Версия для печати
Понедельник, 04 Ноябрь 2019 04:54

Мэр рейд учурунда айткан Масалиев көчөсүндөгү жөө адамдар басуучу жол оӊдолууда

Ош шаарынын Масалиев кеӊ көчөсүндө талкаланып кеткен тротуардын ордуна жаӊы тротуар салынууда. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов өткөн айда аталган көчөдө рейд өткөрүп, бузулуп кеткен тротуарды жаӊылоо боюнча протоколдук тапшырма берген. Учурда Масалиев көчөсү менен Ашимахунов көчөсүнүн кесилишинен баштап узундугу 165 метр, туурасы 3,5 метр болгон таштаман (брусчатка) төшөө иштери жүрүүдө.

Курулуш иштери 10 күндүн ичинде аяктайт. Шаар мэри жөө адамдар басуучу жолдогу курулуштарды да алып салуу тапшырмасын берген.

Окулду 423 жолу