Версия для печати
Понедельник, 04 Ноябрь 2019 04:48

Өлкөдө ундун баасы өстү

Баанын өсүшү боюнча Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөндөгүлөрдү билдирди:

-2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн. Учурда 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% га жогорулады.

2018-жылдын октябрь айында республика боюнча 2-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 17,7 сомду түзгөн.Учурда 2019-жылдын октябрь айында республика боюнча экинчи сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 20,3 сомду түзүүдө. Ошентип, бир жылдын ичинде 2-сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 14,8% га жогорулады.

Баага карата жүргүзүлгөн анализ ундун чекене баасы эки эсе жогорулады деген маалымат чындыкка дал келбешин күбөлөндүрөт.

Мындан тышкары, басма сөз кызматтарынан Кыргызстандын аймактары боюнча ар кайсы сорттогу 50 килограмм ундун баасын да келтиришти.

Унга болгон баанын көтөрүлүшүнө эмне түрткү болуп жаткандыгы тууралуу экономика илимдеринин кандидаты, доцент Эрлан Камалов ой бөлүштү:

«Буудай өндүрүү төмөндөп кеткени башкы себеп»

-Азыркы учурда ундун баасынын көтөрүлүп кетишинин негизги себеби, өлкөдө буудай өндүрүү абдан төмөндөп кеткендигинен улам болууда. Бизде акыркы мезгилде буудайды өзүбүздө жетиштүү деӊгээлде өндүрбөй калганыбызга байланыштуу кыскарып, дээрлик жокко эсе болуп кетүүдө. Көбүнчө ун өлкөгө Казакстандан алынып келинет. Быйыл коӊшу өлкөдө да буудай аз өлчөмдө өндүрүлүп, түздөн-түз буудайдын, ундун баасынын жогорулашына таасирин тийгизди. Кыргызстандагы ун комбинаттары негизинен Казакстандан буудай ташып, ун чыгарышат. Фискалдык саясатта айта турган болсок, ун, буудай ташып келүүдө эч кандай салык дагы, бажы пошлинасы да өзгөргөн жок. Буга негизинен Казакстандагы түшүмдүн начар болгондугу себеп болууда. Андан сырткары, кандайдыр бир жасалма ызы-чуу чыгаруу же болбосо “базардагы дүрбөлөӊ” деп коет, ошол нерсени шылтоо кылып баа кошуу да кездешүүсү мүмкүн. Ошондуктан монополияга каршы комитети Айыл чарба министрлиги менен биргеликте тыгыз саясат алып барыш керек. Ар бир ун саткан сатуучу, фирмаларды тыкыр текшерүүсү зарыл. Кыргызстан боюнча ала турган болсок, башка региондорго салыштырмалуу Ош облусунда ундун баасы кескин өстү. Менимче, бул жерде мамлекеттик органдар да иш жүргүзүүсү абзел. Экинчиден, мунун себептерин элге ачык айтып, түшүндүргөн жакшы. Анткени рыноктогу сатуучулар, оюнчулар продукцияларын кымбат сатуу максатында“кышка барганда ундун баасы 2 миӊге барат, эки эсе өсөт” жана башка ушул сыяктуу сөздөрдү таркатып, ошонун негизинде бааны өзүнө ыӊгайлуу кылып көтөрүп алышы ыктымал. Жогоруда келтирилген мисалдарга каршы облусттук админстрация, мэрия, айыл өкмөттөр калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү оӊ. Мамлекеттик резервтер кампасында сакталган буудайдын көлөмү менен өлкөдөгү баанын өсүшүн бир жөнгө салса болот. Мамлекетте сөзсүз түрдө буудайдын запасы сакталат. Ун адам жашоосундагы негизги продукт болуп эсептелгендиктен, маселени жөнгө салбасак тамак-аш коопсуздугуна чоӊ сокку болот. Андан кийин ар түрдүү социалдык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Биздин рациондо ундан жасалган тамак-аш бир кыйла көп бөлүгүн түзгөндүгүнө байланыштуу түз эле керектөөчүлөрдүн кирешесине таасир этет. Учурда эмгек акыны, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүү боюнча жасалып аткан иштерди жокко чыгарууга алып келүү ыктымалдуулугу жогору. Бул нерселерди алдын алуу үчүн бааны ооздуктоо, турукташтыруу саясатын жүргүзүү абдан маанилүү. 

Буудайды өндүрүү өлкөдө азайып кетишинин бир себеби, биздин ата мекендик өндүрүүчүлөр коӊшу мамлекеттин ун өндүрүүчүлөрүнүн алдында атаандаштыкка туруштук бере алган жок. Казакстанда өндүрүлгөн буудай, бизде өндүрүлгөн буудайга салыштырмалуу бир канча сапаттуу жана жеткиликтүү баада. Канча алыс жолдон ташылып келинсе да баасы эл көтөрө ала турган баадан өзгөргөн жок. Экинчи жагынан караганда импортту чектеп, өзүбүздүн ун өндүрүүчүлөрдү колдоо саясатын жүргүзө турган болсок, анда баанын мындан да жогорулашы күтүлөт. Yчүнчү тарабынан ЕАЭСте Казакстан менен бирге болгондуктан, алардын импортуна чектөө кое албайбыз. Тоскоолдук кылуунун бир эле жолу бажы пошлинасын көтөрүп коюш керек. Ошондо ал жактан ун, буудай кымбат келет дагы, мамлекеттеги өндүрүүчүлөрдүн продукциясын сатып алганга шарт түзүлөт. Бирок, ошол эле учурда бажы салыгын көтөрүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишин жакшыртканы менен сатып алууда баасы карапайым элдин чөнтөгүнө туура келбей калат. Анда баалардын көтөрүлүшүнө малекет өзү дагы шарт түзүп берип калат. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоодо, аларга жеӊилдетилген насыяларды берүү же Казакстандагы буудай өндүрүүчүлөр менен сатып алуу, же кандайдыр салыктык жеӊилдетүүлөрдү берүү келишимдери аркылуу иш жүргүзсө болот.

-Казакстан менен жылына  буудайды же унду кайсы бир өлчөмдө өлкөгө импорт кылуу боюнча келишим түзсө болобу?

-Болот, импорттук жана экспорттук квоталар деген бар. Күн мурунтан бардык нерсени пландаштырып, фьючердик келишим түзсө болот. Контракттын негизинде алар баа көтөрүлүп, төмөндөп кеткендигине карабай келишим түзүлгөн мамлекет контракта көрсөтүлгөн баада, өлчөмдө кандай продукция болбосун жеткирүүгө милдеттендирилет. Азыр канчалык деӊгээлде мындай келишим барбы айта албайбыз. Мисалы, азыр Россиядан күйүүчү майларды сатып жаткандай эле, Казакстандан ун, буудай аларыбыз бегилүү болуп жаткандан кийин мындай келишимге баруубуз зарыл.

«Бир мүшөк унга 150-300 сомдон кошулууда»

Сатуучу Нурлан Касымбеков килограммына алганда ар бир сорттогу унга 4 сомдон кошулганын кошумчалайт:

-Мурда биринчи сорт мүшөгүнө1200 дөн келген ундар азыр 1480 сомдон келүүдө. Жогорку сорттогу ундар 1650-1700сомдон келсе, учурда 2000 сомго көтөрүлдү. Казакстандан келген ундардын жакшы сортторуна 300 сомдон, орточосуна 150-200 сомдон кошулууда. Килограммына алганда бардык сортуна 4 сомдон кошулду.

Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн чыккан ундун да баасы көтөрүлгөнүн белгилеген сатуучу Орозали уулу Абдулла төмөнкүлөргө токтолду:

-Жергиликтүү ундарды буга чейин кабын 1100 сомдон алган болсок, учурда 1300гө чыкты. Казакстандагы буудайдын аз өндүрүлгөндүгүнөн улам биздин өндүрүшчүлөргө да таасирин тийгизип, баанын өсүшүнө алып келди. Ал жактан чыккан унга 50 сом кошулуп, Ошко келгенче баасы 300 сомго өсүүдө. Бизге импорт болгон коӊшу мамлекеттин унунун сапаты жакшы болгондугунан суроо-талап жогору.

Жумагүл Кочкорбай кызы

 

Окулду 488 жолу