн жарактуу деп саналат.

 Абдираим Мамытов

 

Окулду 366 жолу