Версия для печати
Понедельник, 18 Ноябрь 2019 03:54

Аректе жаӊы бала бакчанын курулушу башталды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Арек айылында жаӊы балдар бакчасынын курулушу башталды.

120 орундуу балдар бакчасынын капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык Кеӊештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты.Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов бул жышаан балдардын келечегине кам көрүү иш аракети экендигин баса белгиледи.

“Шаардагы балдар бакчасынын жетишсиздиги байкалып турган мезгилде бул балдар бакчасы өсүп келе жаткан келечек муундарыбызга биздин белегибиз болмокчу. Курулушту ылдамдатып, сапаттуу курууга өзгөчө көӊүл буруу менен бирге, тендерлерди ачык-айкын өткөрүү аркылуу шаар үчүн абдан зарыл болгон каражаттарды үнөмдөөгө да жетиштик. Бул имарат жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатат”,-деди Т.Сарыбашов.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан балдар бакчасынын тендердик баасы 22 млн. 947 миӊ. Балдар бакчасынын курулуш иштерин “Кух и Лал” ЖЧКсы жүргүзөт, жалпы аянты 1299 чарчы метр. Ош шаарында быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынып жаткан үч балдар бакчасынын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Ал эми жакынкы күндөрү Ак-Тилек аймактык кеӊешине да жаӊы балдар бакчасынын курулушу башталат.

Окулду 412 жолу