Версия для печати
Понедельник, 04 Ноябрь 2019 04:36

АӉЧЫЛЫККА ТЫЮУ САЛЫНБАЙТ

Парламент депутаттары Жанар Акаев менен Эмил Токтошев "Кыргыз Республикасында аӊчылыкка тыюу салуу жөнүндө" мыйзам долбоорун демилгелешип, мыйзам долбоорунда өлкөдө 2030-жылга чейин айрым жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга тыюу салуу (карышкырлардын, түлкүлөрдүн жана чөөлөрдүн санын жөнгө салуу чараларын кошпогондо) жолдору, башкача айтканда жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга он жылдык мораторий жарыялоо  чарасы каралганы маалым.

МОРАТОРИЙ ЗАРЫЛ БЕЛЕ?

«Азыркы учурда республикада мергенчилик кылуучу жерлерге ээ болгон 52 аӊчылыкты пайдалануучулар иш жүргүзүшөт, алардын ичинен 1 мамлекеттик, 9 коомдук жана 42 жеке жактар. Мергенчилик кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 миллион гектар, анын ичинен 7,2 миллион гектары мамлекеттик, 3, 2 миллион гектары коомдук жана 4 миллион гектары жеке жактарга таандык. Расмий маалыматтын гана негизинде кыргыз жеринде 2013-жылы Аӊчылык департаменти тарабынан  жалпы суммасы  2, 96 миллилон сомго жакын айып пулду түзгөн 710 аӊчылык эрежелерин бузуу, браконьердик жана башка мыйзам бузуу фактылары катталып, 48 даана ок атуучу аӊчылык куралдар алынган. Эӊ негизгиси, жапайы жаныбарлардын саны акыркы жыйырма жылда  өтө эле азайды. Көпчүлүк аймактарда кээ бир жаныбарлардын түрлөрү жолукпай калды»  деп айтылат мыйзам долбоорунун маалым кат-негиздемесинде.

Долбоорду агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрү комитетинин мүчөлөрү жактырып, колдоого алышкан. «Жапайы жаныбарлардын саны акыркы жыйырма жылда  сезилээрлик  даражада кыскарып кеткен. Жапайы жаныбарлардын санынын кыскарып кетүү көйгөйү өкмөттүн, мамлекеттик органдардын жана жалпы эле коомчулуктун көӊүлүн бурууга тийиш»  деп эсептейт бул мыйзам долбоорунун активдүү авторлорунун бири  Экмат Байпакпаев.

Долбоор Жогорку Кеӊештин  кароосуна жиберилгенге чейин тиешелүү талкуудан жана эксперттик талдоолордон өткөрүлгөндүгү маалымдалат. Кээ бир депутаттар аӊчылыкка мораторий киргизүүгө каршы экендиктерин долбоор тиешелүү комитетте каралып жатканда эле айтышкан.  Ал эми айрым депутаттардын,  мисалы Асылбек Жээнбековдун пикиринде, жапайы айбандарга карата браконьердик мамилеге тоскоолдук  жаратуу да маанилүү. Ал үчүн аӊчылык куралдарды сатуу ишинде катуу тартип болууга тийиш.

Жапайы жаныбарлардын санынын кескин кыскарып баратышын аларга  жүргүзүлүп жаткан аӊчылыктын ашкере эле коррупциялашып  кеткен кырдаалдары аркылуу талдоо аракеттери да болууда. Бирок, андайга олуттуу деле негиздер жок экенин  белгилөөгө болот. Айбандарга аӊчылык кылуунун лимиттери жыл сайын  Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясы менен макулдашылган шартта гана белгиленерин  айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин маалымат катчылыгынан билдиришет. Лимиттердин мөөнөттөрү жана нормалары Кыргыз Республикасынын «Аӊ уулоо жана аӊчылык чарбалары жөнүндөгү» мыйзамы  менен регламенттештирилген. Алсак, жыл сайын чет элдик аӊчыларга  70-80 тоо текени ( Марко Поло эчкиси) атып кетүүгө  мыйзам уруксат берет.  Мындай аракеттер бул түрдөгү жаныбарды жалпы популяциялануу процессине кенедей да терс таасирин тйгизбейт. Анан калса, атып алууга  тоо текенин жалаӊ жети жаштан  жогорку эркектери гана көрсөтүлгөндүгүн  айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик  агенттиктигинин алдындагы жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу департаментинин директору Алмаз Мусаев белгилейт. Анын маалыматы боюнча, 2007-жылы Кыргызстандын Кызыл Китеби чыккан. Анда «МаркоПолонун эчкиси»  Кыргызстанда лимиттештирип пайдаланылууга тийиш деп саналган жапайы жаныбарлардын үчүнчү түрү деп аныкталгандыгы айтылат. Китепте ошондой эле аӊчылык чарбаларды кыскартуу жагына көӊүл буруу жагы да сунушталыптыр.  Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги ошол сунушту эске алып, 2014-жылы аӊчылык чарбаларынын санын 65тен 40ка кыскарткан. Кыскартууга дал ошол тоо текелер байырлаган аймактарда түзүлгөн аӊчылык чарбалар дуушар болгондугун белгилей кетүү керек.

Алмаз Мусаевдин белгилөөсү боюнча, мамагенттик аӊ уулоолорду өткөрбөйт, департамент аркылуу аӊчылык тармактагы бардык аракеттеги тараптардын иштерин жөндөө жана координациялоо менен алектенет. «Азыркы учурда  жогоруда аталган айбанаттарга аӊчылык кылууга тыюу салуулар 6,2 миллион гектар аянтка жайылтылган.  Мынчалык аянт Кыргызстандын аянтынын дээрлик жарымына барабар экендигин айта кетүү ашыкчалык кылбайт. Бул аймакта коргоо жана баш көбөйтүү чаралары гана аткарылууда» дейт  А.Мусаев.

ТЫЮУ САЛУУНУН ПАЙДАСЫНАН ЗЫЯНЫ КӨП ДЕШЕТ

Жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга он жылдык мөөнөткө тыюу салуу жагдайындагы мыйзам бир караганда Кыргызстандын фаунасына аба менен суудай эле зарылдай туюлгансыйт. Атпай-сатпай бапестеп бага бергенден кайберен көбөйбөгөндө кайда барат да, андан да кызыгы -көбөйүп, кайда барат?  Акыры бүтүндөй Кыргызстанда жапайы жаныбарлардын коругуна  айлантып салуу, канчалык олуттуулугуна карабай, мамлекеттик маани-маӊыздагы максаттардан эместиги белгилүү.

«Аӊчылыкка байланышкан мыйзамдын бир да жобосу ушул күнгө чейин так аткарылбай келе жатат. Эӊ негизгиси,  жапайы жаныбарлардын саны акыркы жыйырма жылда сезилээрлик кыскарып кетти. Ал ортодо аркарлардын жана илбирс-жолборстун  негизги тамагы болгон башка жапайы ача туяктуулардын абалдары да катастрофалык жагынан андан калышпайт. Алар негизинен, «валюталык аӊчылыктын» обьектиси болуп калышууда» деп  белгилешкен мыйзам долбоорунун авторлору. Алар азыркы аракеттеги мыйзам аткарылбай жатканын белгилешкени менен сунуш кылынып жаткан жаӊы нормалардын натыйжалуу иштеп кетишин кепилдикке алган чараларды аныктай алышкан эмес.

 Эгерде расмий маалымат булактарына таянсак, анда 1999-жылы республиканын Илимдер Академиясынын маалыматы боюнча,  Марко Поло эчкилеринин  саны 6-7 миӊдин айланасында болсо, бүгүнкү күндө Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги берген маалымат боюнча алардын башы 13 миӊ 500 дөн ашып олтурат. Марал, кулжа, тоо  теке, эликтердин баш сандарында да дал мына ушундай өсүүчү динамика орун алып келүүдө. Анан кайсыл катастрофалык абал туурасында сөз болуп жатат, түшүнүү кыйын.

Кыргызстандагы фаунанын абалын чайпалтуу, көбүртүп-жабыртуу кимдерге керек да, кимге кызык болуп калды?! Эксперттердин эсеби боюнча, жапайы жаныбарлардын саны  кыскарып кетти деген  уу-дуу кеп негизинен өкмөттүк эмес уюмдардын экологдоруна таандык.  Алар мындай атайылап апыртылган же жарымы жалган, жарымы чындай чычалаткан сан жана цифралардын шарапаты менен чет өлкөлүк жана ата мекендик донорлордон гранттарды алууну жеӊилдетүүнү максат кылышат деген пикирлерге кошулбай коюуга мүмкүн эмес. Чынында, бул ыкмадан өтөөрү жок. Санды кыскартып берип ташта да, гранттык сумманы алгандан кийин реалдуу цифраны улам өсүп олтуруунун, демек гранттардын таасири катары көрсөтүп баруу ыӊгайлуу да. Эчтеке жасабай туруп эле  жетишилген  натыйжалардын отчетун берип  кой. Мындай махинация көп жылдардан бери иштеп келе жатат. Бир караганда анча деле акмак эместей көрүнгөн депутаттар кантип эле ушундай провокацияга барсын деген суроо туулат. А чындыгында, акчаны мындай адалдоо ыкмасы алардын өзүлөрүнө да белгилүү деп эсептелет. Буга баары көз жумуп коюшары маалым. Аталган маселени лоббилөөдө айрым депутаттардын жана чиновниктердин грант алуу жана башка кызматтык кызыкчылыктары жагдайында аӊчылыкты пайдалануучулар,  мергенчилер жана курал усталарынын Ассоциациясыныны Жогорку Кеӊештеги бардык фракцияларга 2018-жылдын 14-ноябрында даректелген катында таптак айтылган. Баса, ушул эле катта аталган ассоциациянын адистери аӊчылыкка мораторий салуунун натыйжасында Кыргызстандын жаратылышына  түзөтүп болгус зыяндар келүүсү мүмкүн экендигин, аны калыбына келтирүү эл аралык уюмдардын катышуусусуз жана өтө чоӊ каржылык салымсыз эч мүмкүн эместигин да көрсөтүшкөн.

Азыркы тапта бардык аӊ уулоо аянттарынын дээрлик жарымында 7,2 миллион гектары мергенчиликти пайдалануучулардын эсебинен корголот. Ошондой эле алардын каражаттарынын жардамы менен биотехникалык жана кайра өндүрүү иш чаралары өткөрүлүп, алар Кыргызстандын аймагындагы жапайы айбандардын популяциясынын стабилдүү деӊгээлин сактап турууга мүмүнчүлүк берет. Бул аянттарда аӊчылык кылууга тыюу салуу киргизилген болсо, анда браконьерлердин шумдуктуудай тоз-тополоӊдоруна кеӊири  жол ачылаарын элестете бериӊиз. Браконьерчилик болуп көрбөгөндөй массалык жана аеосуз мүнөз күтөөрү айтпаса да белгилүү.

Кандай болгондо да, жапайы жаныбарларга аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбоору депутаттардын басымдуу көпчүлүк добушу менен четке кагылганы жакшы болду. Аӊчылыкка тыюу салуу үчүн Кыргызстанда азыр эч кандай негиз  жок экендиги  ачыктан ачык эле көрүнүп турат.  Кызыгы, аталган мыйзам долбооруна каршы добуш бергендердин арасында долбоорду сунуш кылгандар да бар.

Абдираим МАМЫТОВ

 

Окулду 349 жолу