Версия для печати
Вторник, 17 Декабрь 2019 04:48

КЫЛЫМ КЫЛМЫШЫ ЖАНА ЖАЗА

Тогуз айлык соттук териштирүүдөн кийин Бишкектин Жылуулук электр борборуна байланышкан коррупциялык иште айыпталгандарга соттук өкүм чыкты.

КИМГЕ, КАНЧА?

 Бишкектин Свердлов райондук соту  мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, “Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кести.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 ай, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга кесилди. Андан башка төрт аткаминер ар кандай себептер менен абактан бошотулду.

Соттун чечимине ылайык, мурдагы премьер-министр  Сапар Исаков “коррупция” беренеси  боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Муну менен кошо андан экинчи даражадагы “Манас” ордени кайтарып алынды. Камактагы жаза мөөнөтү 2018-жылдын июнь айынан тарта эсептелет.

“Улуттук энергохолдинг” компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев да “коррупция” жана “кылмыштуу кирешелерди адалдоо” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды жана камактагы мөөнөтү 2018-жылдын апрель айынан баштап эсептелинет.

Сот “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду да “коррупция “ беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл 3 айга эркинен ажыратты. Анын жаза мөөнөтү да былтыркы жылдын июнь айынан эсептелинээри белгилүү болду.

Мурдагы Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге коюлган “коррупция “беренеси “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренеге алмашылып, натыйжада ал 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Анын жаза мөөнөтү  2018-жылдын июнь айынан тарта саналат.

Ал эми “Электр станциялары” ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Биримкуловго коюлган “коррупция” беренеси алмашылып, “шек саноо жөнүндө кабарлама берген эмес” деген негиз менен ар бири 2 жыл 6 айга кесилди. Алар бул жаза мөөнөтүн тергөө абагында өтөп коюшкандыгына байланыштуу сот залынан бошотулду.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 5 миллион сом айып пул төлөй турган болду. Эркиндиги чектелген жок. Ал буга чейин зыяндын ордун толтуруу максатында өз ыктыяры менен мамлекетке 100 миллион сом төлөп берген.

Сот мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы да “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп таап, 3 миллион сом айыпка жыкты жана абакка кескен жок.

ЭЧ КИМДИН КАМАЛГЫСЫ КЕЛГЕН ЭМЕС

Түрмөгө кесилген мурдагы төрт аткаминердин жактоочулары менен тарапташтары соттун чечимине нааразы болушту. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев соттун өкүмүнө “саясий чечим” деп баа берди. Анын пикиринде, бул иш Сапар Исаковду каматуу үчүн гана ойдо чыгарылган жасалма иш болуп саналат. Албетте, актоочу катары анын бул айткандарына түшүнүү менен гана мамиле жасоодон башка айла жок экендиги айтпаса да белгилүү.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов быйыл февраль айында эксрпертизанын жыйынтыктарына таянып, жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эӊ жогорку баалар менен эсептеп чыкканда ЖЭБди модернизациялоо 275 миллион долларды гана түзгөнүн айткан. Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 миллион долларга бааланганын эске салган. Башкы проккуратура жыйынтыгында Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар же кыргыз акчасы менен санаганда  5 миллиард 439 миллион сом зыян тартканын белгилеп келет. Коомчулукта азыр кылмыш кылгандар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселесине олуттуу басым жасалуусу шарт деген пикир басымдуулук кылып келе жатканы бекериненэмес.  Балким, алдыда жасалуучу сот реформасында мындай маселелерге да маани берилип калгысы бардыр.

КЕМСИНТКЕН КЕЛИШИМ, YШYК УРГАН БАШ КАЛАА

Бул ишти Жогорку Кеӊеште түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеп чыккан. Аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Алтынбек Жунус уулу ЖЭБди оӊдоодо акча желгени куралсыз көзгө деле көрүнүп турганын  минтип айтат: “ЖЭБди оӊдоодо бааны көтөрүү, жабдыктар кымбат келгени ачык эле көрүнүп калбадыбы. 386 миллион долларга жаӊы ЖЭБди салбай  бир жак бурчун гана оӊдоп коюшкан. Сапар Исаков жана башка соттолгон адамдар “биз акпыз” дегени менен, ошол кезде чоӊ кызматтарды ээлеп турушкан. Алар баанын өтө эле кымбат көрсөтүлгөнүн байкабай калышмак эмес. Кытай тарап келип “биз буларга мынча пара бергенбиз” деп айтпаганы болбосо, коррупция болгону көрүнүп эле турбайбы”.

Өлкө тарыхында бир иш боюнча эӊ көп жогорку кызматтагы адамдар камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иш боюнча сотто 90 дон ашык киши көрсөтмө берди. Алардын арасында мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеӊешти экс-спикери, депутаттар жана бир катар мурдагы жана азыркы министрлер бар.

Эске салсак, Бишкек Жылуулук борборун Кытайдын ТАВЕА компаниясы оӊдогон. Бул үчүн Кытайдын Экспорттук-иимпорттук банкынан (“Эксимбанк”) 386 миллион доллар насыя алынган. Долбоор ЕРС келишими боюнча, башкача айтканда, ишти баштан-аяк ТВЕАөзү аткарып, ага кыргыз тарап кийлишгише албагандай абалда түзүлгөн.2018-жылдын январь айында модернизациядан ийгиликтүү өткөрүлдү деп эсептелген Бишкек ЖЭБинде авария чыгып, акыбетинде борбор калаа бир жума бою жылуулуксуз калган.

29-январда ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаков ЖЭБ де түзүлгөн абал боюнча Бишкек шаарынын тургундарына кайрылуу жасап, кечирим сураган. Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, кырдаалды талкуулашканы маалым болгон. ЖЭБде өндүрүштүк кырсык болгон кезде катуу суук күндөр катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей. Бишкекте абанын температурасы күндүзү минус 17, түнкүсүн минус 27 градусту көрсөтүп турган.

2018-жылдын 30-январында Башкы прокуратура Бишкек Жылуулук электр  борборундагы кырдаалга  байланыштуу Кылмыш-Жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгүнүн (“шалаакылык”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

ЖЭБ деги авария  коомчулукка мурда-кийин белгисиз болгон жагдайларды ачыкка чыгарганы менен да маанилүү деп саналат. Айталы, парламент депутаты Исхак Масалиев ЖЭБди жаӊылоо боюнча келишим каралаарда Кытайдын ТВЕА компаниясы 30 депутатты Кытайга эс алдырып келгенин айтып чыккан. Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитеттин төрагасы Кожобек Рысбаев ЖЭБди модернизациялоо боюнча 386 миллион долларлык келишим Жогорку Кеӊештен сметасы, техникалык-экономикалык негиздемеси жок ратификацияланганын тастыктаган.

ЖЭБди модернизациялоо иши 2014-жылдын апрелинен башталып 2017-жылдын августунда аяктаган. Ишти Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзгөн.

Дагы бир көӊүлгө алып коер жагдай, 31-январда Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсык боюнча Жогорку Кеӊешке маалымат беришкен. Анда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков жылуулук электр борборундагы өндүрүштүк кырсык үчүн бардык жоопкерчиликти өз мойнуна алаарын билдирген.

 Исаков ал кезде бул кырсыктын артынан абдан чуулгандуу жана коррупциялашкан иштер чыгып кетээрин ойлоп да койбосо керек. Азыр эми ЖЭБди модернизациялоо ишиндеги коррупциянын эӊ башкы фигуранты катары 15 жылга эркинен ажыратылып жаткан себебин азыркы бийликтин “саясий буйругу” менен болду деп, болбосо да  боолголоодон башка арга таппай турат. Исаков айыбын башкаларга оодара салуу, болбоду дегенде  “саясий буюртманын” курмандыгы деп аталган ыплас технологиялардын үлгүсүн өзүнүн “шефи” Атамбаевден алып жатканын байкоо кыйын эмес. Эске сала кетсек,  Алмазбек Атамбаев 2018-жылдын 31-мартында КСДПнын  курултайында  сүйлөп жатып, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкка Сооронбай Жээнбеков башкарган өкмөттүн тиешеси бар экенин, ЖЭБди жаӊылоого тендер ал өкмөттү башкарып турган 2016-жылы жүргүзүлгөнүн белгилеген. Бирок, мындай кадамдар менен С.Жээнбековду жеӊип алууга, ал эмес, алсыратууга да  болбой тургандыгын  Атамбаев  батыраак эле түшүнгөндөй таасир калтырат. Ал маселенин бул өӊүтүн “шакиртине” жеткирүүгө үлгүрө албай калганы өкүнүчтүү болду. Албетте, алган жагынан Атамбаевде арман аз эле болсо керек, бирок чоӊ акырдан аш жегенге оозун жаӊы эле оӊтойлонтуп баштаган  “сары канат” Сапар Исаковго кыйын болгонун бир айтасыӊбы-эки айтасыӊбы, эми  пайдасы жок.

Коомчулукта буга чейин Бишкек ЖЭБине байланышкан кылмыштуу иштердин баарын эле бир дөбөдөн  туруп кароо адатка айланып калганын айта кетүү ашыкча кылбайт. Түшүнүктүү болсун үчүн  Бишкек ЖЭБинин айланасында козголгон кылмыш иштерин жиликтеп алууга туура келет. Белгилүү болгондой, мурдагы өндүрүштүк кырсыктан кийин эле дароо кылмыш иши козголгон. Бул кийин экиге бөлүнүп, биринде өндүрүштүк кырсыктын келип чыгышы, ал эми экинчисинде ЖЭБди модернизациялоо процесси иликтенип келгенин назарга тутуу керек.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып,  минус 20 градустан ашкан катуу суукта республикабыздын баш калаасынын тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым эле жыл мурда модернизацияланды делген жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп,  Кытай карызга берген 386 миллион доллардын максаттуу пайдаланылышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан. Бишкек ЖЭБинде жүз берген бул кырсыкты өлкөдө коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштүн башталгыч чекити катары да карап жүргөндөр жаӊылышпайт.

Абдираим Мамытов

 

Окулду 742 жолу