• Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
  • Кыргызча
  • Русский
Понедельник, 04 Ноябрь 2019 04:41

Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл

  • Печать
  • Эл. дарек
прохождение Battlefield 4
эффективный менеджмент
Легендарлуу «Кыз- Бурак» тобуна 40 жыл

40 жыл ичиндеги 330дан ашуун кызды тарбиялаган Гүлшайыр Садыбакасова… Өчпөгөн жылдыздар, тоонун башында, таштын үстүндө дыйканга, малчыга коюлган бекер концерттер, 3 айлап үйүн, ата-энесин көрбөй эл кыдырган гастролдор, дегеле чыныгы ырчылардын чыныгы эмгектери… Кыргыз эстрадасынын өнүгүшүн алдыга сүрөөдө чоӊ эмгек кылган, заман алмашкан сайын курам, имидж, стиль алмашып, замандын агымына жараша өзгөрүп, өнүгүп легендарлуу «Кыз- Бурак» деп аталууга татыктуу болгон ансамблдын түзүлгөнүнө 40 жылдан ашты.

КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова:

«Өлкөдө кыздардан түзүлгөн бир топ ансамбль ачылган»

- Так эсептегенде «Кыз-Буракка» быйыл 43 жыл болду. Биз юбилейлик деп 40 жылдыгын эсептеп жатабыз. Бул 40 жылдык жашоо сөз менен айтканда аз эле сезилиши мүмкүн. Бир өмүр караганда 40 жашка кирген адамдын өмүрү деп койсок болот. Ошол өмүрдө 330дан ашык кыз тарбияладым, бүгүнкү күндө тарбиялап да жатышат. Чынын айтканда, кыздар менен иштөө өтө оор. Кыргызстанда «Кыз- Бурактан» башка кыздар ансамблин түзөбүз деген өтө көп аракеттер болгон. Жалал-Абадда «Эллегия», Кербенде «Сары-Челек жылдыздары», «Ысык-Көлдүн ак кусу» жана башка көп топтор ар облуста түзүлүп көргөн, бир жылдан ашпай жабылып калчу. Кыздардан түзүлгөн топту кармап калуу бул өтө кыйын иш. Мисалы, эркектер мушташып кетсе да кайра кучакташып достугун улай беришет, а кыздар айтышып кетсе да кайра жарашуусу кыйын болот. Экөөнүн ортосуна түшүп жатып чарчайсыӊ. Ортолоруна түшүп, кагылып, урунуп бири-бирине көндүрүп, ансамбль биздин жашообуз, өмүрүбүз, дүйнөбүз, биз мунсуз жашай албайбыз деп калганга чейин алып келүүнүн түйшүгү оор. Кыздар ошол агымда агып калгандан кийин гана өзүмдү бир аз жеӊил сезип калчумун.

«Кыз-Бурактын уникалдуулугу өзгөчө»

- 1979-жылы ансамбль түзгөндө Рахман Салмаматов агай «Гүлшайыр, экөөбүз ушул группаны акырына чейин жеткиреличи» деген, макул болуп музыкалык жетекчи болуп баргам. Агай өзү көркөм жетекчи болчу. Эки чылбыр бир бүтүн болуп экөөбүз жумушту баштаганбыз. «Чү» дегенде эле ооматыбыз жанган. Быр жылдын ичинде атыбыз чыгып, чоӊ концерттерде, мамлекеттик деӊгээлдеги иш чаралардан калбай калдык. Ал кезде элди маданий жактан тейлөө деген олуттуу багыт бар эле. Аны коммунисттик партия өзү көзөмөлдөп турчу. Бизди туш тарапка жөнөтүштү, Кыргызстанды түрө кыдырып концерт коюп келчүбүз. Ал концерт үчүн бизге бир тыйын төлөп беришчү эмес, тамак- ашыбыз, жата турган жерибизди жана бензинибизди төлөп беришчү. Калганын бүт өзүбүз каржылачубуз. Өзүбүздү өзүбүз багып, өнүктүрүп, алдыга сүрөгөнгө жетиштик. «Кыз-Бурактын» уникалдуулугу да өзгөчө, курамда жалаӊ кыздар болгондуктан сахнада да башкача сүртүм, өзгөчө кооздук, табигый таттуулук көрүнүп турчу. Концерттерде эркектер, жеке ырчылар чыгып ырдаганда анчалык эмес эле, «Кыз-Бурак» чыкканда кыйкырык, ышкырык коштоп, зал жаӊырып кетчү. Кооз форма, сулуулук, сахнада өзүн алып жүрүү, кыймыл-аракет, актердук чеберчилик дегендин баарын үйрөтчүбүз. Булардын баары айкалышып, элдин эстетикалык табитин азыктандырып турчу экен. «Кыз-Буракты» бул даражага, азыркы күнгө алып келүү үчүн эмне гана деген эмгекти талап кылбады. Эл кол чаап, ураалап кыйкырса түнү менен уктабай ошол сүрөөнгө кубанып иштей бериппиз. Байлык топтойлу, бийликке жетишели, наам алалы деген ой 2000-жылга чейин бирөөбүздүн да башыбызга келбептир. Ошондой тазалыкта жашап келдик, союз учурунда, эгемендүүлүктү алгандан кийин деле «Кыз-Бурак» эл-журт үчүн кызмат кылып, өзүнүн касиетин жоготпой мамлекеттик иш чаралардын баарына активдүү катышып келе жатабыз. Бул эӊ чоӊ жумуш жана эӊ оор жүк десем болот.

«Кыздарды тарбиялоонун көп ыкмаларын колдончу элем»

- «Кыз-Бурак» башка артисттерден айырмаланып каржыны, энергияны, күч-кубатты өтө көп талап кылган топ. Бир ырчыны чыгарып коюш оӊой эле нерсе. 100 000 сомуӊ болсо бир ырчыны бир ыр менен жөн эле чыгарып коесуӊ. А ошол 100 000 сом «Кыз-Бурактын» эч нерсесине илешпей калат. Мына ошондой чоӊ каражатты өзүбүз таап, кайра өздөрүнө иштетчүбүз. Өткөн күндөрдү эстеп отуруп кээде өзүмө да рахмат айтып калам. Ар кандай үй-бүлөдөн келген ар кандай мүнөздөгү кыздарды бир жолго салуунун өзү оор. Аялзатынын мүнөзүндө туруктуулук болбойт эмеспи. Бир күндө бир топ мүнөзгө алмашат. А эркектер андай эмес, мүнөзү бир аптада бир өзгөрүшү мүмкүн, болбосо бир калыпта кете берет. Психологиялык жактан оор коллективди жетектеш өтө көйгөйлүү. Ошону жетектеп келгениме өзүм да таӊ калып жатам. Тарбиялоонун көп ыкмаларын колдончу элем, азыр колдонбой калбадымбы (күлүп).

«Кыздар бир туугандай катышканына ичим жылыйт»

- Учурунда жеке ырчы деген түшүнүк болгон эмес. «ВИА» (Аваздык аспаптык ансамбль) деген гана түшүнүк бар эле. Ошонун негизинде жогорку жана орто окуу жайларда, мектептерде, колхоз, совхоздордо, шаар, райондордо жалпысынан Кыргызстан боюнча 500гө жакын ансамбль түзүлгөн. Мына ошолордун ичинен бүгүнкү күнгө чейин жашап келе жаткан, жашап эле калбастан изденип, жаӊылыктарды жаратып, жаӊы чыгармаларды иштеп чыгып, өзгөчө нукта, көркөмдүктө элге ыр тартуулап келген бир эле биздин ансамбль калыптыр. Бул жылдар аралыгында 330га жакын кыздарды тарбиялап чыгардык. Кудайга шүгүр, баары турмуш куруп, бала-чакалуу болуп, үйдүн жүгүн да мыкты кожойке болуп алып кетип жатышат. Мени кубантканы ар бир курам өз-өзүнчө катташып, жакшылык-жамандыкта бирге болушуп, шерине уюштурушуп, өмүрлүк санаалаш достор болуп калышыптыр. Кобурап тамашалашып, күлүп сүйлөшүп отургандарын карап «Булар кесиптеш гана эмес, бир туугандай санаалаш, дос да болуп калышыптыр» деп ичим жылыйт.

«Эркектерден түзүлгөн топтор мени далай ыйлаткан»

- 43 жыл аралыгында эмнелер гана болбоду. Айрыкча эркектерден түзүлгөн топтор көрө албастык кылып мени канча ыйлатышты. Өткөн тарыхтын бир канчасын эстеп кубансам, бир канчасын эстеп өкүнүп кетем. Кыздар менен иштешкен ар бир доор өз-өзүнчө оор болду. Себеби кыздардын амбициясын жөнөкөйлөтүш, алардын тилин табыш өтө кыйын. Бул аралыкта «Кыз-Буракка» өмүрүмдү сарптадым, кыздарымдын бирөөсүнө сөз тийгиздирбедим, бир адамды тийиштирбедим. Тарбия- таалимдүү болушуп, азыр улуу кесиптештерим «сен тарбиялаган кыздар баары бир башкача» деп жакшы кеп айтышат. Бул жеӊиш, ийгиликтер кубанычтын гана көз жашын агызат. Буюрса, юбилейлик концертибизге жакшы даярдыктабыз. «Кыз-Бурактын» 40 кызы топтолот, коӊшу өлкөлөрдүн эстрада ырчылары келет, өзүбүздүн эстраданын жылдыздары коштойт. Эки гитара, эки басгитара, эки скрипка, саксофондор толуктаган оркестр коштойт. Жан дүйнөнү азыктандырган жакшы концерт болот десем жаӊылышпаймын. Бишкекте 10-11-ноябрь филармонияда, ал эми 15-16-ноябрь Ош улуттук драма театрында болот.

Гулнара Калдарова, ырчы:

«200 кыздын ичинен үчөөбүз гана тандалганбыз»

- Мектепте жүргөндө комузда ырдачумун. Ырдоого аябай кызыгат элем. Теледен «Кыз-Бурак» чыкканда ушул кыздардай болуп ырдасам деп кыялданчумун. 8-классты бүтүп Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Окуп жатканымда «Кыз-Буракка» кыздарды тандоого сынак болуп калды. Курбум экөөбүз барып көрөлү деп келдик. Бирок оюмда «Буга бою узун, сулуу кыздар алынат, мен өтпөсөм керек» деген толкундоо болуп жатты. 200дөй кыздар жүрөт, аларды көрүп үмүтүм такыр эле үзүлүп баратты. Сыноодо «Кыз-Бурактын» «Ыйлабачы терезе» деген ырын ырдадым. «Үнү, тембри жакшы экен» деп тандап алышты. 200 кыздын ичинен үч гана кыз тандалып алындык.

«Ырчы боло албайт экенмин деп ыйлагам»

- Ырчылыкты оӊой элестеткен экенмин. Бирок мен күткөндөй эмес экен. Сахна маданияты, адам менен иштешүү деген нерселерди такыр билбептирмин. Башка ырчылар мындай тепкичтен өтпөгөндүр, Гүлшайыр эженин бир гана сахнада кандай жүрүүнү эмес, адам болууга да үйрөткөн өзгөчө тарбиялоосу бар эле. Аларды көргөндөн кийин «Ырчы болуш ушунчалык кыйын турбайбы, мен боло албайм. Мындай түйшүккө чыдабайм» дедим. Даярдыкты Гүлшайыр эже өзү жүргүзчү, алгачкы репетиция башталды, эже «сахнага чык» деди. Чыксам жаратпай «мунуӊду эч ким көрбөйт, кайра кирип башынан чык» деди. Ушул сахнага чыгууну эле отуз жолу кайталадым. «Сахнага чыгуум эле 30 жолу кайталанса, ырдоом 100 жолу кайталанат экен да. Мен ырчы боло албайт турбаймынбы» деп эшикке чуркап чыгып аябай ыйладым. Ансамблге мени менен чогуу кошулган курбум Таалайгүл артыман чыгып «чыдайбыз, канчадан бери тилек кылып келген элеӊ, аягына чыгабыз» деди. «Мени эч ким мынчалык урушкан эмес, мен кошула албайм» деп кетип калдым. Эртеси айтылган саатта барайын деп бирок, жүрөгүм безилдеп жатат. Ниязалыдан чыгып алып «Кыз-Буракка» жөө басып келдик. Бир кадам аттап «мен барбайм» дейм. Таалайгүл сүйрөп келатат. Дагы бир аздан кийин «барбайм» дейм (күлүп). Акыры клубга жеттик. «Чыдайм» деп өзүмү даярдап, көнүп кеттим. Бизди ыйлаткан ошол тарбияларды эстеп азыр ыраазы болом. Гүлшайыр эже бизге сахна маданиятын гана эмес, турмуштук сабактарды да мыкты үйрөттү. Ар бир аракети ушулар мыкты ырчы, мыкты адам болсун деп жасалган экен.

Гүлмира Эргешова:

«8 жашымда «Кыз-Буракка» аралашкам»

- Гүлшайыр эжем кыздарды тарбиялап, үйрөтүп, курамга кошуу үчүн аябай чоӊ эмгек кылчу. «Кыз-Бурак» бир гана ырдабастан интермедия аткарчу, аспаптарда ойночу. Ар бир инструментти өзүбүз ташып кирип орнотуп, концерт бүткөндөн кийин кайра өзүбүз жыйначубуз. Кыздарды кабыл алып, үйрөтүп, эми гана курамга кошкондо ала качып кетишчү. Эжем безилдеп эле күйүп кала берер эле. Үйдө бир туугандар баарыбыз ыр-бийге жакынбыз. Менин да шыгым бар болгондуктан 8 жашымда бир кыздын ордуна шашылыш интермедия ойнойсуӊ деп кошуп алды. Кичинекей болуп алып эжемдерге кошулуп тоолорго барып таштын үстүнө чыгып алып эле концерт кое берчүбүз. Ырда десе ырдап, бийле десе бийлеп, интермедия аткар десе аны аткарып жаштайымдан топко аралашкам. Кыргызстандын кайсы аймагына болбосун автобус менен кетчүбүз. Барчу жерибизге жеткенче кой айдаган койчумандан айырмабыз жок болуп кирпик, кашыбызга чейин бопбоз чаӊ жабышып калар эле.

Рыспай Абдыкадыровдун кызы Сюита анда  6 гана жашта эле. Бизге кошулуп алып гастролдоп «Алдей ай, уктачы ай, апакеӊди кыйнабай», «Алма тиктим, бак тиктим, күн үстүнө үйүмдүн» деген ырларды ырдачу. Мен да кичинекей кыз болгондуктан Сюитанын артыӊан ээрчитип карайсыӊ дешкен. Анын куурчагы бар эле, тапичкеси түшүп кала берчү. Аны түшкөн жеринен алып бере берип аябай тажаган экенмин, акыры ыргытып жиберип кутулгам. Ошол учур азырга чейин эсимден кетпейт.

Тамара Ураимова:

«Малчыларга бекер концерт койчубуз»

- Мен 1990-жылдары ОГПИде окучумун. «Кыз-Буракка» тандоо жүрүп жатканын угуп бардым. Музыкалык мектепти аяктаган элем, институтта да жакшы окучумун. Сыноого барсак кыркка жакын кыз бар экен. Гүлшайыр эже бизди биринчи ары-бери бастырып, ырдатып көрдү. Кыргыз, орус, өзбек тилинде ырдап бердим. Макул кете бер дешкен. Кийин окуу жайга барып курамга кабыл алынганымды айтышты.

Алгач Гүлшайыр эже өзү жазып берген «Чын эле мен сени таптымбы» деген ырды ырдап чыккам. Жай, күз айларында айыл чарба иштерине алып кетишчү. Пахта, дарбыз тергендерге, чөп оруп жаткан адамдарга, фермерлерге барып мал, койлорго аралашып ачык эле жерде бекер концерт койчубуз. Жайда кетсек күздүн акыркы айларында келчүбүз. Кыргызстандын биз барбаган айылы калбаган. Мамлекетке ошондой чоӊ эмгек кылып деле наам алыш эсибизге келбеген экен. Азыр чөнтөгү үчүн 5 күн концерт коюп алышып деле «Эмгек сиӊирген артист» наамын алып жатышат. Азыр эстесем ал кезде устатыбыз Гүлшайыр эже өзү эч нерсеге жулунчу эмес экен. Аябай таза, так, жоопкерчиликтүү иштер болгон.

Айжамал Кабылова:

«Гүлшайыр эжеден тарбия алганыма ыраазымын»

- Мен ырчы болом деп кыялданган эмесмин. Куурчактарыма көйнөк тигип берип, чоӊойгондо тигүүчү болом деп элестетет болчумун. Мектепте коомдук иштерде ырдап, бийлеп калчумун. Мугалимдер атамы чакырып «Кызыӊдын таланты бар, шаарга алып бар» деп кулагына аябай куюшкан экен. 1994-жылы май айында 6-класста окуп жаткан кезимде атам «шаарга барабыз» деп мени алып жөнөдү. Анда «Кыз-Бурак» деген топ бар экенин, аны ким жетектерин такыр билчү эмесмин. Атам Гүлшайыр эжеге кеип «ушул кыздын эти сиздики, сөөгү меники, эмне кылсаӊыз ошол кылыӊыз» деп таштап кеткен. Ошондон баштап турмушка чыкканга чейин Гүлшайыр эженин колунда тарбияландым. Бурчка жатып алып «ырчы болбойм» деп канча ирет ыйладым, канча ирет качып кетип жаттым. Атам кайра жетелеп алып келип таштап кете берчү. Ошентип отуруп акыры көндүм. Гүлшайыр эже ырдоодон башка аялга керек болгон бүтүндөй жумуштарды үйрөттү. Мен апамдарга барсам төркүнүнө баргандай болуп сый көрүп кайра келе берчүмүн. А аялга тийиштүү нерсени апам эмес, бизге экинчи апа болгон Гүлшайыр эже үйрөттү. Азыр качканыма карабай алып келип кошо берген атама, мени кабыл ала берген Гүлшайыр эжеге ыраазы болом. «Кыз-Бурактын» негизделгенине 40 жылдан ашып жатса, анын 10 жылында мен жүрүптүрмүн. Гүлшайыр эжеге, «Кыз-Бурак» тобуна узак өмүр каалайм. «Кыз-Бурак» дегенде Гүлшайыр эже, Гүлшайыр эже дегенде «Кыз-Бурак» элестелет. Экөө бири-биринен айрыла албайт, бири-бирисиз буларды элестетүү өтө кыйын. Жолуӊар байсалдуу болсун, мага бөлгөн 10 жылдык эмгегиӊиз үчүн таазим кылам, Гүлшайыр эже!

Сайкал Садыбакасова, «Кыз-Бурак» тобунун жетекчиси:

«Кыз-Буракты» апамдай жетектеп кете аламбы деп көп ойлоном»

- Апамдын курсагында жаткан кезинде эле «Кыз-Бурактын» ырлары сиӊе баштаган. Эс тарткан кезимен эле «Кыз-Бурак» менен гастролдо жүрүп чоӊойдум. 6 жашымдан 10 жашка чейин «Кыз-Бурактын» ортосуна туруп алып жаш балдар үчүн ырларымды ырдап жүрдүм. Сахнага бышып калган кезимде апам «Ырдабайсыӊ, банкир, юрист бол, тилдерди үйрөн» деди. Бирок мен музыка сабагынан гана «5» деген баа алчумун. «Эстей жүр» деген ырды аткарып чыкканда элге кенен тарады, коомчулукка мени таанытты. Мен жеке ырдап, ырыма көрүүчүлөрдү алып кирип кетким келчү. А топто ырдасаӊ бийлеп, жаныӊдагы кыздарды карап, өзгөчө кыймыл кылгыча ыр бүтүп калчу. Ал мага жакпайт эле. Апам болсо карап отуруп кыймылыӊдагы кичинекей кемчиликти да байкап коер эле.

   Ушул аялдын кызы болуп калганыма аябай ыраазымын. Апам өтө кыйын аял экенин айтпасам да баары билет. «Кыз-Буракты» апамдай кылып башкарып кете аламбы деп көп ойлоном. Кыздар менен иштөө чынында аябай оор. Башкарууда апаман гана кеӊеш алып турам. «Кыз-Бурак» менин бир тууган эжем эле, убакыт өткөн сайын бир тууган сиӊдим болуп баратат. Жан дүйнөм менен аракет кылып, буюрса апам сыймыктана турган топ болот деп ишендирип кетем. Топтун келечегин өтө тереӊ элестетем. Алдыда 100 жылдыгын белгилеген учурлар болсун деп ниет кылам.

Уулбү Каныбекова

(Сүрөттөр "Кыз-Бурактын" архивинен алынды).

 

Окулду 918 жолу
узнать прогноз погоды
оригинальные бизнес идеи
Твитнуть
Жарыяланган категория Маданият
Ушул категориядагы башка материалдар: « Икрам Юлдашев, шоумен: “Мугалим болуп окуучуларды тарбияласам дейм” Каныбек Дайырбек уулу, ырчы: «Апамдан өткөн өнөр көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты» »

Билдирүү кошуу

Сыр сөз
Жаңылоо

Жөнөтүү
Кайтуу
Өйдөгө

Спорт

Элзада Момунжанова, спортчу:  «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Элзада Момунжанова, спортчу: «Мекенди сүйбөгөн адам спортчу боло албайт»
Спорттун беш түрү боюнча чебер, белгилүү спортчу кыз Элзада Момунжанова…

Маданият

Мурат Жалиев, шоумен:  «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Мурат Жалиев, шоумен: «Ооруп жатып калганымда айланамдагы адамдар иргелди»
Акыркы убактарда эл кѳзʏнѳ кѳрʏнбѳй кеткен шоу-бизнес ѳкʏлʏ, шоумен Мурат…

Интервьюлар---------------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев: “Шайлоочу паспортунда белгиленген дареги боюнча гана катыша алат”
Пятница, 25 Декабрь 2020
2021-жылы 10-январда КРнын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. Мында өзгө шайлоолордон айырмаланып форма…
  • Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу:  «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Ислам Бакасов, Москвадагы П. А. Герцен атындагы илим изилдөөчү онкологиялык институтунун дарыгер-онкологу: «Онкологиялык оорулар жашарып, өсүп жатат»
    Вторник, 17 Ноябрь 2020
  • Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Артыкбай Эралиев. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек
    Среда, 26 Август 2020

Архив

« Январь 2021 »
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30 31

Сурамжылоо-----------------------

Ош шаарынын тазалыгына кандай баа бересиз?

Эң сонун - 47.4%
Жакшы - 18.4%
Орто - 13.2%
Начар - 18.4%

Добуштардын саны:: 38
Сурамжылоого добуш берүү аяктады в: Июль 13, 2016

Билим берүү-----------------------

Подписаться на эту RSS-ленту
Доор жана басма сөз
Понедельник, 16 Ноябрь 2015
Азыркы доордо басма сөз, жалпы эле массалык маалымат каражаттарысыз жашоону дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн мисалында элестетүүгө таптакыр мүмкүн эмес. Жан…
  • “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    “Кырк жылдык студенттик сезимдер азыр да өчө элек”
    Понедельник, 23 Ноябрь 2015
  • Академик  Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Академик Бектемир Мурзубраимов 75 жашта!
    Вторник, 08 Декабрь 2015
  • Көп окулганы
  • Тегдер
  • Жорумдар
  • ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ААЛАМЫ
    Понедельник, 12 Декабрь 2016
  • Сарык оорусу
    Сарык оорусу
    Понедельник, 11 Сентябрь 2017
  • Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Кесипти туура танда, бүтүрүүчү!
    Понедельник, 23 Май 2016
Бекмурат Ош жаз орозбек спорт тамашоу токтогул универсал эне
  • MichaelLOn
    гидра com - зеркало hydra, hydraruzxpnew4a f

    Толугу менен...

     
  • KennethDiatt
    гидра - Hydra отзывы, ссылка hydra

    Толугу менен...

     
  • RobertDat
    гидра интернет магазин - hydraruzxpnew4a f, зеркало hydra

    Толугу менен...

     
  • rardPak
    hi :) bross :)

    Толугу менен...

     
  • Мураталы
    Мен Мураталы энурез оруйм кенеш берсездер канча жыл кетет дарыланганга 0705738140

    Толугу менен...

Ош шамы коомдук-саясий гезити

  • Негизги бет
  • Жаңылыктар
  • Макалалар
  • Ош шаары
  • Саясат
  • Интервью
  • Дайджест
  • Билим берүү
  • Спорт
  • Маданият
  • Дүйнө
Copyright 2015 by. All rights Reserved