Версия для печати
Понедельник, 18 Ноябрь 2019 03:53

Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алууга шарт түзүлөт

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү жетекчилер менен бирге Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрүп чыкты.

Шаар мэри 2020-жылы Ак-Буура дарыясынын жээктерин көрктөндүрүү боюнча ири долбоорду ишке ашыруу аракеттери башталаарын айтып, мыйзамсыз курулган курулуштарды алып салуу керектигин билдирди.

“Максатыбыз Ак-Бууранын жээгин оӊдоп, шарт түзүү. Дарыянын жээктерине отургучтар, жөө адамдар басуучу жол, веложол курулуп, жарыктандырылат. Алгач жээктерди бекемдөө иштери жүрөт. Мындан тышкары айрым жерлерге эс алуучу жайлар да курулат. Эӊ негизгиси ишти баштаардан мурда мыйзамсыз курулуштарды алып салышыбыз керек. Жээктерди тосуп же курулуш куруп алган шаардыктар биздин баштап жаткан ишибизди түшүнүү менен кабыл алып, өз алдынча курулуштарын алып салса жакшы болмок. Бул ишти тез арада башташыбызга шарт түзмөк. Жасалып жаткан иштер жалпы шаардыктар үчүн. 2020-жылы ишке толук киришебиз”,-деди Т. Сарыбашов.

Калаа башчысы тиешелүү жетекчилерге 2020-жылдын башында дарыянын жээктериндеги мыйзамсыз тосулган жерлерди бошотуп, курулуштарды алып салуу тапшырмасын берди.

Өз алдынча жер тилкелерин бошотпогон жарандардын иши сотко өтөт.

Бүгүнкү күндө шаардык архитектура тарабынан эскиздик долбоор даярдалып, ири долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланууда.

Окулду 429 жолу