Версия для печати
Понедельник, 18 Ноябрь 2019 03:51

Мугалимдердин айлыгы жогорулады

Билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу тууралуу Өкмөттүн берген убадасы ишке ашып, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта 30 пайызга көбөйдү. Министрликтен билдиришкендей, жалпысынан 1 миллард 742,5 миллион акча жумшалды. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалымытына таянсак, октябрь айынан тартып ар бир мугалим педагогикалык билимине карабай 30%дык ченем менен көбөйтүлгөн маяна алышты.

Кимдердики канча болуп көбөйдү?

“Кыргыз Республикасынын "Мугалимдин статусу жөнүндө" мыйзамынын акыркы редакциясына ылайык, мектепте мугалим болуп профилдик педагогикалык билими барлар гана иштей алат. Азыр Кыргызстандагы мугалимдердин болжолдуу 2,5%ы бул талапка жооп бербейт. Бирок кайсы бир адистик боюнча орто же жогорку билимге ээ.

Жогорку жана орто билимге ээ болгон педагогдордун окуу саатынын баасы буга чейин да айырмаланган эмес. Окуу саатынын баасы көтөрүлгөндөн кийин төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт:

• орто кесиптик педагогикалык билимдүү адистердин бир сабагы - 60 сомдон 78 сомго чейин,

• бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 67,5 сомдон 87,8 сомго чейин,

• адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 75 сомдон 97,5 сомго чейин.

Токтомдо окуучулардын билим пайдубалын түптөгөн мугалим жана педагогдордун айлык акысын жогорулатууга приоритет берилген. Башталгыч класстардын мугалимдеринин айлык акысынын көтөрүлүшү төмөндөгүдөй болот:

• орто кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 78 сомдон 93,6 сомго чейин,

• бакалавр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 87,8 сомдон 105,36 сомго чейин,

• адис же магистр даражасы бар жогорку кесиптик билимдүү педагогдордун бир сабагы - 97,5 сомдон 117 сомго чейин.

“Мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы менен азыркы учурдагы бардык кошумча төлөмдөр (бийик тоолуу райондор ж.б.) сакталат. Ноябрдын башталышында ар бир мугалим көбөйтүлгөн айлык акынын көлөмүн сезилээрлик билет” ,-деп белгиленет.

Айлык маяна эсептөө автоматташтырылат

Ошондой эле өлкөбүздүн мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде мугалимдердин жана кызматкерлердин айлык акысын эсептөө толук автоматташтырыларын министрлик кошумчалайт.

“Санариптештирүү жылынын алкагында, жакын арада министрлик мектеп мугалимдеринин айлык акысын эсептөөнү толук автоматташтырууга өткөрөт. Учурда бул багытта даярдык иштери жүрүп, программалык камсыздоо үчүн техникалык талаптар иштелип чыкты. Бул 2020-жылдын 1-январынан ишке кирет.

Айлык акыларды автоматташтырууга өткөрүү менен эмгек акыга каралган каражаттарды эффективдүү, максаттуу колдонууга шарт түзүлөт. Ошондой эле негизсиз маяна алып жүргөндөр ачыкка чыгат жана бухгалтердик эсепти так жүргүзүүгө жол ачылат. Тиешелүү текшерүү органдары берген кемчиликтер ордуна келет жана ар бир мугалим эмгегине жараша айлык акы алат. Бухгалтериялык ишмердүүлүк өркүндөтүлөт”,- деп билдирди басма сөз кызматы.

Маянанын жогорулоосу боюнча мугалимдерге да суроо салып көрдүк.

ОшМУнун “Ыйман” гимназиясы география мугалими Манасбек Шербаев:

“Айлыктын жогорулаганы жаш мугалимдер үчүн стимул болду”

-Мен дипломду алып, мектепке киргениме бир жылдын жүзү болду. Буга чейин деле эжей-агайлардан айлык аз экенин уксам деле, жакшы көргөн кесибим, жумушум болгонунан баш тарта алган эмесмин. Анткени, мугалим сооптуу жумуш экенин билем. Учурда география сабагынан окутуп келем. Алгач 0.75 ставка менен ишке кирип, 4900 сом айлык акы алчумун.  Быйыл жаӊы окуу жылында бир ставкага ылайык саат алдым. Биринчи айда, сентябрда 8500 сом айлык чыкты. Октябрда мугалимдердин айлык акысын 30 пайызга жогорулатуу боюнча буйрук чыккандан баштап 12 миӊге жакын акча алдым. Чынында, ОшМУда айлык акы жакшы төлөнөт. Мамлекет тарабынан да мугалимдерге колдоо көрсөтүлүп жатат. Эми гана ишин баштаган жаш мугалимдер үчүн стимул болду десем жаӊылышпайм.

Нургүл Жантөрөева, мектеп мугалими:

“Алган маянабызга нааразы болбой иштеп келебиз”

-Мектепте мугалим болуп иштегениме көп жылдын жүзү болду. Бөлүнгөн сааттарга, алган маянабызга нааразы болбой иштеп келебиз. Ооба, биринчи жылдары сааттарга аз төлөнчү. Бирок, азыр октябрь айында айлыгыбыз жакшы чыкты. Менин маянама 3 миӊ сом өлчөмүндө каражат кошулуптур. Ушул сыяктуу жакшы жаӊылыктар болуп турса, келечек ээлери болгон өспүрүмдөрдүн да билим алуусу жакшырат. Себеби, көпчүлүк жаштар мугалим болгусу келбейт. Биринчи себеби айлык маянасы аз дешчү. Азыр эми кичине болсо да мындай ойдон арылууга болот. Рахмат мамлекетке, билим берүү кызматкерлерине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык. 

№17 “Акниет-Ош” балдар бакчасынын мугалими  Айсулуу Ташбалтаева:

“Айлыгыбыз дагы да көбөйө берсин...”

-Менин мугалимдик кесипти аркалап келе жатканыма быйыл беш жыл болот. Башталгыч класстарды даярдоо боюнча жогорку билимим бар. Айлык маянабыз аз болгонуна карабай балдарга билим берип келүүдөбүз. Жакында эле айлыктын жогорулаганы биз үчүн да, жалпы эле бул тармакта иштегендер үчүн да жакшы жаӊылык болду. Категорияга, алган билимине, иш тажрыйбасына жараша көбөйтүлүптүр. Жаӊы эле ишке кирген жылдары 6 миӊ сомдон айлык акы алчумун. Учурда шүгүр, мугалимдер алды 15-16 миӊ сом айлык алдык. Дагы да мындай иштер улана берсин. Бардык билим берүү тармагындагы кызматкерлерге ийгилик каалайм.

№50 Нышанов атындагы мектептин мугалими Айдана Осмонова:

“Кесибибизге болгон шыктанууну күчөттү”

-Биз окуп жүргөндө эле аз айлык аларыбыз, маянабыз 5 миӊ сомдун айланасын түзөөрү тууралуу маалыматыбыз бар эле. Аны көпчүлүк деле айтчу. Бирок, азыр айлыктын жогорулашы бизди дагы бир жолу кесибибизге болгон шыктанууну ойготуп койду. Мисалы, көп ата-эне балдарын мугалимдик кесипти тандоосунан, анан жаштар да мындан качышат. Айлык акынын көтөрүлүшү менен кичине болсо да кээ бир адамдарга, келечек кесип ээлерине жакшы таасир калтырууда десем болот. Бир жагынан алганда мугалимдик түйшүктүү, оор кесип. Мугалим болуу мен үчүн сыймыктуу. Буюрса, мындан да жакшы иштеп, мыкты келечек ээлерин тарбиялоодо өз салымымды кошом деп максат кылдым.

Жумагүл Кочкорбай кызы

Окулду 533 жолу